Украин коргоо министри Алексей Резников Орусия Украинага басып киргенинин бир жылдыгын утурлай жаңы чабуулдарга өтүшү мүмкүндүгүн айтты. Ал украин армиясы мындай чабуулдардын мизин кайтарууга даяр экенин 5-февралда Киевдеги маалымат жыйынында билдирди.
"Албетте, биз алардын кийинки чабуулдарына даярданып жатабыз. Биз алар символизмди жакшы көрөрүн билебиз. Алар ушуга чейин аракет кылып келишти. Бирок "атайын операциясына" бир жылдан бери кирише албай коюшту. Андыктан алар бир нерсе ойлоп табууга аракет кылат", - деди Резников.
Ал НАТОнун Украинага жөнөтүп жаткан жаңы танктары Киевдин Орусияга каршы контрчабуулдарында "темир муштум" болуп берерин айтып, Батыш мамлекеттерин украин армиясын аскердик учактар менен да камсыз кылууга чакырды.
Резников украин армиясы АКШдан ала турган узак аралыктагы ракеталарды Орусиянын негизги аймагына сокку уруу үчүн колдонбой турганын белгиледи.
Жекшемби күнү эртең менен Орусиянын күчтөрү Украинанын Харьков шаарын аткылады. Андан беш киши жарадар болгонун Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, ракетелардын бири шаардын борборундагы жайкын тургундар жашаган турак жайга тийген. Дагы бир ракета шаардагы университеттин имаратына олуттуу зыян алып келди.
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Орусия шаарды С-300 ракеталары менен аткылаганын алдын ала маалыматтарга таянуу менен билдирди.
Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат бере элек.
Учурда Харьковдогу чабуулдан жабыркагандардын санын тактоо иши жүрүп жатат.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын согуштагы жоготуулары 131 290 адамды түзгөнүн маалымдады. Бул тууралуу мекеменин 5-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.
Украин армиясынын жетекчилиги жаңыртылган маалыматында ушул күнгө чейин Орусиянын 3220 танк, 6405 чопкутталган транспортун жана 2226 артиллериялык системаларын жок кылганын тактады.
Мурдараак New York Times басылмасы америкалык жана башка батыш аткаминерлерине таянуу менен Украинада өлгөн жана жарадар болгон орус аскерлеринин саны 200 миңге чукулдаганын кабарлаган.
Соңку суткада Бахмут шаарында айыгышкан кармаш өтүп жатканын Орусиянын “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин билдирген.
Орус тарап аталган шаарды бир нече айдан бери басып алууну көздөп жатат, ушул маалга чейин калаа дээрлик талкаланып калганы маалымдалган. Украин президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Бахмут үчүн күрөшүн уланта берерин билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун билдирген. Аз күн мурда британиялык BBC каналы жана орусиялык Mediazona басылмасы чогуу жасаган иликтөөсүндө 13 миңден ашык орус аскери өлгөнүн ачык булактар аркылуу ырасташкан.
Украинанын өзүнүн жоготуулары тууралуу да маалымат бир кылка эмес. Мурдараак президент Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк согушта Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготконун маалымдаган. Ошол эле маалда айрым америкалык булактар New York Times басылмасына украин тарап да 100 миңдей аскерин жоготконун билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский экс-президент Виктор Януковичтин тушундагы көрүнүктүү саясатчыларды жарандыктан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ал өзүнүн видео кайрылуусунда маалымдады.
“Мен биздин мамлекетти агрессор тараптагылардан коргоо жана тазалоо үчүн дагы бир кадам жасап, тиешелүү документтерге кол койдум”, – деген Зеленский Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, аларда Орусиянын жарандыгы бар экенин белгиледи.
Жарлыктын тексти жарыялана элек. Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып жазгандай, жарандыктан айрылгандардын арасында Виктор Януковичтин айланасындагы саясатчылар бар.
Анын ичинде Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мурдагы катчысы Андрей Клюев, мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко, Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Александр Якименко жана мурдагы билим берүү министри Дмитрий Табачниктин ысымы аталды. Алардын баары Янукович качып кеткен 2014-жылдын февраль айынан кийин Украинадан чыгып кетишкен.
Зеленский мурдараак Жогорку Раданын бир нече депутатын, анын ичинде Орусияга өткөрүлүп берилген Виктор Медведчукту украин жарандыгынан ажыраткан. Аларда да Орусиянын жарандыгы бар экендиги маалымдалган.
Виктор Янукович 2010-2014-жылдары Украинанын президенти болгон. 2014-жылдын 22-февралында саясий кризистин фонунда аны Жогорку Рада кызматтан алган. Андан кийин ал Орусияга качып кетип, өзүн президент катары билдирүү жасап турган. Украинада Янукович сыртынан соттолуп, наамдары жокко чыгарылган.