Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:47

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:28 10.3.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы жасалган соңку тынымсыз ракеталык чабуулду "Брянск облусундагы 2-марттагы теракт үчүн өч алуу" деп билдирди. Министрлик тараткан маалыматта Украинанын маанилүү аскердик инфраструктурасы, коргонуу тармагындагы өнөр жай комплекстери, ошондой эле, аларды электр энергиясы менен камсыз кылган объекттер бутага алынганы жазылган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттердеги баракчасына "орусиялык ракеталык чабуул аскердик максатты көздөбөгөнүн" жазды жана соңку аткылоону "катардагы орус жырткычтыгы" деп сыпаттады.

Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинанын аймагын ракетадан тынымсыз аткылаган. Бул чабуулда кеминде алты жай тургун мерт болду.

Киев жалпысынан 81 ракета атылганын, анын айынан бир катар облустарда үйлөр, имараттар жана маанилүү энергетикалык, инфраструктуралык объекттер кыйраганын билдирген.

22:04 9.3.2023

Германияда жашаган Орусиянын жараны Елена Колбасникова согушту жактаганы үчүн соттолууда

Анын иши Көлн шаарында каралып жатканын Deutsche Welle кабарлады. Сот отуруму 29-мартта болот.

Колбасникова Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясын ачык колдогон деп айыпталууда. Германиянын мыйзамдарына ылайык, ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Адвокаттардын айтымында, сот айып пул менен чектелиши да ыктымал.

Елена Колбасникова Германиядагы кремлчил кыймылдын көрүнүктүү өкүлү. Ал 2022-жылдын 8-майында Көлндө орусиячылдардын автожүрүшүн уюштургандардын арасында болгон. Миңдей киши катышкан митингде Колбасникова "Орусия агрессор эместигин" айткан.

Андан тышкары, ал "Вагнер" жалданма аскер уюмуна жоочуларды жалдаган жарыяны бөлүшкөнү үчүн да тергөө жүрүп жатат.

Колбасникованын күйөөсү Макс Шлунд "Орусия менен Германиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү көпүрөсү" уюмунун төрагасы. Уюм Германиядагы ашынган оңчул саясатчылар менен кызматташат жана орусиячыл активисттерге, Украинадагы орус күчтөрүнө көмөк көрсөтөрүн "Свобода" радиосу жазды.

Елена Колбасникова өзү Украинанын Днепропетровск облусунда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган.

17:56 9.3.2023

АКШнын Согушту иликтөө институтунун билдирүүсүндө, орус күчтөрү сегиз айдан бери кармаш жүрүп аткан Украинанын Бахмут шаарынын чыгышын ээлеп алууга жетишти.

“Вагнер” жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин дагы Бахмуттун чыгышын алганын жар салып, анын жоочулары орус армиясына жол ачканын айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг орус күчтөрү жакын арада Бахмутту толук ээлеп алышы мүмкүн экенин, бирок ал согуштун жүрүшүн өзгөртө албасын белгиледи.

Киев Бахмутту коргоого бардык күчүн жумшап жатканын маалымдоодо, бирок калаанын кайсы бир бөлүгү орус тарап ээлеп алганын бышыктаган жок.

17:19 9.3.2023

Украинадагы согушта туткунга түшүп калгандан кийин атып өлтүрүлгөн жоокердин тек-жайына байланыштуу жаңы маалыматтар чыкты.

Анын аты-жөнү Александр Мациевский экенин Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасы билдирди.

Бригаданын Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө Мациевский жана анын төрт кесиптеши өткөн жылдын 30-декабрында Соледардын жанындагы согушка киришкени айтылат. Ошол эле алар менен байланыш үзүлгөн.

Ал Мациевский экенин кесиптештери, жоокердин уулу жана апасы тааныганы, үй-бүлөсү менен акыркы жолу 29-декабрда телефондо сүйлөшкөнү жазылган.

Бригада жарыялаган маалыматта каза болгондордун сөөгү украин тарапка өткөрүлгөнү, Мациевскийдин сөөгү 14-февралында Нежинде жерге берилгени белгиленген.

Мурдараак туткунга түшүп калгандан кийин атып өлтүрүлгөн жоокер Тимофей Шадура экени кабарланган эле. Украин армиясынын 30-механизацияланган бригадасы жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2023-жылы 3-февралда Бахмут шаарындагы кармаш жүргөн райондордун бириндеги салгылаштан бери дайынсыз болчу. Аны видеодон туугандары тааныган.

Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок аткандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.

Украин президенти Владимир Зеленский киши өлтүргүчтөрдү табууга убада берген. Баш прокуратура жана атайын кызматы үрөй учурган видеого байланыштуу иликтөө баштады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылган.

Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясы жоокердин аты-жөнү расмий бышыкталган соң "Украинанын баатыры" наамына көрсөтөрүн билдирди.

Кремль мындай дооматка комментарий бере элек. Украинадагы согушта эки тараптан тең туткундарды атып салды деген маалыматтар буга чейин дагы айтылып, Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөгөн.

Женева конвенциясы согуш туткундарынын өмүрүн сактоого, аларга гумандуу мамиле жасоого кепилдик берет. Бул эл аралык документке Орусия да кошулган. Туткундарды өлүмгө тартуу же аёосуз мамиле кылуу аскер кылмыштарына барабар.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG