Орусиянын маалымат каражаттары жана Телеграм-каналдары бейшембиде эртең менен Украина менен чек аралаш Брянск облусунда куралдуу кагылыштар болгонун жазышты.
Маалыматтарда Любечане жана Сушаны деген эки айылга украин аймагынан диверсиялык чалгын топтору киргени айтылат.
Айылдардын биринде тартылган деген социалдык тармактарда тараган видеодо камуфляж кийген адамдар "Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" мүчөлөрү экенин, "ата мекенин бошотуу" үчүн келгенин айтышууда. Алар тынч эл менен эмес, Путиндин режими менен күрөшүп жатканын айтышкан.
Алардын бири украин куралдуу күчтөрүнүн алардын операциясынан кабары жок деп билдирди.
Маалыматка караганда, корпус украин армиясынын Эл аралык легионунун бир бөлүгүн түзөт. Ага украин тарапта согушкан орусиялык мигранттар кирет.
Украин президентинин кеңсесинин расмий өкүлү окуяны "чагым" деп атады. Ошол эле маалда Орусияда партизандык кыймыл кеңейип жатканын белгиледи.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Брянск облусунун Климовск районунда мамлекеттик чек араны бузган украиналык улутчулдарды жок кылуу операциясы" жүргөнүн билдирди.
Бир нече сааттан кийин ТАСС агенттиги "украиналык диверсанттар орус аймагынан чыгып кетти болушу мүмкүн" деп кабарлады. Жапырык маалында жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок. Ага чейин бир айдоочу окко учканын, 10 жаштагы бала жаракат алганы тууралуу кабар тараган.
Байкоочулар окуянын айланасында карама-каршы маалыматтар түшүп жатканын, бүдөмүк жерлер көп экенин белгилешет.
2-мартка караган түнү Украинанын Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан беш кабаттуу турак жай жарым-жартылай кыйрап, үч киши набыт болду. Украин полициясы дагы алты киши жаракат алганын билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Запорожье шаарына С-300 зениттик-ракета менен чабуул жасалган. Ракета 10 батирлүү беш кабаттуу үйдүн жарымы толук талкаланган. Урандылар алдынан 11 киши тирүү куткарылды. Издөө, куткаруу иштери уланууда.
1-марттынкечинде орус армиясы Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарынын инфратүзүмүнө сокку урганын облус жетекчиси Дмитрий Лунин кабарлаган.
Харьков облусунда жарандык объектилерге үч ракета атылып, жаракат алгандар болду. Мындан тышкары, Украинанын аймагына ирандык "Шахид" деген "жанкечти" дрондордон 16 жолу сокку жасалып, алты дронду Украинанын абадан коргонуу системасы атып түшүргөн.
1-мартта Полтава, Сумы сыяктуу Украинанын 10 облусунда аба чабуулу эки ирет эскертилди. (BCh)
2-мартка караган түнү Украинанын Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан беш кабаттуу турак жай толук кыйрап, үч киши набыт болду. Украин полициясы дагы алты киши жаракат алганын билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Запорожье шаарына С-300 зениттик-ракета менен чабуул жасалган. Ракета 10 батирлүү беш кабаттуу үйгө тийип, толук талкаланган. Урандылар алдынан 11 киши тирүү куткарылды. Издөө, куткаруу иштери уланууда.
1-марттынкечинде орус армиясы Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарынын инфратүзүмүнө сокку урганын облус жетекчиси Дмитрий Лунин кабарлаган.
Харьков облусунда жарандык объектилерге үч ракета атылып, жаракат алгандар болду. Мындан тышкары, Украинанын аймагына ирандык "Шахид" деген "жанкечти" дрондордон 16 жолу сокку жасалып, алты дронду Украинанын абадан коргонуу системасы атып түшүргөн.
1-мартта Полтава, Сум сыяктуу Украинанын 10 облусунда аба чабуулу эки ирет эскертилди.
Киев Орусиянын аймагында учурулган дрондорго тиешеси жоктугун айтууда. Президенттин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк “Украина Орусиянын аймагына чабуул жасабайт жана ал жерде кулап, жарылган пилотсуз учактарга эч кандай тиешеси жок» деп 1-мартта Твиттерге жазды.
Киев былтыр февралда Украинага кол салган Орусиядагы буталарга сокку урууга укуктуу экенин айтып, бирок согуш башталгандан бери кошуна өлкөдө болгон бир нече сокку үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуудан дайыма баш тартып келген.
“Украина өзүн коргоо үчүн согушуп жатат, оккупацияланган жерлерибизди кайтарууну максат кылабыз”, - деп билдирди Подоляк.
Шейшембиде бир суткада Орусиянын беш аймагында кыйраган учкучсуз учактар тууралуу маалымдалган. Москва облусунун Коломна районунда учкучсуз учак кулап түшкөн. Белгород облусунда үч дрондун калдыктары аныкталганын, дагы бирөө турак жайдын терезесине тийгенин жергиликтүү бийлик билдирди. Брянскинин үстүндө бир дрон атып түшүрүлдү. Адыгея жумуриятында “учуучу жабдыктын” сыныктары табылды. Дрон ошондой эле Краснодар крайындагы мунай базасынын аймагында аныкталды. Ал жерде өрт тутанган. Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги Краснодар жана Адыгеядагы дрондук чабуулдарды бышыктады. Жабыркагандар жок деп кабарланды.
Ошол эле күнү Петербургдун аба мейкиндиги “асмандагы белгисиз жабдыктан” улам жабылганы маалымдалган. Бирок министрлик аны “абадан коргонуу күчтөрүнун машыгуусу” катары түшүндүрдү.
Дрондордон эч ким жабыркабаганы менен 1-мартта орус президенти Владимир Путин абадан коргонуу күчтөрүнө чек араны жана аба мейкиндигин кайтарууну күчөтүү буйругун берди.
Орусия дрондорду учуруунун артында Украина турганын буга чейин айтып келген.