АКШнын президенти Жо Байден күтүлбөгөн жерден дүйшөмбү күнү Киевге барды.
Маалымат каражаттары Байден Владимир Зеленский менен чогуу сиренанын коштоосунда Украинанын коргоочуларынын мемориалына зыярат кылган видеону жарыялады.
Кийинчерээк президент Зеленский Телеграмга: “Жозеф Байден, Киевге кош келиңиз! Сиздин сапарыңыз бардык украиналыктарды колдоонун өтө маанилүү белгиси” деп жазды.
Байден Украинага канча колдоо керек болсо ошончо жардам берилерин айтты. Кошмо Штаттар соңку бир жылда Киевге аскердик жардам берүү жагынан алдынкы сапта болду.
Тышкы иштер министрлиги мурдараак Киевдин Батыштагы “негизги” өнөктөштөрүнүн бири келерин кабарлаган. Журналисттер жана социалдык түйүн колдонуучулары баш калаада таң эрте айрым көчөлөр жабылганын жазышты.
21-февралда Байдендин Польшага сапары башталат.
Мүнхен эл аралык коопсуздук боюнча конференциясынын жыйынтыгында Эстониянын президенти Кая Каллас Украина үчүн Евробиримдик тарабынан курал-жарак алып берүү процедурасын жарыялады. Бул сунушка ылайык, мүчө мамлекеттер Евробиримдикке каражат берген соң, ал курал өндүрүүчүлөр менен ири келишимдерди түзөт. Бул өз кезегинде өндүрүштүн көбөйүшүн шарттайт. Бул өңдүү программа COVID-19 пандемиясы маалында вакцинанын өндүрүшүн жеңилдетүү максатында түзүлгөн эле.
Каллас Европа бир айда өндүргөн артиллериялык снарядды Орусия бир күндө өндүрөрүн, орус өндүрүшчүлөрү күнү-түнү иштерин белгилеп, Евробиримдикти токтоосуз өндүрүштү кеңейтүүгө чакырды.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель бул сунушту колдой тургандыгын билдирди.
Конференциянын алгачкы күнүндө эле АКШнын вице-президенти Камала Харрис АКШ Украинаны канча зарыл болсо, ошончо колдой тургандыгын тастыктады.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба анын пикирин колдоп, Москваны Украинага каршы “геноциддик согуш” жүргүзүп жатат деп айыптады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон жана анын союздаштары Украинаны бекем колдой тургандыгын белгилесе , НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг эл аралык коомчулук Украинанын жеңишке жеткире турган нерсени бериши керектигин билдирди.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Мүнхендеги конференцияда дүйнөлүк коомчулукту Украинага жардамды күчтөп, тездетүүгө чакырды. Ал 6-7-марттагы Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу ушул маселеге арналарын билдирди.
Боррель Украина азыр курал-жарак жана аскердик техникадан өксүп турганын, мындан улам жакынкы апталарда жардамды тездетүү зарылдыгын айтты. Украинага танк берүү маселесин Европа өлкөлөрү абдан жай карап жатканын сындап, сөздөн ишке өтүүнү сунуштады.
Ал Украинага ири көлөмдө курал-жарак берген европалык өлкөлөрдүн кампасы бөксөрө тургандыгын, мындан улам алар келечекте аскер өндүрүшүнүн кубаттуулугун көбөйтүшү керектигин кошумчалады.
18-февралда Орусия Украинага кайрадан ракетадан сокку урду. Украин Куралдуу күчтөрү "Калибр” үлгүсүндөгү эки канаттуу ракета менен кеминде төрт жолу сокку урулганын билдирди. Билдирүүдө "эки ракетаны абадан коргонуу күчтөрү жок кылганы" жана Орусия тактикалык учактарды колдонгону да айтылат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинадагы ар бир чабуулунун укуктук кесепети болоорун билдирди. Ал бул аптада Орусиянын баскынчылык аракети үчүн жоопко тартуу боюнча өнөктөштөр менен конкреттүү макулдашууларга жетишкенин белгиледи.
Украинанын бийлиги Хмельницкий жана Николаев облустарында жарылуу болгонун кабарлады. Хмельницкий облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Гамалий эки ракеталык соккунун бири аскерий объектке тийгенин, ал жерде өрт чыгып, тез эле өчүрүлгөнүн тастыктады. Анын айтымында, эки киши жараат алган.
Шаар мэри Александр Симчишин үч билим берүү мекемеси, ондой көп кабаттуу үй зыян тартканын билдирди. Николаев облусунун башчысы Виталий Ким Телеграм каналына ракеталардын биринин сыныктарынын сүрөтүн жарыялап, "бул украиналык абадан коргонуу ракетасынын бөлүктөрү болушу мүмкүн" экенин кошумчалады.
