Украинанын президенти Владимир Зеленский экс-президент Виктор Януковичтин тушундагы көрүнүктүү саясатчыларды жарандыктан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ал өзүнүн видео кайрылуусунда маалымдады.
“Мен биздин мамлекетти агрессор тараптагылардан коргоо жана тазалоо үчүн дагы бир кадам жасап, тиешелүү документтерге кол койдум”, – деген Зеленский Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, аларда Орусиянын жарандыгы бар экенин белгиледи.
Жарлыктын тексти жарыялана элек. Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып жазгандай, жарандыктан айрылгандардын арасында Виктор Януковичтин айланасындагы саясатчылар бар.
Анын ичинде Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мурдагы катчысы Андрей Клюев, мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко, Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Александр Якименко жана мурдагы билим берүү министри Дмитрий Табачниктин ысымы аталды. Алардын баары Янукович качып кеткен 2014-жылдын февраль айынан кийин Украинадан чыгып кетишкен.
Зеленский мурдараак Жогорку Раданын бир нече депутатын, анын ичинде Орусияга өткөрүлүп берилген Виктор Медведчукту украин жарандыгынан ажыраткан. Аларда да Орусиянын жарандыгы бар экендиги маалымдалган.
Виктор Янукович 2010-2014-жылдары Украинанын президенти болгон. 2014-жылдын 22-февралында саясий кризистин фонунда аны Жогорку Рада кызматтан алган. Андан кийин ал Орусияга качып кетип, өзүн президент катары билдирүү жасап турган. Украинада Янукович сыртынан соттолуп, наамдары жокко чыгарылган.
Украина чыгышындагы кармаш
Орусиялык күчтөр Кременной районунда улам чабуул коюп жатат. Бул тууралуу "Согушту изилдөө институту" америкалык аналитикалык борборунун күнүмдүк отчетунда айтылат. Кременной жана Сватово - орусиялык коргоо күчтөрдүн Луганск облусундагы коргонуу пункттары. Бул аймактарга украиналык күчтөр жакындап келди, ошол эле маалда орусиялык күчтөр да ыңгайлуу позицияны ээлегенге аракет кылууда.
Мындан тышкары орусиялык күчтөр Бахмут жана Донецк районунда чабуулун улантып жатканы кабарланууда.
Украиналык күчтөрдүн Башкы штабы орусиялык күчтөр Кременной жана Бахмут районунда чабуулга өткөнүн, башка аймактардай эле чоң жоготууга учурап жатканын билдирүүдө.
- Орусиянын армиясы Украинага караштуу аймактар: Лиман, Бахмут, Авдеевка, Новопавловка багытында чабуулун улантууда;
- Вашингтон Украинага 2,2 миллиард долларлык аскердик жардам бериле турганын жарыялады;
- Германия Украинага 88 даана "Леопард" танкасын берет;
- Украиналык аскер чалгын кызматы Путин мартка чейин Донецк жана Луганск облустарын басып алуу буйругун бергенин билдирди;
- Киевде 3-февралда Украина-Евробиримдиктин 24ү саммити өттү;
- Орусиялык армия басып алган Энергодарда машине жарылып, Орусиянын ИИМинин кызматкери каза болду.
Вашингтон Украинага берилип жаткан аскердик жардамдын 2,2 миллиард долларлык жаңы пакети тууралуу жарыялады.
Анын алкагында Киев биринчи жолу GLSDB ракеталык кыймылдаткычы бар, 150 чакырымдык алыстыкка жетчү жогорку тактыктагы бомбаларды алат. Мындан сырткары бул пакетке Hawk зениттик ракеталык комплекстер, Puma учкучсуз учактары, Javelin танктарга каршы системалары жана HIMARS жапырт артиллериялык системаларына дүрмөттөр кошо келет.
Inside Defense басылмасы Пентагонго таянуу менен билдиргендей, жаңы жардамдын курамында ири калибрлүү пулемёттор, жогорку деңгээлде корголгон чопкутталган автоунаалар, көптөгөн ок-дарылар, байланыш каражаттары жана талаа жабдуулары да берилет.
АКШ буга чейин Украинага 80 чакырымдык аралыкка учуп жетчү гана ракеталарды берип келген. Ноябрда америкалык Boeing компаниясы өзү өндүргөн GLSDB ракеталарын Киевге жеткирүүнү сунуштаган.
АКШ, Европа өлкөлөрү, Жапония жана Австралия ушул кезге чейин Украинага ондогон миллиард долларлык жардам жеткирди. Анын ичинде көмөктөр аскердик, каржылык жана гуманитардык форматта келди. Негизги жардамды АКШ берди.
Былтыр 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен орус күчтөрү Украинага басып кирген. Бул аралыкта миңдеген карапайым тургун набыт болду.
Киев майданда 13 миңдей жоокери көз жумганын былтыр жыл соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6 миңдей аскерин жоготконун маалымдаган. Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар бышыктай электигин эске салабыз.