Patriot абадан коргонуу системалары Украинага жеткирилгенин Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак испаниялык La Razon басылмасына курган маегинде айтты.
Ал Польшанын Украинаны коргоого колдоо көрсөтүүгө катышуудагы ролу жөнүндө сүйлөгөндө Варшава жардам берүү пункту гана эмес, ири донор экенин да кошумчалады.
"Согуш башталгандан бери Украинага 2 миллиард 200 миллион евродон ашык курал-жарак өткөрдүк", - деди ал.
Украинанын Коргоо министрлиги Patriot абадан коргонуу системаларын алгандыгын ырастай элек. 18-январда министрлик украин аскерлеринин АКШда аталган зениттик-ракеталык комплекстерин колдонуу боюнча машыгуусу 10 аптага созуларын кабарлаган.
Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган НАТОнун ондон ашык союздаштары былтыр октябрда абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөрүшкөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык зениттик-ракеталык комплекстин дараметин сындап, ал орусиялык С-300 сыяктуу иштебестигин, "эски система" экенин айткан.
Орусия ЕККУга куралдуу күчтөр тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты
Орусия ЕККУнун Вена документине байланыштуу маалымат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу куралданууну көзөмөлдөө боюнча америкалык ассоциация орусиялык тараптын катына шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматты РБКга Венада аскердик коопсуздук боюнча сүйлөшүүгө катышкан орусиялык делегациянын башчысы Константин Гаврилов ырастады.
Маалыматта Орусия өз чечими тууралуу 2022-жылы 16-январда билдиргени кабарланат. Гавриловдун катында баш тартуу Чехиянын Орусияга карата "өз милдеттерин токтотуусуна" жана Украинанын куралдуу күчтөр тууралуу маалымат берүүдөн баш тартуусуна байланыштуу экени айтылат.
Мындан тышкары катта, орусиялык тарап ЕККУга мүчө 29 өлкөнү документти ар кандай учурда сактабаганы үчүн күнөөлөгөн. Катта Болгария, Польша жана Франция Орусияны өз аскердик базаларына чакырбаганы, Нидерландынын Орусияны билдирүү жөнөткөн адресаттардын тизмесинен чыгарганы тууралуу айтылган.
Киев куралсыз украин туткунун орус аскерлери өлтүрдү деген видеого байланыштуу иликтеп-териштирүү баштады. Дүйшөмбүдө, 6-мартта украиналык жана орусиялык бир катар Телеграм-каналдарда токойдо аскер кийимчен турган, "Украинага даңк" деп айткандан кийин автоматтан атылып, турган жеринде кулаган адам тартылган тасманы таратышкан. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок чыгарган адамдар тасмада көрүнгөн эмес, алардын үндөрү гана угулган.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба бул окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун кеңсесине кайрылды.
"Прокурор Карим Хан бул тирукмуш аскердик кылмышты тез арада иликтей баштаганы өтө маанилүү. Күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Бул окуя согуш геноциди жүрүп жатканына дагы бир далил", - деди Кулеба.
Бул окуяны Украинанын президенти Владимир Зеленский да айыптады жана адам өлтүргөндөрдү табууга убада берди. Өлкөнүн Коопсуздук кызматы "согуштун мыйзамын жана эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогону маалымдалды.
Кремль дооматтарга комментарий бере элек.
Орусиянын Украинага каршы согушу маалында эки тараптан тең туткундарды атты деген учурлар буга чейин дагы катталып, Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөгөн. Адатта Украина мындай фактыларга байланыштуу териштирүү жүргүзүүнү убада кылат, Орусия болсо комментарий бербей келет.
CNN: НАТО орусиялык күчтөрдүн Бахмуттун жанындагы жоготуучу Украинаныкынан беш эсе көп
Мындай маалымат CNN каналынын НАТОнун Жогорку башкармалыгындагы өздүк булактарына таянып чыгарган анализинде айтылат. Буга чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов орусиялык армиянын жоготуусу Украинанын куралдуу күчтөрүнө караганда алда канча жогору (1/7) экенин билдирген.