Бахмутту коргоо уланып жатканын билдирди аймактык коргонуунун 112-бригадасынын пресс-офицери Андрей Ковалев.
"Орусиялык баскынчылар чабуул койгонго аракет кылганы менен бир дагы багытта ийгиликке жете алган жок. Мен азыр орусиялык баскынчылар Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка, Шахтерск багытында жылууга аракет кылып жатканын эске салам", - деди Ковалев "Донбасс.Реалии" радиосуна.
Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү коргонууну улантууда. Ошол эле маалда орусиялык аскерлер Бахмуттун жанында чоң жоготууга учурап жатышат.
"Бизде Запрожье облусундагы Токмак аймагында орусиялык баскынчылар крематорий жайгаштырганы тууралуу маалыматтар бар. Анда мобилизацияга тартылып, Бахмут багытында каза болгондордун да сөөгүн өрттөп жатышат", - деди Ковалев.
Офицер мындан тышкары каза болгон орусиялык аскерлерди аннексия болгон Крымга жеткирип, Симферополь аймагындагы крематорийде өрттөп жатканын да кошумчалады.
"Бахмуттун айланасында орусиялык баскынчылардын өздүк курамынын жоготуусу Чеченстандагы эки согушка караганда көп", - деди ал.
Буга чейин орусиялык ЧВК Вагнердин башчысы Пригожин Бахмут курчоого алынганын айткан. Украинанын Башкы штабы орусиялык күчтөрдүн Бахмутту курчоо аракети үзгүлтүккө учураганын билдирди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсү Нью-Делиде өткөн Raisina Dialogue жыйынында күлкү жаратты.
"Биз токтотууга аракет кылып жаткан согуш бизге каршы украин элин тукуруу менен жүрүп жатат", - деген Лавровдун сөзүнөн кийин залда отургандар күлүп жиберишкен.
Орусияда "жарым-жартылай" мобилизация жарыяланган беш айдан бери бул өлкөнүн Украинада өлгөн жарандарынын саны 1366 кишиге жетти. Анын 1619у абакта отурган, 1760 өз эрки менен баргандар. Бул тууралуу Би-Би-Си жана "Медиазона" бирге жүргүзгөн иликтөөдө айтылат.
Ачык маалыматтан алынган маалыматта журналисттер 16071 орусиялык аскер өлгөнүн аныктаган. Жоготуулардын үчтөн бири өз ыктыяры менен баргандарга, мобилизация болгондорго жана абактагыларга туура келет.
Журналисттердин маалыматында октябрдан марттын башына чейин мобилизация болгондордун 1314ү каза тапкан, алардын 52и Орусиянын аймагында чогултуу пункттарында же аскер бөлүгүндө жан берген. Журналисттердин айтымында, мобилизация болгондор арасында жоготуу мындан да чоң болушу мүмкүн. Анткени Украинада октябрдан бери өлгөн аскерлердин статусу ачык көрсөтүлгөн эмес.
Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары курчоого алынганын билдирди. Киев анадй маалыматты бышыктаган жок.
Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.
Reuters агенттиги украин аскерлери кармашты улантып, шаарды колдон чыгарбоого жан үрөп жатканын жазды.
Журналисттер Бахмуттан батыш тарапты көздөй кеткен жол аткыланып, Хромово кыштагындагы көпүрө зыян тартканын кабарлашты.
Украин армиясы 3-мартта таңга маал Бахмутта катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлаган. Донецк чөлкөмүндөгү бул стратегиялык калаада бир канча жумадан бери кармаш курчуп турат. Киев акыркы суткада шаарда орусиялык күчтөрдүн чабуулдардынын бир нечесинин мизи кайтарылганын билдирген.