Орус армиясы 8-марттан 9на караган түнү Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады. Бир катар облустарда жардыруу болуп, маанилүү энергетикалык объекттер жабыркады жана жарадар болгондор да бар.
Киев облусунун аскердик администрациясы кооптуу абал сакталып турганын эскертип, жарандарды коопсуз жайларда болуп турууга чакырды.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Голосеевск районунда жардыруу болгонун кабарлады. Анын маалымдашынча, ал жерде куткаруучулар иштеп жатат. Святошинск районунда жардырууда эки адам жараат алды.
Харьковдун башчысы Олега Синегубова бул облуска кеминде 15 жолу чабуул жасалганын айтты. Маанилүү инфраструктуралык объекттер бутага алынганын, бир үй жабыркаганын билдирди. Жараат алгандар тууралуу маалымат такталып жатат.
Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко энергетикалык объекттерге ракета тийгенин, үйлөр кыйраганын айтты. Чабуулдун айынан электр энергиясы менен камсыздоого чектөө киргизилди.
Хмельницк облусуна дагы чабуул жасалды, аймактын жетекчилери тургундарды абадан эскертүүлөрдү эске алууга чакырды.
ЕБ жыл аягына чейин 11 миңдей украиналык аскерди окутат
Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель Стокгольмдо өткөн Евробиримдиктин коргоо министрлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Жыйын соңунда ал европалык тынчтык фондуна Украинага курал-жарак үчүн 1 миллиард евро бөлүүнү сунуштады. Дагы 1 миллиард Европанын өзүнүн запастары үчүн бөлүнүшү керек. Мындан тышкары ал марттын аягында Евробиримдик 11 миң украиналык аскерди окута турганын билдирди. 2023-жылы Евробиримдик жалпысынан 30 миң украиналык аскерди окутат.
Боррель мындан тышкары өткөн жылдагы "Түндүк агым" газ куурундагы жарылуу тууралуу комментарий берди. Ал диверсия тууралуу кеп болуп жатканын белгилеп, иликтөө бүтө электигине байланыштуу бүтүм чыгарууга эрте экенин айтты. Бирок ал зарыл инфраструктураны коргоо чаралары керек экенине токтолуп, Евробиримдик жана НАТОго мүчө өлкөлөр буга кадам таштаганын билдирди.
Британиялык чалгын кызматы: Пригожинден популярдуулук жагынан утулуп жатканы Шойгуну ыза кылууда
Улуу Британиянын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматынын аналитиктери жаңы билдирмесинде 4-мартта Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Украинага барганы тартылган видео тууралуу жазышты.
Аналитиктер бул Шойгунун "ЧВК Вагнердин" башчысы Евгений Пригожиндин уруш талаасына байма-бай каттаганына жообу болушу мүмкүн дешет. Британиянын чалгын кызматынын билдиришинче, Шойгу өзүн Пригожинге салыштырганды жана аброюн жоготууну безге тийгендей оор кабыл алат.
Видеодо Шойгудан башка чини жогору аскерлерден Рустам Мурадов гана тартылганы, ал орусиялык аскерлер көп жоготууга учураган Угледарга карата ийгиликсиз чабуулду жетектегени тууралуу сөз болот. Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) Орусиянын Тынч океан флотундагы алдыңкы деңиз пехотасынын 155-бригадасынын Угледардын жанында талкаланганын туура эмес тактикага жана бригада курамында мобилизация болгондордун басымдуулугуна байланыштырат. Британ чалгын кызматы муну менен Орусиянын Угледар алдындагы фронттун алдыга жылышын келечекте ийгиликке жетүү учуру катары эсептей турган эске салган.
Билдирмеде Орусиянын Коргоо министрлигинин алдында азыр Угледарга дагы чабуул коюу керекпи же Бахмуттун жанындагы "вагнерчилерди" колдоо керекпи деген тандоо турганы жазылган.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг орусиялык күчтөр Бахмутту жакынкы күндөрү алышы мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу ал Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери Стокгольмдо чогулганда билдирди.
"Орусия сапат жагынан жетпеген нерсени сан жагынан толуктагысы келет. Алар чоң жоготууга учурады. Бул биз Орусияны баалабай коюуга болбойт дегенди билдирет. Биз Украинаны колдоону улантышыбыз керек", - деди Столтенберг. Анын айтымында, украин армиясынын Бахмутта жеңилгени согуштун чечүүчү учуру болуп саналбайт.
Шейшембиде Украина президенти Владимир Зеленский Бахмутту коргоо украин командачылыгынын тактикалык чечими. Зеленский шаарды коргоп жаткан украин аскерлери курчоодо калышына жол берилбейт.
Ал арада Украинанын куралдуу күчтөрү орусиялык армия Бахмутка улам жаңы армияны тартып келип жатканын билдирди.
Орусиянын армиясы учурда Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтер аймагында чабуул коюп жатканын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн кечки сводкасында айтылат.