Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:43 11.3.2023

Орусиялык армиянын аткылоосунан кийин Украинада бир суткада ондогон жай тургундар набыт болуп, жараат алышты

Жергиликтүү бийлик бүгүн эртең менен Херсондо үч адам каза таап, экөө жарадар болгонун билдирди. Ага чейин бийликтер облуста орусиялык соккудан үч адам өлүп, бешөө жарадар болгонун билдирген.

Днепропетровск облусунда жергиликтүү бийлик эки адам кайтыш болуп, бешөө жараат алганын билдирди.

Донецк облусунда бир суткада эки адам каза таап, 14 жай тургун жарадар болгон. Харьков облусунда бир жай тургун жарадар болуп, дагы бирөө минага жарылган.

18:37 11.3.2023

Настоящее Время каналына эки орусиялык аскердик телефон сүйлөшүүсү келип түшкөн. Аны украин чалгын кызматында ишенимдүү булак берген. Бул сүйлөшүүдөн Түндүк флотунда кызмат өтөгөн Говоров аттуу адам Шевцов аттуу башка аскерге орусиялык армияга чакыруу тууралуу айтканын угууга болот. Говоровдун айтымында каршылаш тарапты курчоого ала турган отряддарга орусиялык бийликти сындаган жана аскерде кызмат кылуудан баш тарткандарды топтоого тымызын буйрук берилген.

18:32 11.3.2023

Бахмуттагы кырдаал

Бахмуттун борбордук бөлүгүндөгү фронттун линиясы Бахмутка дарыясынын жанында жүрүп жатат. Украиналык аскерлер шаардын батыш тарабында коргонууда, орусиялык күчтөр чыгыш тарабын ээлешти деп айтылат Британиянын Коргоо министрлигинин баяндамасында. Түндүктөн түштүккө карай аккан дарыядагы көпүрөлөр кыйраган. 200-800 метр кеңдиктеги тилке менен маңдайдагы курулуштар "ЧВК Вагнердин" украиналык позицияны курчоого алуусуна тоскоол болууда. Бирок украиналык армияны камсыздоону орусиялык күчтөрдүн шаарды түндүк жана түштүк тараптан айланып өтүүгө аракет кылганы үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Шаардын түндүк тарабында орусиялык күчтөр металл иштетүүчү заводдун өнөр жай аймагына чыкканын (орусиялык аскер булактары ага киргенин айтууда-ред.) америкалык Согушту изилдөө институту билдирип, өнөр жай аймагындагы украин коргонуу күчтөрүн курчоого алуу "ЧВК Вагнер" үчүн кымбатка турушу мүмкүн экенин белгилеген.



13:49 11.3.2023

Америкалык чалгын кызматты Молдовада башаламандык болушу мүмкүн экенин эскертти

Америкалык чалгын кызматы орус бийлиги менен байланышы бар топ жакын арада Молдовада азыркы бийликти алмаштырып, Кремлге жаккан режимди орнотууга аракет кылары тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Бул тууралуу CNN Ак үйдөгү өкүлдөргө таянып билдирди. Өткөн күздө Кишиневде ФСБ менен байланышы бар, учурда издөөдө жүргөн миллионер Илан Шорго жакын партия демонстрацияларды өткөргөн.

Орусиячыл күчтөр Молдовадагы кырдаалды курчутушу мүмкүн экенин өлкө президенти Мая Санду дагы жаңы кайрылууларында айткан болчу.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG