Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:42
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.

Түз ободо Харьков авиабомба жана дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:35 21.2.2023

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Москванын Стратегиялык чабуул койчу курал жөнүндөгү келишимден убактылуу чыгып жатканы тууралуу билдирүүнү «өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз кадам» деп атады. Блинкендин айтымында, Вашингтон Орусиянын аракеттерине жакындан байкоо салып, өзүнүн жана өнөктөштөрдүн коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө даяр турмакчы.

АКШнын башкы дипломаты ошондой эле Москва менен курал-жаракты чектөө тууралуу сүйлөшүүлөргө кайтууга ар дайым даяр экенин белгиледи.

21:30 21.2.2023

Путин Украинадагы урушту "Батыш баштады" деп актанды

"Алар согушту баштады. Биз аны токтотуу үчүн күч колдонуп жатабыз", - деген таризде башталган Владимир Путиндин Федералдык кеңешке эки саатка чукул кайрылуусунун биринчи бөлүгү Украинадагы уруш үчүн Батышты айыптоого багытталды.

"2014-жылдан тарта Донбасс кармашып, өз жеринде жашоо, өз тилинде сүйлөө укугун талашты. Блокаданын жана такай атышуулардын шартында, Киев режиминин ачык жек көрүүчүлүгүнүн алдында багынып берген жок. Алар Орусия жардамга келерине ишенип күтүшкөн", - деди орус лидери.

Путин Орусия украин эли менен согушкан жок, украиндер "Киев режими менен Батыштагы кожоюндарынын барымтасында калды" деп актанды. 2014-жылы Украинада болгон элдик толкундоону "мамлекеттик төңкөрүш" деп, Кремлдин эски аныктамасын кайталады.

Путин орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө, ыктыярчыларга, дарыгерлерге, Орусия күч менен каратып алган Украинанын аймактарынын тургундарына ыраазычылык билдирип, согушта набыт болгондорду бир мүнөт үнсүз эскертишти.

Ошол эле маалда Украинадагы урушта өлгөн жоокерлеринин санын айткан жок. Бейрасмий түрдүү булактарда майданда 14 миңден 50 миңге чейинки орусиялык жок болгону белгиленет. Путин аскер кызматкерлерин колдоо фондун түзүүнү тапшырды, бирок ага акча кайдан алынарын айтпады.

Экономиканын эсин оодарган жыл

"Батыш бизге каршы согуштук, маалыматтык гана эмес, экономикалык фронт ачты, бирок андан эч бир жерде майнап чыккан жок, чыкпайт дагы", - деген Путин "Орусия экономикалык өсүштүн жаңы циклине киргенин" белгилеп, өлкөгө инвесторлорду чакырды.

Бирок Путиндин айтканы орус экономикасынын чыныгы абалын чагылдырбайт. Быйыл январда бюджеттин тартыштыгы эң жогорку чекке - 1,8 трлн. рублге жетип, соңку бир нече он жылдыктагы эң чоң көрсөткүч болду.

Санкциялардан сырткары бюджеттин чыгымы такай көбөйүп, февралдын ортосунда 4,9 трлн. рублге чыкса, киреше триллионго жеткен жок. Жыл башында адистер өлкөнүн резерви бир же эки жылга жетет деп эсептешкен, бирок Путиндин жаңы кайрылуусунда мындай сандар камтылган жок.

Президенттик шайлоо

Путин 2024-жылга белгиленген президенттик шайлоо Конституцияга жана бардык демокаратиялык нормаларга шайкеш өтөт деп убада берди. Бир катар орус басылмалары бийликке жакын булактарына таянып, алдыдагы шайлоодо Путиндин талапкерлигин көрсөтүү сценарийи Кремлде талкууланып жатканын былтыр жыл соңунда жазышкан.

2020-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2024 жана 2030-жылдагы шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берген.

2000-жылдан бери мамлекетти башкарып келаткан 71 жаштагы Путин шайлоого катышабы же жокпу, азырынча унчуга элек.

Эл аралык мамиле

Москва Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу жөнүндө эл аралык келишимди аткарууну убактылуу токтоторун жарыялады.

"Эгер АКШ сыноо өткөрсө, биз дагы аны жасайбыз", - деген Путин "Орусия биринчи болуп сокку урбайт" деди. НАТОнун көздөгөнү Орусияны алсыздандыруу экенин, орус авиациясына соку урууга "түздөн- түз"катышы бар деп Батышты айыптады.

Эл аралык келишимге ылайык, НАТОнун мүчөлөрү Орусиянын өзөктүк жайларын текшерүүнү көздөгөнүн, бирок ушу тапта ал мүмкүн эместигин кошумчалады.

2010-жылы эл аралык документке Вашингтон менен Москва жетишкен. Ал 2021-жылы узартылгандан кийин 2025-жылга чейин иштемек. Келишимде асыресе тараптардын өзөктүк стратегиялык куралынын арсеналын чектөө каралган.

Былтыр августта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва атомдук жайларын Вашингтондун инспекциясынан убактылуу чыгарганын билдирип, себеп катары «АКШнын кас саясатын» атаган.

