Херсонго урулган соккудан үч адам каза болду
Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак орусиялык соккулардын биринен Херсондогу коомдук транспорт жабыркап, үч адам каза болгонун билдирди.
Украинанын президенти Орусиянын түнкү чабуулунан кийинки сүрөттөрдү жарыялап, "түн оор өттү" деп жазды.
Акыркы маалыматтар боюнча Львов облусундагы Золочев районунда жай тургундар турган аймакка урулган ракета соккусунан беш адам каза болду. Куткаруучулар уранды астында калган адамдарды куткаруу ишин жүргүзүүдө.
Днепропетровск облусунун администрациясынын башчысы Сергей Лысак түнкү соккудан бир адам каза болуп, экөө жабыркаганын билдирди.
Украин аскерлеринин маалыматында Орусия ар кандай типтеги 81 ракетаны кое берген. Абадан коргоо кызматы 48 канаттуу ракетанынын 34үн, 8 "Шахиддин" төртөө атып түшүргөн.
Бахмут үчүн кармаш
Украинанын Башкы штабынын күнүмдүк сводкасында орусиялык күчтөр Бахмутка чабуулду улантып жатышканын, эл жашаган аймакка жасалган бир катар чабуулдардын мизи кайтканы айтылат.
Америкалык "Согушту изилдөө институту" визуалдык маалыматтарды окуп, Бахмуттун чыгыш тарабын орусиялык күчтөр басып алганын билдирди. Буга чейин Бахмутту ээлеп алышканын "ЧВК Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин айткан. ISW эксперттери орусиялык күчтөр түндүктөн жана түштүк тараптан чабуул коюп, шаардын украин күчтөрү ээлеп турган аймагын курчоого алууга аракет кылышы мүмкүн экенин жазышууда. Эксперттердин пикиринде, шаарды басып алган күндө да орусиялык күчтөргө кошумча колдоо жоктугунан чабуулду эртелетүү кыйынга турушу мүмкүн.
Орус армиясы 8-марттан 9на караган түнү Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады. Бир катар облустарда жардыруу болуп, маанилүү энергетикалык объекттер жабыркады жана жарадар болгондор да бар.
Киев облусунун аскердик администрациясы кооптуу абал сакталып турганын эскертип, жарандарды коопсуз жайларда болуп турууга чакырды.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Голосеевск районунда жардыруу болгонун кабарлады. Анын маалымдашынча, ал жерде куткаруучулар иштеп жатат. Святошинск районунда жардырууда эки адам жараат алды.
Харьковдун башчысы Олега Синегубова бул облуска кеминде 15 жолу чабуул жасалганын айтты. Маанилүү инфраструктуралык объекттер бутага алынганын, бир үй жабыркаганын билдирди. Жараат алгандар тууралуу маалымат такталып жатат.
Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко энергетикалык объекттерге ракета тийгенин, үйлөр кыйраганын айтты. Чабуулдун айынан электр энергиясы менен камсыздоого чектөө киргизилди.
Хмельницк облусуна дагы чабуул жасалды, аймактын жетекчилери тургундарды абадан эскертүүлөрдү эске алууга чакырды.