Эртең менен аскер аналитиктери Кара деңизде "Калибр" үлгүсүндөгу 12 ракетаны каттаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Наталья Гуменюк Орусия ал ракеталардын жардамы менен “каалаган учурда” массалык сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.
Президенти Владимир Зеленский 18-февралдагы билдирүүсүндө, Орусиянын Украинага жасап жаткан ар бир чабуулуна конкреттүү юридикалык баа берилерин эскертти. Ал 17-февралда Германиянын Мүнхен шаарында эл аралык коопсуздук конференциясында видео кайрылуу жасап, азыркы кырдаал коргонуу жаатындагы макуудашуу, чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууну талап кылып жатканын, орус күчтөрүнүн мизин кайтарууда мындан башка жол жок экенин белгилеген.
Европанын жана АКШнын алдыңкы саясатчылары конференцияда Орусияны жана анын президентин жасаган кылмыштары үчүн эле эмес, мыйзамсыз басып алуу, согуш ачкандыгы үчүн да жоопко тартуу зарыл экенин талкуулады. Франциянын президенти Эммануэл Макрон учурда Москва менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын, азыр Орусия менен "диалог курчу учур эмес" экенине токтолду. Ал сүйлөшүүлөр “Украина тандайт” деген шартта гана жүрүшү мүмкүн экенин белгиледи.
"Европаны коргош үчүн Орусиянын баскынчыл согушу токтошу зарыл. Биз Украинага өз колдообузду үзгүлтүксүз көрсөтүшүбүз керек", - деди Макрон.
Конференцияга катышкан АКШнын вице-президенти Камала Харрис Орусиянын Украинадагы аракетин адамзатка каршы кылмыш деп атады.
“Орусиянын Украинадагы аракеттериндеги далилдерди карап чыктык. Биз укуктук нормаларды билебиз. Мунун баары адамзатка каршы кылмыш экенинен кымындай дагы күмөнубуз жок”, - деген Камала Харрис.
Ал бул согуштун глобалдык таасирине токтолуп, кайсы бир мамлекет башка бир өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуп жаткан маалда дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин коопсуздугу коркунучта болоорун кошумчалады. Укринанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба согуш башталганына бир жыл болуп калганын айтып, азыр дүйнө түштүгүндөгү өлкөлөргө чыгуу жолдору дагы талкуулана тургандыгын айтты.
“Трагедияга кептеген ири масштабдагы кол салуу башталганына бир жыл болуп калды. Биз Украинага каршы согуш 2014-жылы, Орусия Крымды аннекциялап алган кезинен башталганын унутпашыбыз керек. Бирок толук кол салуу 2023-жылы башталды. Биз дүйнө түштүгүндөгү өлкөлөргө кантип чыгууну, БУУдагы колдоону мобилизациялоону жана башка дагы көп тараптуу форматтарды талкуулайбыз"ю
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина жеңишке жеткиче, аны колдоо улантыла берерин билдирди.
"Украинанын коргоодогу тилектештик күчтүү. Бул жердеги бардык мамлекеттер Украинаны жеңишке жетишин чечкиндүү колдой турганын билдирип жатышат. Биз Украинага көрсөтүп жаткан ар тараптуу жардамыбызды өнөктөштөр менен дагы тыгыз координациялайбыз".
Мүнхен конференциясы 1962-жылдан бери өткөрүлөт. Быйыл 17-февралда башталган коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга 40тан ашуун мамлекеттердин президенттери, ар кайсы өлкөлөрдөн 90дон ашуун министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты. Орусия конференцияга 1999-жылдан бери катышып жүргөн.
2007-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Мүнхен конференциясында сүйлөгөндө АКШны жана анын союздаштарын "НАТОну кеңейтип жатат" деп сындап, бул Москва үчүн коркунучтуу экенин билдирген. Путиндин ушул сөзү Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен мамилесинин начарлашынын башаты болгон деп сыпатталат. 2022-жылы Кремль Мүнхен конференциясы "максатынан тайып баратканын" билдирип, биринчи жолу ага катышуудан баш тарткан.
Быйылкы жыйынга Москвадан расмий өкүлдөр чакырылган эмес. Бирок эл аралык жыйынга чет өлкөлөрдө иштеп жаткан бир катар орусиялык жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Алардын катарында Михаил Ходорковский жана Гарри Каспаров бар.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабдуу басып кирген. БУУнун маалыматында декабрдын башына карата согуштук аракеттердин натыйжасында 6702 украиналык жаран, анын ичинде 424 бала каза болгон. Уюм бул маалымат толук эмес болушу мүмкүн экенин билдирген. Согуш маалындагы бардык жоготууларды бир нече көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес экенин да эске салабыз.