Словакия Украинага советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-29 учагын жөнөтүү маселесин карайт. Мунун алдында расмий Киев Братиславага аскер учактарын жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган эле. Бул тууралуу Reuters агенттиги словак преьер-министри Эдуард Хегерге шилтеме кылып жазды.
“Украинанын президенти менден “мигдерди” жөнөтүүнү суранды. Киевден расмий өтүнүч келип түшкөндөн кийин буга байланыштуу сүйлөшүү жараянын баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү”,-деген Хегер.
Батыш өлкөлөрү буга чейин Украинага аскердик учактарды берүүдөн баш тартып келген.
10-февралда Орусия Украинанын түштүгүндө чабуулун көбөйтүп, өлкөнүн экинчи чоң шаары Харьковдун стратегиялык инфраструктурасына бир нече жолу сокку урду. Запорожьенин энергетика тармагына да чабуул жасалды. Запорожьенин шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртиев бир саат ичинде калаага 17 сокку урулганын, бул бир жыл мурун согуш башталагандан берки эң интенсивдүү чабуул экенин айтты. Харьковдо жергиликтүү бийлик жабыр тарткандарды жана талкаланган жайларды тактап жатат.
Эксперттер Орусия жердеги чабуулдарын күчөтүүнүн алдында аба соккуларын көбөйтүп жатканын белгилешет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку эки күндө Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.
Бейшембиде Зеленский Европарламентте туруп, Евробиримдик тарыхта биринчи жолу ушунчалык көп аскердик жардам көрсөтүп жатканына токтолду. "Биз согушуп эле эмес, өз институттарыбызды да бекемдеп жатабыз. Европа Биримдигине мүчө болобуз" - деди.
Украинанын Луганск жана Харьков облустарынын чек арасында орус күчтөрүнүн ири чабуулу башталды. Бул тууралуу Вашингтондогу согушту изилдөө институтунун (ISW) 8-февралдагы күнүмдүк баяндамасында айтылат.
ISW эксперттеринин ачык булактарга таянган корутундусуна ылайык, орус аскерлери Сватово-Кременная багытында, өзгөчө Сватоводон түндүк-батышта - Купянсктин жанында жана Кременнаянын батышында илгерилеп баратат.
Операцияларга кеминде үч ири орус дивизиясы катышып жатканы кабарланды.
Аскердик эксперттер орус күчтөрү бул аймакта былтыр колдон чыгарган позицияларын ээлөөнү көздөп жатканын белгилешет. Серепчилер боолгологондой, орус күчтөрүнүн резерви түгөнөр замат украин армиясы демилгени кайра колго алып, каршы чабуулга өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Луганск облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай орус армиясы 15-февралдан кийин аймактын батышына чабуул жасоо үчүн Луганскиде аскердик техниканы топтоп жатканын билдирген. Ушул эле датаны Financial Times гезитине украин армиясынын кеңешчиси деп тааныштырган жашыруун булак да айткан.
Москва буга комментарий бере элек.
Ал тапта Украинанын чыгышындагы Бахмут калаасында эки аптадан бери айыгышкан салгылашуу уланууда.
Орус армиясы 15-февралдан кийин Луганск облусунун батышына чабуул жасоо үчүн аймакка аскердик техникасын топтоп жатат. Бул тууралуу Луганск облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Гайдай "Белсат" телеканалына билдирди. Ушул эле маалматты Financial Times гезитине украин армиясындагы жашыруун булак да берген.
Аталган басылма чабуул мурда оурстар басып алып, кайра украиндердин көзөмөлүнө өткөн Кременная жана Лиман аймактарында башталышы мүмкүндүгүн жазды
4-февралда Украинанын Башкы штабы Кременнаяда орусиялык чабуулдун мизи кайтарылганын кабарлаган.
Москва бул билдирүүлөргө комментарий берген жок. Өз кезегинде орусиячыл булактар украин армиясы бул аймакта чабуул жасоого аракет көрүп жатканын жазышууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-февралдагы кайрылуусунда, орус армиясы февраль айында “мурдагы жеңилүүлөрдүн ордун толтурууга” аракет кыларын айтты.
24-февралда Орусия Украинага басып киргенине бир жыл толот.