Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:59 22.12.2022

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамдын алкагында Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясын берет. Бул тууралуу Associated Press жана CNN президент Жо Байдендин администрациясындагы булактарына таянуу менен кабарлады.

Маалыматка караганда, бул жолку жардам топтомунун жалпы баасы 1,8 миллиард долларды түзөт. Анын бир миллиарды Patriot комплексинин чыгымы. Бериле турган комплекстин так мүнөздөмөлөрү жана анын модификациясы белгисиз, бирок батареянын курамында адатта төрт ракетасы бар сегиз учуруучу, радар жана командалык пункт бар. Бул комплекс Украина үчүн атайын өндүрүлгөн эмес, Американын армиясындагы жабдыктардан деп болжолдонууда.

Комплексти берүүнү Коргоо министрлиги жактырышы керек. Ошондон кийин документке президент Жо Байден кол коё турганын CNN жазды. Каналдын үч булагы министрлик бул сунушту жактыра турганын айткан.

12:01 22.12.2022

Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинде кайрылуу жасады

Шаршембинин кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттардын Конгрессине кайрылуу жасады. Ал Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүүдө Украинага жардам көрсөткөнү үчүн америкалыктарга ыраазычылык билдирди.

"Украина украиналыктардын эрдиги, америкалыктардын колдоосу менен бекем турду, эми ал жеңишке жетет. Украина тирүү, күрөшүп жатат. Орусиянын ээнбаштыгы бизди башкара албай калды", - деди Зеленский Конгресстин эки палатасы катышкан жыйында сүйлөп жатып.

Украин президенти орус агрессиясынын мизин кайтарууну украиналыктардын жалпы коопсуздук үчүн күрөшү деп атады.

"Эгер биз Орусияны токтотпосок, ал силердин союздаштарыңарга кол салат. Бул согушту кийинкиге калтырууга болбойт, аны жеңиш керек", - деди.

Зеленский америкалыктардын Украинага көрсөткөн каржылык колдоосун "жалпы коопсуздук үчүн инвестиция" деп баалады.

Ал келерки жылы аскердик конфликтте бурулуш болорун божомолдоп, "Мен билем, бул Украинанын эрдиги жана америкалыктардын чечкиндүүлүгү өз баалуулуктарын жактаган адамдардын эркиндигин камсыздай турган учур", - деди.

Украин президенти Конгресске кайрылуусунда АКШнын Украинага жөнөткөн аскердик артиллериялары жетишсиз болуп жатканын, украин аскерлери америкалык техникаларды, танктарды, учактарды башкарууга жөндөмдүү экенине ишендирди.

Кайрылуунун соңунда Зеленский өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге Бахмутта алдыңкы катарда согушуп жаткан украиналык жоокердин колу коюлган Украинанын желегин тапшырды.

Зеленский конрессмендерге кайрылуу жасагандан мурда АКШ президенти Жо Байден менен ак үйдө жолугушкан.

11:59 16.12.2022
  • Украинанын башкы штабынын жетекчиси, генерал Валерий Залужный Орусия дагы жүз миңдеген жоокерди мобилизация кылып, Киевге жаңы чабуул жасаганы жатканын айтты.
  • АКШ Украинага "акылдуу бомба" жасоо үчүн жабдыктарды бериши мүмкүн.
  • Евробиримдик Голодоморду геноцид деп тааныды.
  • Херсонду атуу уланып жатат. Бир снаряд медициналык пунктка түштү.
11:54 16.12.2022

Украина жума ичинде

  • Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу Москвадагы "Сахарово" миграциялык борбору армияга кызмат өтөөгө байланыштуу кулактандырууну шаардагы коомдук транспортко кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде илүүдө. Жарыяда аскер кызматына бара турган болсо, Орусиянын атуулдугу жеңилдетилген тартипте берилери белгиленген.
  • “Чек арасыз кабарчылар”эл аралык уюмунун маалыматы боюнча, 2022-жылы дүйнө жүзүндө 57 медиа кызматкери каза болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 19 пайызга көп. Ошондой эле 65 журналист барымтада, 49у дайынсыз. 14-декабрда жарыяланган баяндаманын авторлору муну башка жагдайлар менен катар Украинадагы согушка да байланыштырууда. Украина быйыл медиа кызматкерлери үчүн Мексикадан кийинки экинчи эң кооптуу өлкө болуп калды. Чек арасыз кабарчылар уюму белгилегендей, 2022-жылы Украинада сегиз журналист өз милдетин аткарып жатканда каза болгон.
  • Франциянын Страсбург шаарында эркин ой жүгүртүү жана адамдын ар-намысын коргоо үчүн ыйгарылуучу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өттү. Украина эли быйыл анын лауреаты болду. Салтанатка Украинанын президенти Владимир Зеленский видеобайланыш аркылуу катышты. Чогулгандар өз жерин коргоп курман болгон украиналыктарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.
  • Орус аскерлери Украинага басып кирген 24-февралдан бери 154 украиналыкка сексуалдык зомбулук көрсөткөнү аныкталды. Бул тууралуу 13-декабрда Украинанын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Тергөөчүлөр орус аскерлери Херсондо төрт ай бою бир аялды такай зордуктап жүргөнүн аныкташкан. Херсондук дагы бир аялды жылаңачтап, денесине кайнак суу куюп, көпкө кыйнашкан.
  • Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-декабрда орус аскерлери Киевге Иранда жасалган 13 "Шахед" учкучсуз учактары менен чабуул жасаганын, алардын баары атып түшүрүлгөнүн билдирди. 14-декабрда эртең менен Украинанын үч облусунда – Киевде, Житомирде жана Винницада аба соккусунан эскерткен сирена жаңырган. Киев облустук аскер администрациясынын башчысы Алексей Кулеба абадан коргонуу иштеп жатканын айтып, тургундарды баш калкалоочу жайларда болууну суранган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG