Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын болжолдонгон жазгы чабуулу башталганын билдирди.
Ал Орусиянын Украинага басып киргенинин бир жылдыгына карата Би-Би-Сиге курган маегинде каршы тарап бир нече багытта чабуул коюп жатканын айтты.
Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү орус аскерлеринин мизин кайтарып, каршы чабуулга өтүүгө кудуреттүү деп эсептейт, бирок бул үчүн Батыш өлкөлөрүнөн көбүрөөк жардам керектигин кошумчалады.
Ал Украинанын аймактарына байланыштуу Киев Владимир Путин менен компромисске барбай турганын дагы бир жолу белгиледи. Ар кандай аймактык компромисстер украин мамлекетин алсыратарын айткан президент Путинге ишенип болбой турганын да кошумчалады.
Америкалык чалгын кызматтары жана Батыш аналитиктери жыл башынан бери Москва согуштун бир жылдыгын туштап жаңы чабуул даярдап жатканын эскерткен.
Мурдараак Владимир Зеленский орус армиясы февралда “мурдагы жеңилүүлөрдүн ордун толтурууга” аракет кыларын айткан.
Акыркы күндөрү Орусия Украинага Батыштан заманбап аскердик техниканын жаңы партиялардын келишине каршы чабуул баштайт деген божомолдор көбөйдү.
Жакында Financial Times гезити аты аталбаган Батыш өлкөсүнүн эки чалгындоо булагына таянып, Орусия Украинанын чек арасына жакын жерде учактар менен тик учактарды топтоп жатканын, аларды ири чабуулдарга колдонушу мүмкүн экенин жазды.
Луганскинин жанынан жергиликтүү тургундар 42 жаңы көрүстөн тапты.
Алар бул тууралуу маалыматты социалдык тармактарга таратты. Би-Би-Синин журналисттери мүрзөдөгү ысымдар Орусияда түрмөгө кесилген адамдардын ысымына дал келерин аныкташкан. Алар каза болгондор “ЧВК Вагнер” ("Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) тарабынан согушка алынган туткундар болушу мүмкүн деп эсептешет.
Көрүстөн февралдын башында табылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аларга эч ким келген эмес. Алар мүрзөдө адамдардын ысымы жазылган тактайчалардын сүрөттөрүн дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча Интернет топторуна жайгаштырган. Андан кийин аларга аты-жөнү, фамилиялары окшош адамдардын жакындары жооп беришкен. Алар жакындары Орусиянын абактарында экенин, көптөн бери кабар ала электигин билдиришкен.
Би-Би-Си ачык булактардан Луганскинин жанындагы мүрзө такталарындагы жазууларга дал келген 37 адамдын шилтемесин таба алды. Алардын 35и орусиялыктар, бирөө беларус жараны, дагы бири Өзбекстанда төрөлгөн. Ачык маалыматтарга караганда, орус сотторунун сайттарында Луганскиде көмүлгөн 20 адамга карата сот өкүмдөрү жарыяланган.
Айрымдарынын жакындары алардын туугандары абакта "Вагнер" менен келишим түзүп, Украинага согушка кеткенин ырасташкан. Бирок алар "Вагнер" же Орусиянын Коргоо министрлигинен чалып, жакындары өлгөнү тууралуу кабар беришпегенин айтышкан.
Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.
“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.
27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.
Орусия Украинаны атышы мүмкүн деген "Искандерлер" спутникке түшүп калды.
"Свобода" радиосу орусиялык "Искандер" ракеталык комплексинин позициясынын сүрөтүн жарыялады. Сүрөт Брянск облусунда спутниктен тартылган. Комплекс 28-январда жана 1-февралда Унечск районундагы Алёновка кыштагына жайгаштырылган.
Сүрөттөгү объекттин көлөмү "Искандер" жабдыгына туура келет: 23X3.4 метр.
Спутниктен тартылган сүрөттөргө Аленовкадагы "Искандердин" чыгыштан түштүккө карай эки позициясы түшкөн. Экөөндө тең жабдуулар жер кыртышы менен жабылып, Украинага карап турат. Украин чек арасы менен Аленовканын ортосу 60 километр.
31-январда украин бийликтери аба коркунучун кыска мөөнөткө жарыялашып, Орусиянын аймагынан "Кинжал" жана "Искандер" учуп келиши мүмкүн экенин билдиришкен. Ракета кое берилгени тууралуу маалымат азырынча жок.
Бейшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын ракета жана дрондор менен аткылап, Украинанын абадан коргонуу системасы ишке киргенин Киев 16-февралда билдирди.
Украин куралдуу күчтөрү орус армиясы жалпысынан 32 жолу абадан жана деңизден ракета атканын, украиндер алардын 16сын атып түшүргөнүн билдирди.
Украин президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак өлкөнүн түндүк жана батышын, ошондой эле борбордук Днепропетровск менен Кировоград аймактарына сокку тийгенин айтты. Ермак абадан коргонуу системасы ракета менен дрондорду атып түшүргөнүн кошумчалап, бирок санын айткан жок. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек.
Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий орустардын түнкү чабуулунан аймактагы “өтө маанилүү инфраструктуралык жай” жабыркаганын кабарлады.
Украинанын чыгышында орус күчтөрү бир нече айдан бери артиллерия жана дрондор менен чабуулун улантып, карапайым жарандарды бутага алып жатканы тууралуу кабар үзбөй тарап жатат.
16-фералда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы украин армиясы 15 конушка койгон орустардын чабуулдарынан мизин кайтарганын жарыялады.
15-январдагы чабуулда Донецк облусунун алты тургуну набыт болуп, 13 киши жарадар болгонун губернатор Павел Кириленко Телеграм-каналына бейшембиде жазды.
Орусиянын аскердик күчтөрү Украинанын чыгышындагы Луганск аймагында украин армиясынын коргонуусун бузуп киргенин шаршембиде билдирди.
14-15-февралда Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери чогулуп, Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетүүнү сүйлөштү.