- автор Айнура Жекше кызы
Соңку маалыматтарга караганда, украин аскерлерлери Бахмут шаарын коргоону улантууда. Бирок Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жекшембиде чыккан бюллетенинде шаардын тагдыры жөнүндө айтылган жок. Ал арада Киев Орусияны согуш кылмыштары үчүн жоопко тартуу аракетин көрүп келатат.
Бахмут шаарынын айланасындагы кырдаал
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 5-мартта билдиргендей, акыркы 24 саатта каршы тарап негизги күч-аракеттерин Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтерск багыттарына жумшады. Маалыматка караганда, ал жактарда украин жоокерлери 130 чабуулдун мизин кайтарышты, кармаштарда 930 орусиялык аскер окко учту. Украин командачылыгы орус армиясы жайгашкан жерлерге 18 сокку урулганын, орусиялык учкучсуз төрт учак атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.
“Азаттык” ал сандарды көз карандысыз булактардан дароо бышыктай албайт. Согуш шартында адатта тараптар өз жоготууларын ачыкка чыгарбайт.
Башкы штабдын күндөлүк бюллетенинде Бахмут шаарынын тагдыры эмне болгону айтылган жок. Буга чейин ал жер дээрлик курчоодо калганы маалымдалган.
Украин армиясынын өкүлдөрү шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнуна алып келатат.
Украинанын Чыгыш күчтөрү тобунун басма сөз катчысы Сергей Череватый 4-мартта CNN телеканалына аскерлер Бахмутту дагы эле көзөмөлдөп жатканын айтты. "Азаттыктын" украин кызматынын маалыматына караганда, Череватый "украин аскерлери жапырт чыгарылган жок" деп билдирди.
Ага чейин дээрлик толук талкаланган Бахмуттун вице-мэри көчө кармаштары жүрүп жатканын, Орусия шаарды көзөмөлгө албаганын билдирген. Бахмутта 4 миңдей жайкын тургун кала берүүдө, алар жер төлөлөрдө жашынып, айрымдары аман калган үйлөрдө көп учурда суусуз, электржарыгысыз күн көрүп келатат.
ISW: Орус аскерлери жакын арада Бахмутту ала албайт
АКШнын Согушту изилдөө институту (ISW) ишембинин кечинде чыгарган маалыматка ылайык, орус аскерлери Бахмуттун айрым райондорун алууга артыкчылыктуу позицияларды ээлегени менен украин армиясын чегинүүгө мажбурлай алган жок. Эксперттер жакын арада алар Бахмутту курчоого ала албайт деп эсептешет.
Институттун талдоочулары украин күчтөрү аскерлерин Бахмуттун оор кармаштар жүрүп жаткан аймактарынан чыгарып кетүү үчүн шарттарды түзүп жатышы мүмкүн, бирок украин командачылыгы учурда чегинүү чечимин кабыл алды деп айтууга далил жок экенин жазышты.
Орусиялык булактар согушка «Вагнер» тобунун даярдагынан өткөн бөлүктөрү салынып жатканын маалымдашты.
Орусия тарап Бахмут жана анын айланасындагы ырдаал тууралуу маалымат тараткан жок.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу согуш жүрүп жаткан аймакка барып, Түштүк-Донецк багытындагы "Чыгыш" деп аталган аскер бөлүктөн кабар алганы ишембиде маалымдалган.
Жекшембиде эртең менен орус аскерлери Купянск шаарына сокку урганын, бир киши набыт болгонун, төрөт үйүнө жана окуу жайына зыян келтирилгенин Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов Телеграм-каналына жазды. Анын айтымында, бир күн мурда түн ичинде болгон аткылоолордон шаарда бери дегенде 5 турак жай, чарбалык курулуштар талкаланды.
Көптөгөн далилдерге карабай, Москва согуш башталгандан бери жарандык жайларга сокку урбаганын айтып келет.
Орусияны согуш кылмыштары үчүн жоопко тартуу аракети
4-мартта Европа парламентинин төрайымы Роберта Мецола согуш кылмыштары боюнча эл аралык конференция өтүп жаткан Львов шаарында келип кетти. Төрайым Украинадагы согуш кылмыштарына күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш деп билдирди.
Киев өнөктөштөрү менен Орусияны жана жетекчилигин соттоо үчүн эл аралык трибунал түзүүнү көздөйт.
Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская Башкы прокуратура орус аскерлери украин жергесинде жасаган 171 сексуалдык кылмышты териштирип жатканын конференцияда билдирди.
"Башкы прокуратура украиналыктар кабылган сексуалдык зомбулук боюнча 171 фактыны иликтеп жатат жана бул көрсөткүч аялдарга гана тиешелүү эмес, жабыркагандардын арасында 39 эркек жана 13 жашы жете элек бала бар. Арасында бир эркек бала да бар. Биз бул окуяларды ошол адамдар баштарынан кечиргенди айтып берүүгө күч тапкандыктан гана билебиз. Өзгөчө окупацияланган аймактарда дагы канчасы унчукпай кыйналып жүргөнүн билбейбиз".
Анкара дан келишимин узартууну көздөйт
Ал арада жекшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкара Орусия Украинага басып киргенден кийин блокадага алынган порттордон арпа-буудайды экспорттоого жол ачкан демилгени узартуу үчүн аракет көрүп жатканын билдирди.
Өткөн июлда Улуттар Уюму жана Түркиянын ортомчулугу менен түзулгөн демилге ишке ашырылып, украин портторунан дан чыгарыла баштаган. Ноябрда узартылган келишим 18-мартта соңуна чыгат. Орусия өзүнүн айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктары эске алынганда гана келишимди узартарын айтууда.
Кошмо Штаттарынын Согушту изилдөө институту (ISW) ишембинин кечинде чыгарган маалыматка ылайык, орус аскерлери Украинанын Бахмут шаарынын айрым райондорун алууга артыкчылыктуу позицияларды ээлегени менен украин армиясын чегинүүгө мажбурлай алган жок. Эксперттер жакын арада алар шаарды курчоого ала албайт деп эсептешет.
Институттун талдоочулары Украина аскерлерин Бахмуттун оор кармаштар жүрүп жаткан аймактарынан чыгарып кетүү үчүн шарт түзүп жатышы мүмкүн, бирок командачылык учурда чегинүү чечимин кабыл алды деп айтууга далил жок деп жазышты.
Орусиялык булактар "Вагнер" тобу чабуул коюу даярдыгынан өткөн бөлүктөрүн салгылашка салып жатканын маалымдашты.
Украин армиясынын өкүлдөрү шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнуна алууда. Ага чейин дээрлик толук талкаланган Бахмуттун вице-мэри көчө кармаштары жүрүп жатканын, Орусия шаарды көзөмөлгө албаганын билдирген.
Бахмутта учурда төрт миңдей жайкын тургун кала берүүдө, алар жер төлөөлөрдө жашынып жатат жана көп учурда суусуз, жарыксыз күн көрүп көрүүдө.
Украин армиясынын Башкы штабы каршы тарап негизги күч арактеттерин Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтерск багыттарында жумшап жатканын кабарлады.
Европа парламентинин төрайымы Роберта Мецола 4-мартта Украинанын Львов шаарында согуш кылмыштары тууралуу эл аралык конференцияга катышты. Анда согуш кылмыштарына күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш деп билдирди.
Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская бул жыйында өлкөнүн Башкы прокуратурасы орус аскерлеринин 171 сексуалдык кылмышын териштирип жатканын билдирди. Ал мындай кылмыштардын саны алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтты.
"Башкы прокуратура украиналыктар кабылган сексуалдык зомбулуктун 171 фактысын иликтеп жатат жана бул көрсөткүч аялдарга гана тиешелүү эмес, жабыркагандардын арасында 39 эркек жана 13 жашы жете элек бала бар. Биз бул окуяларды ошол адамдар баштарынан кечиргенди айтып берүүгө күч тапкандыктан гана билебиз. Өзгөчө оккупацияланган аймактарда дагы канчасы унчукпай кыйналып жүргөнүн билбейбиз",- деди Зеленская.
Былтыр июль айында Бириккен Улуттар Уюмунун чыр-чатактардагы сексуалдык зомбулук боюнча атайын өкүлү Прамила Паттен Украинада кеминде 124 адам сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгону тастыкталганын билдирген.
2022-жылы декабрда АКШ Конгресси америкалык администрацияны орус аскерлеринин Украинада адамзатка каршы жасалган кылмыштарына далил чогултууну тапшырган. Анда тынч элге атайын жасалган чабуул, оорукана, мектеп, башкалка жайлардын бомбаланышы, элди мыйзамсыз депортациялоо, барымтага алуу, зордуктоо жана сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрү өзгөчө белгиленген.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу согуш жүрүп жаткан аймакка барып, Түштүк-Донецк багытындагы "Чыгыш" деп аталган аскер бөлүктөн кабар алды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Анда Шойгу аскер бөлүктүн командири, генерал-лейтенант Рустан Мурадов баштаган жетекчилердин баяндамасын укканы, эрдик көрсөткөн жоокерлерге сыйлыктарды ыйгарганы жазылган.
Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Министрликтин Телеграм-каналына жарыяланган видеодон учакты, имараттар, үйлөр талкалаган конуштун жанындагы аскер башчыларынын жыйынын көрүүгө болот. Анда видео качан, кайсы жерде тартылганы такталган эмес.
Министрлик Шойгу январь айында дагы "Чыгыш" аскер бөлүгүнө барганын билдирген. Андан бир ай мурда коргоо министри Орусия басып алган Украинанын аймагындагы аскерлерден кабар алганы тууралуу маалымат чыккан. Шойгу кайсы аймакта болгону анда дагы такталган эмес, бирок айрым активисттер министр фронттон 80 чакырым алыстактагы жерде болгонун айтып чыгышкан.
Мунун алдында украин армиясы Бахмутта катуу салгылашуу жүрүп жатканын кабарлаган. Донецк чөлкөмүндөгү бул стратегиялык калаада бир канча жумадан бери кармаш курч жүрүүдө. Киев акыркы суткада шаарда орусиялык күчтөрдүн чабуулдардынын бир нечесинин мизи кайтарылганын билдирген.
Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Бахмут шаары курчоого алынганын билдиргени менен Киев ал маалыматты бышыктаган эмес.
Согушка чейин Бахмутта 70 миң адам жашаган.