Украинанын башкы штабы: Соледар үчүн кармаш уланууда
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы фронттогу абал тууралуу маалымат берип, Донецк облусундагы Соледар шаары үчүн кармаш уланып жатканын билдирди.
“Бахмут багытында каршылаш Спорное, Белогоровка, Раздоловка, Яковлевка, Соледар, Красная Горка, Бахмут, Клещеев, Курдюмов, Дружба жана Пивничноени аткылады. Соледар үчүн кармаш уланууда”, - деп айтылды маалыматта.
Украинанын куралдуу күчтөрү бир сутка ичинде (13-январь) орусиялык армия жайгашкан тогуз сокку урганын белгиледи. Ракеталык бөлүк жана артиллерия башкаруу пунктун, атайын күчтөр жайгашкан алты районду, бир зениттик-ракеталык комплексти жана Орусия Федерациясынын курал-жарак сакталган үч кампасын жок кылган.
13-январда Орусиялык күчтөр Соледарды алганын билдирген. Украиналык күчтөр муну четке кагып, шаар үчүн кармаш уланып жатканын билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык таанымал 119 кишиге санкция салган жарлыкка кол койду.
Өлкөнүн коопсуздук кызматы даярдаган тизмеде режиссёр Никита Михалков, куудул Евгений Петросян, саясат таануучу Александр Дугин, мамлекеттик "Россия сегодня" маалымат агенттигинин жетекчилери Маргарита Симоньян жана Дмитрий Киселёв, алып баруучу Жанна Бадоева, актерлор Дмитрий Дюжев, Дмитрий Харатьян, Михаил Галустян, ырчы Лолита Милявская жана футболчу Анатолий Тимощук бар.
Ошондой эле Киевдин "кара тизмесине" Сергей Лазарев, Александр Панайотов, Лариса Долина, Валерий Кипелов, Ирина Аллегрова, Филипп Киркоров, Стас Пьеха, Михаил Шуфутинский, Анита Цой, Сергей Бобунец, Василий Вакуленко (Баста) жана башка шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү илинген.
Санкцияда алардын Украинадагы активдерине бөгөт коюу, соода операцияларын чектөө, Украинанын аймагы аркылуу өтүүгө тыюу салуу, өлкөнүн мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, виза бербөө жана башка чаралар каралган.
Зеленскийдин украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) 13 кызматкерин жарандыктан ажыраткан жарлыкка кол койгону 7-январда белгилүү болду. LB.ua басылмасы өз булактарына таянып, жарлык 28-декабрда чыкканын жана анда жеке маалыматтар камтылгандыктан ачык жарыяланбаганын жазды.
Маалыматк караганда, сөз Тульчин жана Брацлав митрополити Ионафан тууралуу болуп жатат. Украинанын Коопсуздук кызматы буга чейин митрополитти "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп шек санаган.
Мамлекеттик миграция кызматына дин кызматкерлеринин жарандыгы алынганы тууралуу билдирүү түшкөнү айтылууда. Басылма алар депортацияланышы мүмкүн экенин белгилеген.
Соңку айларда Украинанын Коопсуздук кызматы өлкө аймагындагы православ чиркөөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында укук коргоо кызматкерлери "Украинага каршы көп сандагы материалдарды", ошондой эле епархия түзүмдөрүнүн жетекчилигинде орус жарандыгы барлар бар экенин тастыктаган документтерди табышканын "Азаттык" радиосунун украин кызматы билдирди.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага басып киргенден бери 111 миң 170 аскеринин айрылганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 8-январда билдирди.
Киев адатта майдандагы жоготууларды Батыш өлкөлөрүнүн эсебинен көбөйтүп берет. Согуш маалында эки жактын тең жоготуусун көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Киев соңку 24 саттагы чабуулдарда кеминде эки киши набыт болуп, тогуз адам жарадар болгонун кабарлады. Чыгыштагы Донецк, түндүк-чыгыштагы Харьков жана түштүктөгү Херсон облустарына сокку урулду. Запорожьенин жергиликтүү бийлиги орус күчтөрү шаардын чеке-белин “чачыратма ок-дары” менен аткылаганын билдирди.
Шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртаев соңку соккулардан “инфраструктара жабыркаганын” айтып, бирок чоо-жайына токтолгон жок.
5-январда Орусиянын президенти Владимир Путин православдардын Рождество майрамында Украинада ок атпоого буйрук берген. 36 сааттык ок атышпоо сунушун Киев «фронтто Москва өз армиясын күчтөндүрүүнү көздөйт» деп четке каккан.
7-январда Киевде жүздөгөн киши майрамдык диний жөрөлгөгө катышып, Украинанын православ чиркөөсүнүн башчысы, митрополит Епифаний таат окуду.
Епифаний Украина урушта моралдык жеңишке жетип, эрки күчтүү адамдар “Орусия империясы жараткан геноцид, террор жана көптөгөн согуш кылмыштарын айыптап жатканына” токтолду.
Эки жыл мурун Украинанын православ чиркөөсү Москванын патриархатынан бөлүнгөн. Украинанын чыгышындагы уруш 330 жылдан ашуун бирге болгон эки бир тууган элдин диний ишенимине да ажырым салган.
Украин бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Рождество майрамына карата бир тараптуу ок чыгарууну токтотуу чечимине карабай 7-январда орус армиясы тараптан аткылоо болгонун билдирди.
Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленконун айтымында, орус армиясы өткөн суткада бир катар калктуу аймактарды аткылады. Курахово шаарын аткылоодо эки көп кабаттуу үй жана оорукананын имараты жабыркап, бир адам жараат алган.
Бахмут жана Красная Гора шаарчасыеа урулган соккуда эки жайкын тургун набыт кетип, беш киши жарадар болгонун Кириленкого таянып "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Анда беш турак үй зыян тартканы да айтылат.