Броварыдагы кырсык
18-январда эртең менен Киев облусунун Бровары шаарында тик учак кулап, Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын биринчи орун басары Евгений Енин, мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович курман болду. Тик учактагы тогуз киши тең набыт кеткени кабарланды.
Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Алдын ала маалыматка караганда 18 киши каза болду, алардын үчөө балдар. 22 киши ооруканага түштү, 10 наристе балдар үйүнүн тарбиялануучулары.
Жергиликтүү медиа кырсыкка кабылган тик учак Украинанын Коргоо министрлигине таандык экенин жазышты.
Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвкуацияланды.
Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Украинанын Днепр шаарында Орусиянын жапырт ракеталык соккусунан каза тапкандар 21ге жетти, арасында 15 жаштагы кыз бар. Бул тууралуу Днепропетровск облустук кеңешинин төрагасы Николай Лукашук жекшембиде билдирди. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
14-январда Орусиянын ракетасы Днепр шаарындагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, бир подъезди толук талкаланган. Урандылардын алдында калгандарды издөө, тазалоо иштери түнү менен уланганын Лукашук маалымдады. Анын айтымында, 73 киши жараат алды, арасында 14 бала бар. Уранды алдында калган 40 киши куткарылды, анын алтоо балдар. Дагы 30дан ашык жаран дайынсыз.
Ишембиде Орусия Украинага жапырт ракеталык чабуул койгон. Ар кандай үлгүдөгү ондогон ракеталар учурулган.