Жапон өкмөтү Орусияга карата санкциялардын санын көбөйтүп, экспортто да жаңы чектөө киргизмекчи. Бул тууралуу "Чоң жетинин" (G7) лидерлеринин онлайн саммити учурунда Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида билдирди.
Анын маалыматына караганда, орусиялык 120 ишкердин жана компаниялардын активдери тоңдулурат. Мындан тышкары дрондордун тетиктерин Орусияга сатууга тыюу салынат. Ошондой эле Орусияга мунай өндүрүүгө керектелүүчү, компьютердик жана электрондук жабдууларды, 3D-принтерлерди экспорттоону чектейт.
Ал эми Орусиядан арак, жыгачтын айрым түрлөрүн, станокторду жана алтын импорттоого тыюу салды.
Жапониянын "кара тизмесинде" жалпысынан 900 орусиялык жаран жана 450 ишкана-мекемелер бар.
Санкциялар Орусиянын Украинадагы согушту улантып жатканына жооп катары кеңейтилүүдө. Орусия менен Жапониянын мамилеси былтыр, 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин курчуган.
Жапония Орусиянын бул кадамын сындап, АКШ жана Европа өлкөлөрү жарыялаган санкцияларга кошулган.
Москва Жапонияны "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмесине кошуп, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери чечилбей келе жаткан маселелерди тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөргө чекит койгон. Жапон жарандарына Курил аралдарына кирип-чыгууга тыюу салган.
Түштүк Курилдеги Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин көзөмөлүнө өткөн. Союз бузулганда аралдарга анын мураскери катары Орусия ээ болуп, өзүнүн аймагы деп эсептейт.
Евробиримдик Орусияга каршы жаңы, онунчу санкциялар пакетин жарыялады. Анда орусиялык 121 адам жана ишкана бар. Санкцияга кабылган ишканалардын арасында Альфа-банк, "Тинькофф", Росбанк жана "Россия сегодня" медиатобу, RT Arabic жана Sputnik Arabic агенттиктери бар.
Банктардын активдери Евробиримдиктин аймагында тоңдурулуп, алар менен кызматташууга тыюу салынат, ошондой эле бул банктар SWIFT системасынан өчүрүлөт. Бирок банктардын өкүлдөрү Евробиримдиктин санкциялары алардын ишине жолтоо боло албасын айтышканын ТАСС жазып чыкты.
Биримдиктин "кара тизмесине" Орусиянын омбудсмени Татьяна Москалькова, Адам укугу кеңешинин төрагасы Валерий Фадеев, "Роскызматташтыктын" башчысы Евгений Примаков, дарыгер Леонид Рошаль, "Россия сегодня" медиасынын аткаруучу директору Кирилл Вышинский, "Биринчи каналдын" башкы директорунун орун басары Кирилл Клейменов, Regnum агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова да кирди.
Жаңы санкцияларга ылайык, өндүрүш, курал-жарак үчүн колдонулуучу товарларды Орусия аркылуу транзиттик жол менен ташууга, Орусияга атайын техника, тетиктерди жана электроника сатууга тыюу салынат.
"Кара тизмеге" алты миңден ашуун украин балдарын депортациялап, күчтөп асыроого бергендер да киргизилери мурдараак кабарланган.
Брюссел Орусияга карата санкциялардын 10-пакетин орус-украин согушунун бир жылдыгына - 24-февралга карата кабыл алууну пландаган. Чечим Польша чектөөлөр өтө эле жумшактыгын айтып, каршы чыкканына байланыштуу 25-февралда кабыл алынды.
25-февралга караган түндө расмий Варшава санкцияны орустардын алмаз, желим жана өзөктүк тармагы үчүн да киргизүү шарты менен макул болду.
Киев 23-февралда украин куралдуу күчтөрү Донецк жана Луганск облустарында орус аскерлеринин 90 чакты чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. Маалыматка караганда, Орусия Бахмут, Лиман, Авдеевка жана дагы бир нече шаар-кыштактарды артиллериядан аткылады. Украин армиясынын Башкы штабы “тынч жаткан айылдар, карапайым эл кайрадан азап чегүүдө” деп билдирди.
Аскердик талдоочулар бир нече айдан бери айыгышкан салгылашуулардын чордонунда калган Бахмуттун стратегиялык ролу анча чоң эмес экенин айтып, аны алуу Орусия үчүн символикалык мааниге гана ээ болмокчу деп белгилешет.
Британиянын чалгын кызматы орус армиясы Донецк облусундагы Угледар шаарын кайрадан аткылоого киришкенин, бир нече убакыттан бери майданда “ийгиликке жете албаганы менен, Орусия дагы бир чоң чабуул даярдап жаткан болушу ыктымал” деп күндөлүк бюллетенинде маалымдады.
19-февралда украин президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү Угледар үчүн кармашта “чоң жоготууларга” учураганын билдирген.
Ал эми орус президенти Владимир Путин “атайын операция” пландалгандай уланып жатканын шейшембиде Федералдык кеңешке кайрылуусунда кайталады.
24-февралда Москванын кошуна өлкөгө басып киргенине туура бир жыл болот.
"Досье" иликтөө борбору Орусиянын 2030-жылга чейин "Беларусту өз аймагына кошуп алуу" планы бар экенин жазды.
Журналисттер изилдеп чыккан документ "Орусия Федерациясынын беларус багытындагы стратегиялык максаттары" деп аталат. 2021-жылы даярдалган план 17 барактан турат. Аны Орусиянын президенттик администрациясы, Тышкы чалгын кызматы, Федералдык коопсуздук кызматы, Башкы чалгындоо башкармалыгы жана Башкы штабы иштеп чыккан.
Орусия бийлигинин документте көрсөтүлгөн саясий, коргонуу, соода жана социалдык максаттары үч категорияга бөлүнгөн – кыска мөөнөттүү (2022-жылга чейин), орто мөөнөттүү (2025-жылга чейин) жана узак мөөнөттүү (2030-жылга чейин).
Документте беларус тилине карата орус тилинин үстөмдүгүн орнотуу, беларус мыйзамдарын Орусиянын мыйзамдарына ылайыкташтырып өзгөртүү жана өлкөнүн коомдук-саясий, соода, илимий жана маданий турмушун өзүнө баш ийдирүү сыяктуу максаттар тизмектелген.
Соода-экономикалык мамилелерди шайкеш кылуудан тышкары Орусия 2030-жылга чейин Беларустун аскердик-саясий тармагын өз көзөмөлүнө алууну пландап жатканы көрсөтүлгөн. Орус чалгынынын планды ишке ашыруудагы негизги милдеттерине "улутчул жана батышчыл" күчтөрдүн таасирин чектөө, Беларус Конституциясын реформалоо ишин Орусиянын кызыкчылыгын эске алуу менен бүткөрүү киргизилген.
Мындан тышкары документте Орусия "интеграцияга кызыкдар болгон орусиялыктардын катмарын түзүү жана орус базарына ыктаган ишкерлерди көбөйтүү максатында" беларус жарандарына орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү жараянын баштай турганы жазылган.
Москва бул иликтөөгө комментарий берген жок.
Украина согушунда Беларус президенти Александр Лукашенко Орусияны колдоп келатат. Ал Владимир Путинге ыктаган чет элдик саналуу саясатчылардын бири.