Украинага кол салгандан кийин Москва өзөктүк куралдарды толук даярдыкка келтиргени маалым болгон. Кремлдин өкүлдөрү жана мамлекеттик медиа Орусиянын атомдук курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн азыркыга чейин ишарат кылып жүрөт.

Шейшембинин кечинде Польшанын баш калаасы Варшавада АКШнын президенти Жо Байден да чыгып сүйлөй турганы маалым болду.

20-февралда Байден күтүүсүздөн Киевге барып, бир жылдан бери согуш азабын тартып жаткан украин элине колдоосун билдирген. Америкалык лидер Кошмо Штаттар Украинага канча керек болсо, ошончо жардам берерин айтты. Былтыр 24-мартта Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаган күндөн тартып Вашингтон Киевге жакындан колдоо көрсөтүп, аскердик жардам бергендердин сап башында турат.

16:38 21.2.2023

Жапониянын өкмөтү талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд. доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида 20-февралда өткөн Токиодогу глобалдык форумда билдирди.

Ал украин президенти Владимир Зеленскийди “Чоң жетинин” (G7) онлайн саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулайт.

Согуш башталгандан бери Жапония Украинага 600 млн. доллар өлчөмүндө каржылык жардам пакетин жана дагы жүздөгөн миллион долларга эсептелген гуманитардык жардамдарды жөнөткөн.

Орусияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга Жапония дагы кошулган. Өлкө Орусияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары, радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабууларды берүү токтогон. Жапония орус жарандарына жана компанияларына да санкция салган.

23:00 20.2.2023

20-февралда Киевдин борборундагы көчөлөр, башкы темир жол вокзалынан АКШнын элчилигине чейинки жол жабылды. АКШнын президенти Жо Байден күтүүсүз сапарын абадан коргонуу системасынын эскертүүсү жаңырып турган маалда украин президенти Владимир Зеленский менен согушта курман болгондордун элесин эскерүүдөн баштады.

20-22-февралда Байдендин Польшага сапары белгиленген. Ал 21-февралда поляктардын президенти Анжей Дуда менен кездешет. New York Times гезити Байден Киевге поезд менен барганын жазды.

"Бул - Украина үчүн эң маанилүү кездеги колдоо. Америкалык коомчулук бул трагедия, кеңири масштабдагы согуш башталгандан тарта биз менен чогуу болду", - деген Зеленский Ак үйдүн администрациясына, Конгресске ыраазчылык билдирди.

"Бул биздин өлкөлөр үчүн тарыхый көз ирмем" ,- деди украин лидери.

Байден Украинага канча колдоо керек болсо ошончо жардам берилерин айтты. Кошмо Штаттар соңку бир жылда Киевге аскердик жардам берүү жагынан алдыңкы сапта турду.

Ал украин эли өз мамлекетин коргоо үчүн бир муштумдай бириге алганын жогору баалады. "Киев менин жүрөгүмдү ээлеп алды" деген америкалык лидер согуш алааматы каптаган бир жылдан бери Киевдин багынбай турган кайратмандыгына шыктанып, "Украина турат. Демократия турат" - деди.

"Украиндер үчүн мунун баасы эң кымбат болду. Жоготуулар дагы өтө көп", - деген Байден Киевге сегизинчи жолу келгенин кошумчалады.

Ак үй билдиргендей, Байден Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү жана Киевге дагы аскердик жардам берүүнү, анын ичинде заманбап артиллериялык система, ок-дары, танктарга каршы жабдыктарды, аба мейкиндигине көз салчу радарларды жеткирүүнү көздөйт.

Майдандагы кармаш

Орус күчтөрү соңку күндөрү Украинанын Луганск, Донецк жана Запарожье облустарына 10 ракета атып, 25 жолу абадан чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү 20-февралда билдирди. Киев орустардын Су-25 чабуул койчу учагын жана эки белгисиз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн жарыялады. Чабуулда карайым элдин арасында мүрт кетип, жарадар болгондор бардыгы расмий билдирүүдө айтылат.

Донбасстагы Угледар шаарынын аймагында орустар «бир топ жоготууга учураганын» Киев жекшембинин кечинде билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьков облусунун Лиман жана Купянск шаарларына сокку жасалганын маалымдады. Донецк жана Запорожьенин шаарларына, Хмельницкий облусундагы украин армиясынын артиллериясына сокку урганын жарыялады.

Апта соңунда өткөн Мүнхендеги эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путин өз армиясын Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан чыгарып кетмейинче Киевге аскердик, саясий, гуманитардык жана каржылык жактан колдоону улантууну бир добуштан макулдашты.

АКШнын, Германиянын, Британиянын жана Франциянын саясатчылары "Путин бул согушта жеңбеши керек" деген көз карашты бекемдешти.

Мүнхенге Москвадан расмий өкүлдөр келген жок. Орус оппозициясынын атынан Гарри Каспаров, Михаил Ходорковский, Жанна Немцова, Ирина Щербакова чыгып сөз сүйлөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG