Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.

Харьков авиабомба жана дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:55 15.1.2023

15:47 15.1.2023

Орусиянын аскерлери 14-январда Украинанын аймагына эки жолу жапырт ракеталык чабуул жасады. Днепрде көп кабаттуу үйдүн бир тарабы кыйрап, каза болгондор 20га жетти. Бул тууралуу аталган облустун башчысы Валентин Резниченко кабарлады. Анын ырасташынча, дагы 40тай адам жабыркады, алардын арасында балдар бар. Аман калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

Донецк облусундагы Авдеевканы аткылоодо үч адамдын өмүрү кыйылды. Шаардын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Виталий Барабаш дагы үч адам жараат алганын кабарлады.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Днепропетровск районунда жарылуу болгонун, дагы бир ракета Голосеевск районундагы бош турган имаратка тийгенин билдирди.

Президенттин кеңсеси борбор шаардагы жана башка аймактардагы маанилүү инфраструктуралык имараттар бутага алынганын кабарлады. Мындан улам электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгы эскертилди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 14-январда үч жолу абадан сокку уруп, 50дөй ракеталык чабул жасады.

Орусиянын Коргоо министрлиги ишембидеги чабуулдарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган. Мындан улам электр энергиясы, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктар жаралган.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду.

21:57 14.1.2023

21:25 14.1.2023

Орус армиясы 14-январда Украинаны дагы ракета менен аткылады. Киев облустук аскер администрациянын башчысы Алексей Кулеба жарылуулар таңкы саат 6дан тарта башталганын, маанилүү бир инфраструктуралык объектте өрт чыкканын маалымдады. Ошондой эле 18 турак-жай жабыркаганы айтылды. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Днепропетровск районунда жарылуу болгонун, дагы бир ракета Голосеевск районундагы бош турган имаратка тийгенин билдирди.

Президенттин кеңсеси борбор шаардагы жана башка аймактардагы маанилүү инфраструктуралык имараттар бутага алынганын кабарлады. Мындан улам Харьков облусунда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгы эскертилди.

Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган. Мындан улам электр энергиясы, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктар жаралган.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду. Ушул тушта Украинанын Донецк облусундагы Соледар шаары үчүн айыгышкан согуш жүрүп жатат. Украин армиясы Соледарды орус күчтөрү көзөмөлгө алганын четке каккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG