Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13
Украина. Киевге соккунун кесепети. 14-июль, 2026-жыл
Украина. Киевге соккунун кесепети. 14-июль, 2026-жыл

Түз ободо Орусия Киевге, Украина мунай заводдоруна сокку урду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:16 6.3.2023

09:41 6.3.2023

Череватый: Украин аскерлери Бахмутту коргоону улантууда

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чыгыш тобунун өкүлү Сергей Череватый Бахмут шаарын коргоо үчүн кармаш уланып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу Украинанын аскерлеринин шаардан чыгып кетүү ниети тууралуу билдирүүлөргө комментарий берип жатып айтты.

“Украинанын куралдуу күчтөрү, чек арачылар, Улуттук гвардиянын бөлүктөрү Бахмутта коргонууну кармап турушат. Курал, азык-түлүк, дары-дармектерди жеткирүүгө, ал жерден жарадарларды алып чыгууга мүмкүнчүлүк бар”.

Сергей Череватый Орусиянын аскерлери Кременная багытында да чабуулун улантып жатканын кошумчалады.

АКШнын Согушту изилдөө институту (ISW) орус аскерлери Бахмут шаарынын айрым райондорун алууга артыкчылыктуу позицияларды ээлегени менен украин армиясын чегинүүгө мажбур кыла албаганын билдирген.

Украин тарап шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнуна алууда. Ага чейин дээрлик толук талкаланган Бахмуттун вице-мэри көчө кармаштары жүрүп жатканын, Орусия шаарды көзөмөлгө албаганын билдирген.

Бахмутта ушул тапта төрт миңдей жайкын тургун кала берүүдө, алар жер төлөөлөрдө жашынып жатат жана көп учурда суусуз, жарыксыз күн көрүп көрүүдө.

01:00 6.3.2023

Орусия санкцияларды кыйгап европалык микрочип алып жаткан болушу мүмкүн

Бул тууралуу Еврошаркеттин жогорку дипломатына шилтеме берип Bloomberg агенттиги кабарлады. Анын айтымында, соода санкцияларга кошулбаган Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары өндүү үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен ишке ашууда.

Дипломат Брюссел жана Чоң Жетинин жазалоочу чараларына карабай Орусиянын импорту согушка чейинки көлөмгө жетип калганын белгиледи. Импорт азиялык мамлекеттер, анын ичинде Кытайдан да өскөн.

Соода көрсөткүчтөрүнө байкоо салган Женевада жайгашкан эл аралык агенттиктин маалыматына ылайык, былтыр Казакстан Орусияга 3,7 миллион долларга мирокчиптер менен жарым өткөргүчтөрдү саткан. Андан мурдагы жылы 12 миң доллар болчу.

Еврошаркет, АКШ, Британия жана Жапониядан Орусияга жылына 163 миллион долларга электрондук компоненттер тикелей сатылып келген. Өткөн жылы 60 миллионго түшкөн.

Ошол эле аралыкта Орусия Казакстандан, Түркиядан, Сербиядан жана БАЭден электрониканы сатып алууну көбөйткөн. Ал продукцияны дээрлик чыгарбаган бул өлкөлөрдүн Орусияга санкция салган мамлекеттерден импорту кескин өскөн.

Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын талдоосуна караганда, Кыргызстан, Армения жана Түркиянын Батыш өлкөлөрүнөн импорту да көбөйгөн. Банктын статистикасына ылайык, Еврошаркеттин, АКШ жана Британиянын Орусияга экспорту былтыркы жылдын май айынан июлга чейин эки эсеге кыскарган. Муну менен бирге Европа менен АКШдан Армения менен Кыргызстанга импорттун өсүшү 80% ашкан.

Бул өлкөлөр ошол эле мөөнөттө Орусияга экспортту да эки эсеге көбөйткөн. Банк бул тенденцияны соодадагы жаңы багыттар менен байланыштырат. Маалыматка караганда, Евробиримдиктен Борбор Азияга машине, электроника, айыл чарба техникасынын экспорту негизинен Казакстандын эсебинен көбөйдү.

20:47 5.3.2023

"Вагнер" спорттук клубдарда жаңы пункттарды ачты

Орусиянын "Вагнер" аскердик менчик компаниясы 2-4-март күндөрү спорттук клубдардын негизинде согушка жалдаган бери дегенде үч пункт ачты. Бул тууралуу АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматында айтылат. Эксперттер согушкерлерди абактардан жалдоо чектелгенин айтып, муну менен вагнерчилер өз катарларын толуктоону көздөп жаткандай деп белгилешет.

Маалыматка караганда, жаңы пункттар Самарадагы "Динамо", Ростов-на-Донудагы "Антарес" клубдарында жана Тюмендеги Бокс федерациясынын имаратында жайгашкан.

"Вагнер" компаниясы Москвадагы сегиз спорттук клубда андай борборлор ачылганын билдиргенин "Медуза" басылмасы жазган. 2-мартта менчик компанияны түзгөн Кремлге жакын бизнесмен Евгений Пригожин жаңы согушкерлерди жалдоо максатында алар спорт клубдары менен кызматташа баштаганын айткан.

Ушул аптада Санкт-Петербургда "Вагнеренок" деген жаштардын патриоттук клубу иштей баштаганы кабарланган.

Расмий эмес кошуундун жалданма согушкерлери Украинадагы урушка активдүү катышууда. Алардын катарына Орусиянын түрмөлөрүндө отурган борбор азиялык айрым жарандар азгырылган учурлар да бар.

Вагнерчилер украин жергесиндеги көптөгөн согуш кылмыштары үчүн айыпталууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG