Соңку кабарлар
- Брянск облусуна Украина тарапта согушкан "Орус ыктыярчылар корпусунун" жоокерлери кирип барганын моюнга алышты;
- Украинанын аскер күчтөрү орусиялык күчтөр Бахмутту курчап жатканын билдирди;
- Запорожьеде орусиялык ракета тийген үйдө кеминде беш адам каза болду;
- Херсон облусунда дрондор чабуулунан тогуз адам жарадар болду;
- "Медиазона" Орусияда мобилизацияга тартылгандардын саны 527 миңдей экенин жазды.
Украинанын Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө бир күн мурун тийген ракеталык чабуулдан каза болгондордун саны беш кишиге жетти. Дагы он адамдын дайыны чыкпай жатканын, сегизи жабыркаганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев 3-мартта билдирди.
Куткаруу иштери экинчи күн катары менен уланууда.
Орусия 2-мартка караган түнү Запорожьеге ракеталык чабуул жасаганда көп кабаттуу үйлөрдүн бири жарым-жартылай талкаланган. Жергиликтүү прокуратура калаа С-300 зениттик-ракета менен аткыланганын маалымдады.
Бир күн мурун Харьковдо жарандык объектилерге үч ракета атылганда бир канча киши жараат алган.
Жума күнкү расмий кабарларда Украинанын аскерлери өткөн суткада көптөн бери кармаш күчөгөн Бахмут, Купянск, Лиман, Авдеевка жана Шахтерск калааларында Орусиянын 85 соккусунун мизин кайтарганы айтылды.
3-мартка караганда түнү Орусиянын Коломна шаарынын үстүндө жарылуу болгону кабарланды. Укук коргоо органдары учкучсуз учактар жарылган болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Бирок анын чоо-жайы белгисиз.
Украинанын аскерлери өткөн суткада өлкө түштүгүндөгү Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтерск багытындагы орусиялык аскер күчтөрдүн 85 соккусунун мизин кайтарды. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады.
"Душмандар эл аралык гуманитардык укук нормаларын бузууну улантып жатат. Орусиялыктар Донецк, Запорожье, Херсон облустарына абадан 31 жана ракетадан үч жолу сокку урду. Жайкын тургундар арасында жарадар болгондор бар, көп кабаттуу жана менчик турак жайлар зыян тартты. Реактивдүү аткылоо системалары 88 жолу атылганы катталды", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрү.
3-мартта Украинада эртең мененки саат 9:00дөн кийин абадан сокку урулушу мүмкүндүгү жарыяланды. Буга байланыштуу аймактарда ракеталык чабуул жасоо ыктымалдуулугу тууралуу эскертүү берилди.
Мунун алдында түштүк Украинанын коргонуу күчтөрүнүн бириккен координациялык басма сөз борборунун спикери Наталья Гуменюк Орусия азыр Украинага тактикалык сокку уруу жолдорун издеп жатканын айткан.
Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Бахмутта салгылаш күчөгөнү Орусиянын маалыматтык өнөктүгү "ашыкча активдешкенин" айткан.
"Чоң жыйырма": Блинкен менен Лавровдун күтүлбөгөн сүйлөшүүсү
Украинада уруш уланып жаткан маалда дүйнөдөгү чоң экономикасы бар 40 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Нью-Делиге чогулуп, глобалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты. Украинада согуш башталганы өз ара алакасы кескин солгундап кеткен АКШнын, Орусиянын, Кытайдын башкы дипломаттары дагы жыйынга келген. "Чоң жыйырмада" Москванын Украинадагы агрессиясын айыптаган орток пикир жок.
Нью-Делидеги жыйындын башка темасы мурда күтүлгөндөй эле экинчи жылга аяк баскан Украинадагы согуш болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң чоң кыргын салган жаңжал басылбай, анын айынан алдыңкы экономикасы бар мамлекеттер ортосунда бир консенсуска келүү катаалдашты.
"Чоң жыйырмага" дүйнөдөгү 19 мамлекет жана Европа Биримдиги кирип, глобалдык экономиканын 85% үлүшү жана Жер бетиндеги калктын үчтөн эки бөлүгү туура келет.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жыйынды ачып, Нью-Делиге келген министрлерди глобалдык көйгөйлөргө келгенде орток пикир табууга чакырды.
"Дүйнөдө бөлүнүп-жарылуу тереңдеп турган маалда жолугуп жатабыз, - деди Моди. - Ар бириңердин өз көз карашыңар бар, ошол эле маалда биздин максат чыңалууну чечүүнүн жолун табуу. Дүйнөдө алдыңкы экономикасы бар өлкөлөр бул жерге катышпагандар үчүн дагы жооптуубуз".
Быйыл экономикалык блокко төрагалык кылган Индия Орусиянын Украинага басып киргенин ачык айыптаган эмес жана тескерисинче, Москва менен дипломатиялык алакасын күчөтүп, орус мунайын сатып алууну кескин көбөйткөн.
Нью-Делиге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Кытайдын башкы дипломаты Цинь Ган жана башка чоң экономикасы бар мамлекеттердин делегациялары келди.
Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Украинадагы согушту токтотуу үчүн бекем бир позицияда экенин билдирген.
"Бул согушту айыптоо керек, - деди жыйынды утурлай Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель. - Индия өзүнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Орусияга согуш бүтүшү керектигин айтат деп ишенем.
Блинкен "Чоң жыйырманын" жыйыны "Орусиянын Украинадагы жүйөсүз жана акылга сыйбаган согушу уланып жаткан маалда өтүүдө" десе, Лавров Батышты украин данын экспорттогон макулдушууну "жок кылгысы келип жатат" деп айыптады.
Нью-Делидеги жыйында Блинкен менен Лавров жолукту. 10 мүнөткө жетип-жетпеген сүйлөшүүдө алардын ортосунда эмне сөз болгону толук белгисиз.
Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтканына караганда, Блинкен Вашингтон Киевди колдой турганын кайталап, Москваны өзөктүк куралды чектөө келишимине кайтууга, АКШнын жараны Пол Уиланды абактан бошотууга чакырды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки дипломат жолукканын гана тастыктап, толук кандуу сүйлөшүү болбогонун белгиледи.
Reuters агенттиги ишенимдүү булагына шилтеме берүү менен Москва жакын арада өз позициясын өзгөртүүгө даяр экендигин ишарат кылбаганын маалымдады.
Блинкен менен Лавров Украинада уруш башталганы биринчи жолу кездешти. Мамлекеттик катчы Индияга сапар алардан мурун Ташкентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Нью-Делиде Орусиянын да, Кытайдын да тышкы иштер министрлери менен жолугуу планы жоктугун айткан.
Эки министр былтыр июлда Балиде өткөн жыйында бир залда отурган. Бирок ал жерден Лавров чыгып кеткенин башка расмийлер билдирген. Алар былтыр январда Кремлдин Украинадагы "атайын операциясынан" бир нече апта мурун кездешкен.
"Чоң Жыйырманын" башкы дипломаттары Москва менен Бээжиндин позицияларынан улам Украинадагы согушту токтотуу тууралуу биргелешкен билдирүү жөнүндө бир пикирге келе алган жок. Документте негизинен экономикалык маселелерге, Украинадан дан азыктарын чыгаруунун маанисине басым жасалган.
Өткөн аптада блокко кирген өлкөлөрдүн финансы министрлеринин жыйынында дагы көпчүлүк Москванын агрессиясын кескин айыптаса, Кытай менен Орусия бирдиктүү билдирүүгө кошулуудан баш тарткан.