Украина орус аскерлери 2022-жылдын 24-февралынан бери басып алган аймактарынын 40 пайызын бошотту. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Валерий Залужный жарыялады.
Залужный согуш башталгандан бери 100 миң орус аскери набыт болгонун кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда Украинадагы согушта 6 миңдей жоокер курман болгонун расмий тастыктаган. Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери ачык булактарга таянып, согушта 10 миңден ашуун орус жоокери набыт болгонун аныкташкан.
Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, расмий Киев былтыр согуш жүрүп жаткан аймактардан 600 миң адамды эвакуациялаган.
Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.
Би-Би-Си: Украинада мобилизация болгон 538 орусиялык каза тапты
Украинада согуш башталгандан бери мобилизация болгон 538 орусиялык каза тапты. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы менен бирге согушта өлгөндөр тууралуу маалымат чогултуп жаткан Би-Би-Си радиосу кабарлады.
Журналисттер эсеп жүргүзүүдө маалыматты ачык булактардан – орусиялык медиалардан жана аймактык бийликтерден алып жатканын, маркумдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Бул эсепке Донецк облусундагы Макеевка аймагындагы ПТУнун имаратындагы казармадага тийген ракетадан каза тапкандар кирген эмес. Учурда урандыны тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан өлгөндөрдүн тек-жайы белгисиз.
Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча 63 киши өлгөнүн тактады, көбү дайынсыз болууда. Телеграм-каналдар күбөлөргө таянып, Макеевкада каза тапкандар алда канча көп болушу мүмкүн экенин жазышууда.
Би-Би-Си радиосу жана “Медиазона” буга чейин 9-декабрда да согушта каза тапкандар тууралуу маалыматты жарыялашкан. Анда алардын эсеби боюнча жыл башынан бери 10 миң аскер каза тапкан, алардын 430у мобилизацияга тартылгандар болгон. 36 аскер Украинага жетпей эле аскер бөлүктөрүндө кайтыш болгон. Алардын өлүмү катары жүрөк оорусу, кырсык жана ичимдик ичүү көрсөтүлгөн.
Мониторингдин авторлору өздөрү түзгөн тизмедеги ысымдар согуш башталгандан бери Орусияда көмүлгөн маркумдардан 40-60% аз болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Журналисттер мындай ойго өлкөнүн бери дегенде 60 пунктунда жаңы пайда болгон көрүстөндөрдү карап чыккандан кийин келишкен.
Орусиянын Коргоо министрлиги 1-январда Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк облусунун Макеевка аймагына ракеталык чабуул жасаганын билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, HIMARS ракеталарынын соккусунда 63 орус аскери набыт болгон. Буга чейин Кремлге ыктаган каналдар жүздөгөн адамдар өлгөнүн кабарлашкан.
Украин армиясынын стратегиялык коммуникациялар департаменти өзүнүн Телеграм-каналында 400 киши набыт болгонун, дагы 300дөйү жараат алганын маалымдады. Донецк жикчилдеринин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы Игорь Стрелков (Гиркин) каза тапкандардын жана жарадар болгондордун санын "жүздөгөн" деп сыпаттап, кампадагы ок-дарылар жардырылганын айтты.
Сокку аскерлер жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайынын имаратына тийген. Окуя болгон жерден тартылган видеодон лицейдин имараты талкаланганы көрүнүп турат. Украин каналдары каза болгондор Самара облусунан мобилизацияланганын кабарлашты.
Бир кол салууда 63 аскердин өлүмү - Орусия согуш башталгандан бери моюнга алган эң чоң жоготуу болуп саналат.
Орус армиясы Украина менен согуштагы жоготуулары тууралуу так маалымат бербейт. Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.
Согуш маалында мындай маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери 18 миңдей жайкын тургун набыт болгонун билдирди. Арасында 429 бала бар. Эки тарап тең миңдеген аскерлерин жоготту.
Орус армиясы Украинанын чыгышында чабуулдардын күчөтүп, Херсон, Днепропетровск шаарларында жайкын тургундарга сокку урууда.
Украин армиясынын 28-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада орус тарап 33 жолу артиллериялык, бир жолу ракеталык чабуул коюшту.
Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Валентин Резниченконун айтымында, аймактагы карапайым эл жашаган үйлөр жана күн батареялары талкаланган.
Президент Владимир Зеленский ушул тапта Украинада тогуз миллион адам электр жарыгысыз күн кечирип жатканын билдирди.
Бир күн мурун украин кошуундары Донбасс фронтунун айланасындагы орус турумдарына сокку урган. Август айынан бери Донецк облусундагы өндүрүштүк шаар саналган Бахмут үчүн айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.
Reuters агенттиги орус президентинин администрация башчысынын биринчи орунбасары Сергей КириенкоУкраинанын түштүгүндө орус күчтөрү көзөмөлдөп турганын Запорожье АЭСине барганын 28-декабрда жазды. Ал жакта Орусия дайындаган аткаминерлерден менен станциядагы коопсуздукту талкуулаганы айтылууда.