Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери сегиз миңден ашуун карапайым адам набыт кеткенин билдирди.
Жаңы баяндамага ылайык, былтыр 24-февралдан быйыл 15-февралга чейинки аралыкта каза болгону аныкталган 8006 кишинин 487си балдар. Жараат алган 13 287 кишинин 1000ге жакынын балдар түзөт.
Өлгөндөрдүн, жарадарлардын эң көбү Донецк жана Луганск облустарында: бул аймактарда бир жылда 4295 адам каза болуп, 7327си жараат алды.
Карапайым калктын көбү ракеталык соккулардын курмандыгы болгон. Баяндаманын авторлору согуш учурунда маалыматтарды тактоонун кыйынчылыгын эске алганда, каза болгондордун чыныгы эсеби мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилешет.
Буга чейин Украинанын Улуттук полициясынын Башкы тергөө башкармалыгы 16 миңден ашуун украиналык согушта өлгөнүн билдирген.
Андан тышкары, Киев майданда 13 миңдей жоокери курман болгонун былтыр жыл соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6 миңдей аскерин жоготконун маалымдаган.
Би-Би-Си жана Mediazona басылмасынын журналисттери улантып жаткан иликтөөдө согушта орус армиясынын катарында набыт болгон 14 709 кишинин өлүмүн тастыктаганын 17-февралда жарыялаган.
Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген.
АКШ президенти Жо Байден Варшавада Украинага тилектештик билдирген сөзүн "Бир жыл мурун дүйнө Киев кулайт деп даярданган. Бирок Киев турат жана болуп көрбөгөндөй туруштук берүүдө, эң негизгиси Киев эркин" деп баштады.
Америкалык лидер Орусия кошуна өлкөсүнө басып киргенде "дүйнө сыноого туш болгонун, демократияга коркунуч жаралганын" айтып, бир жылдан кийин "биз кубаттуу болуп чыкканыбызды айта алабыз, мындан ары да суверенитет жана агрессияга каршы туруу укугу үчүн күрөшөбүз" деп белгиледи.
"Украин элинин өз жерине болгон сүйүүсү жеңет, биз мурдагыдай эле демократияны коргой беребиз. Украина эч качан Орусиянын агрессиясынын курмандыгы болбойт", - деп айтты Байден.
Орусиянын күчтөрү Украинанын Херсон шаарынын борборуна сокку урду. Бул тууралуу Херсонду коргоо комендатурасынын башчысы Дмитрий Плетенчук билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анын айтымында, снаряддар шаардын борборундагы коомдук транспорттун аялдамасына тийген. Каза болгон жана жараат алгандардын так саны белгисиз.
Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак алты адам каза болуп, жараат алгандар да бар экенин айтты.
Херсондун администрациясынын маалыматына караганда, 21 киши жараат алды, анын 16сы ооруканага түштү.
Путиндин билдирүүсүн НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг да айыптап, Орусия эл аралык коопсуздуктун архитектурасын атайлап бузуп жатканын билдирди. Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин айтымында, Москва «кансыз согуш» аяктагандан кийин орногон коопсуздук системасын кыйратып жатат. Ушундай эле дооматты Путин шейшемби күнкү кайрылуусунда Батыштын дарегине айткан.