Немистердин Rheinmetall концерни Украинада танк жасаган завод куруу ниетин билдирди. Бул тууралуу РБК-Украина компаниясынын башчысы Армин Паппергерге таянып билдирди.
"Rheinmetall кеминде 200 миллион еврого жылына 400гө чейин Panther танкын чыгара турган завод кура алат. Украин бийлиги менен көптү убада кылган сүйлөшүүлөр жүрүп атат, чечим жакынкы эки айда чыгат", - деди Паппергер.
Rheinmetall заводунун жетекчилиги имаратты орусиялык авиациянын чабуулунан коргосо болот деп ишенет.
"Украинанын жеңиши үчүн 600дөн 800гө чейин танк керек, бирок бул үчүн өндүрүш оперативдүү түрдө иштеши зарыл", - деп эсептейт Паппергер. Ал Украинадагы согуш "дагы бир жылга созулушу мүмкүн" деген ойдо.
Запорожьедеги эл жашаган үйгө тийген орусиялык ракетанын айынан он адам каза болгонун Украинанын өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2-мартта орусиялык аскерлер С-300 ракеталык-зениттик комплексинен Запрожьеге чабуул коюшкан. Бир ракета эл жашаган көп кабаттуу үйгө тийип, 10 квартиралуу подъезд урап түшкөн. Уранды жана жарылуу толкуну тийген жакын аралыктагы үйлөр да жабыркаган. Өлкөнүн ӨКМ кызматы 11 адамды ( арасында кош бойлуу аял бар) куткарып, башка подъезде жашаган 20 жашоочуну эвакуация кылышкан.
Коммуналдык кызматтар имараттан чыккан 300 тоннадай калдыкты тазалашты.
Мобилизацияга тартылгандан кийин Орусиянын президенти Путинге видео кайрылуу жолдогондор Украинанын Авдеевка аймагында чоң жоготууга учурады.
Сибирь.Реалии басылмасына бул тууралуу аскерлердин туугандары билдирген.
Мобилизация болгондор видео кайрылууда алар эч кандай даярдыксыз, куралсыз, артиллерия жана чалгындоо тараптын колдоосу жок чабуулга өтүп жатканын билдиришкен.
Аталган 1439-полкто Иркутск облусунан баргандар басымдуу болгон. Аскерлер буга чейин да үч жолу кайрылуу жолдошкон.
Алар анда өздөрү баш ийген "ДЭРдин" Славян бригадасы мобилизация болгондорду түздөн түз өлүмгө айдап жатканын, согуштан баш тарткандарды автомат менен атканын айтышкан.
Видео кайрылуу жасагандар жетекчилик аскердик даярдыгы жок, кырк жаштан өткөн жана өнөкөт оорулуу адамдардан турган топтон чабуул койчу бригада түзгөнүнө даттанышкан.
Соңку кабарлар
- Орусиялык ракета Запрожьедеги үйгө тийип беш адам каза болду;
- Краснодардагы аскердик аэродромдун учуу-конуу тилкесине жакын өрт чыкты;
- УАК: орусиялык аскерлер Бахмутка чабуул коюшууда:
- АКШ Украинага жардамдын 400 млн. доллардык жаңы пакетин бөлүүдө;
- "Медиазона" орусиялык армиянын жоготуусу 527 миңге жеткенин жазды;