УАК: Бахмут үчүн катаал кармаш жүрүп жатат, Кремль жаңы "вагнерчилерди" алып келүүдө
Бул тууралуу 6-мартта Украинанын жердеги аскерлеринин башчысы, генерал-полковник Александр Сырский билдирди. 5-мартта Сырский Бахмутту жана анын айланасын коргоп жаткан украин күчтөрүн кыдырган.
Украинанын Куралдуу күчтөрү орус армиясы Запорожье жана Херсон облустарына чабуул жасоого аракет кылып жатканын билдирди.
Башкы штабдын 6-марттагы маалыматында айтылгандай, орусиялыктар күндүз фронттун түштүк тарабындагы 40тан ашык калктуу конушту аткылашты.
Киев орус армиясы Украинанын Куралдуу күчтөрүн чаташтыруу үчүн маневр жасап, Нова Каховка менен Армянскиден аскерлерин жана техниканы ар кандай багытта жылдырып жатканын белгиледи.
Ал тапта чыгыштагы Бахмут калаасында айыгышкан салгылашуу уланууда. Дүйшөмбү күнү президент Владимир Зеленский башкы командачынын штабынын кезектеги жыйынын өткөрүп, Бахмуттагы коргонуу турумдарын дагы да бекемдөөнү талкуулады.
Киев акыркы айларда кармаштын чордонуна айланган Бахмут багытына тандалма аскер күчтөрүн коюп, фронтту бекемдеп жатат. Орус тарап калаа курчоого алынганын айткан, бирок ал бышыкталган жок.
АКШнын Юстиция министрлиги Орусияга каршы санкцияларды жана экспорттук көзөмөлдөн качууну иликтөө үчүн 25 прокурорду жалдайт. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурорунун жардамчысы Мэтт Олсен билдиргенин The Wall Street Journal 2-мартта жазды.
Олсендин айтымында, прокурорлор корпорациялар менен бирге чектөөлөрдү айланып өтүүнү иликтешет. Мыйзам бузган компанияларга кылмыш ишин козгой алышат.
The Wall Street Journal прокурорлорду жумушка алуу эбак эле башталганын кабарлады.
АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Орусиянын Украинага куралдуу чабуулуна жооп катары былтыр Москвага катаал санкцияларды киргизген. Орусия Иран, Кытай жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн мамлекеттик жана жеке компанияларды жалдап, керектүү товарларды алып жатат. Аталган басылма белгилегендей, америкалык аткаминерлер санкциялар күчөтүлбөсө, Орусиянын президенти Владимир Путин өз бийлигин сактап, согушту уланта берет деп эсептешет.
Буга чейин Вашингтон америкалык ишкерлерди Орусияга каршы санкцияларды колдонууга үндөгөн. Юстиция министрлиги, Соода министрлиги жана Каржы министрлиги чектөөлөргө баш ийбегендерди жоопкерчиликке тартууну эскерткен билдирүү тараткан.
Документте санкцияларды айланып өтүү үчүн ар кандай тактикалар колдонулары айтылат. Транзиттик пункт катары Кытай, Армения, Түркия жана Өзбекстан колдонулушу мүмкүн экенин белгиленген.
Европанын статистикалык кызматынын маалыматына караганда, Украинанын аймагындагы согуштун алгачкы тогуз айында Евробиримдиктен Орусияга товар жеткирүүнүн көлөмү 47% кыскарган. Ошол эле учурда Европанын Орусияга жакын үч мамлекетке Грузияга, Казакстанга жана Кыргызстанга экспорту 48% өстү.
Украина: бир суткада 95 чабуул
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясы Купянск, Лиман, Бахмут, Авдиев жана Шахтер багыттарында чабуул коюуга күч үрөп жатканын билдирди.
6-мартта эртең мененки расмий маалыматка ылайык, өткөн суткада украин күчтөрү Луганск жана Донецк облустарында 95тен ашуун чабуулдун мизин кайтарды.
Орустар Бахмут жана анын айланасындагы калктуу конуштарды ээлеп алуу аракетин токтото элек. Алардын Донецк облусунун бир канча аймагындагы аракети ийгиликсиз болгону айтылат Башкы штабдын кабарында.
АКШнын Согушту изилдөө институту (ISW) орус аскерлери Бахмут шаарынын айрым райондорунда алдыга жылганы менен украин армиясын чегинүүгө мажбур кыла албаганын билдирген.
Украин тарап шаардагы кырдаал оорлошуп баратканын моюнга алууда.
Согушка чейин 70 миңдей калкы бар Бахмутта ушул тапта төрт миңдей жайкын тургун калганы маалымдалды. Алар жер төлөлөрдө жашынып жатат жана көп учурда суусуз, жарыксыз күн кечиришүүдө.