Орусиялык армия шейшембиде эртең менен Краматорск шаарын аткылады. Журналисттер жеринен кабарлагандай, калаа борборунда бир нече турак жай зыян тартты. Жергиликтүү бийлик кеминде бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жарадар болгонун билдирди.
Кийинчерек шаардык кеңеш көп батирлүү 25 үй жана бир жер там, бала бакча, музей жана административдик имаратка зыян келтирилгенин кабарлады. Алдын ала маалыматтарда сокку С-300 ракетасынан урулганы айтылды. Уранды астында кишилер болушу мүмкүн, куткаруу иштери жүрүүдө.
Соккунун кесепети тартылган видеону украин президенти Владимир Зеленский Телеграм-каналына жарыялады.
Краматорск Донецк облусунда Киевдин көзөмөлүндө кала берген эң чоң шаар. Ал азыр айыгышкан кармаштардын чордонуна айланган Бахмуттан 20 километр алыс орун алган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 14-мартта кабарлагандай, орусиялык аскерлер Бахмутту жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу максатында улам жаңы чабуулдарды коюп жатат.
Украинанын Башкы штабынын маалыматында "бир суткада 102 чабуулдун мизи кайтарылды, душман шаарды алуу аракетин токтотпой келатат” деп айтылат. Кармаштар Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерскто жүрүүдө.
Украин президенти Владимир Зеленский "Чыгыш фронттогу абал өтө оор" экенин, "өлкөнүн келечеги ошол жерде чечилип жатканын", "Киевдин күчтөрү жеңерин" 13-мартта кечинде билдирди. Президент ошол салгылаштарда “өмүрүн тобокелге салган” ар бир жоокерге ыраазычылыгын айтты.
Ага чейин Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы генерал Александр Сырский: “Вагнер" тобунун чабуул коюучу күчтөрү биздин жоокерлердин коргонуу сызыгын жырып, шаардын борборуна жылууга аракет көрүүдө”, - деп билдирген.
Украиналык командачылык “душман ири жоготууларга учурап жатканын” белгиледи.
Ал арада Орусиядагы “Вагнер” жалданма тобунун башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун борборунан алыс эмес жерде тартылган видеодо анын согушкерлерин шаарды алуу үчүн катуу кармаштар күтүп жатканын моюнга алды.
Ошол эле маалда чет өлкөлүк эксперттер Бахмуттун стратегиялык мааниси жок экенин, аны алуу Кремлдин символикалык жеңиши үчүн гана керектигин белгилешет.
Бухмут үчүн күрөш Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын айтышууда.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу согуш кылмыштары боюнча эки иш ачууну жана ага тиешеси бар адамдарды кармоо буйругун чыгарууну караштырууда.
Бул тууралуу дүйшөмбү күнү расмий адамдарга шилтеме менен New York Times гезити жана Рейтерс агенттиги жазды. Чечим расмий жарыялана элек.
Иш ачылса, анда уруш башталгандан бери биринчи мындай кадам болуп калмакчы.
New York Times маалымдагандай, айып эки пункт боюнча тагылмакчы. Биринчисинде Украинанын инфраструктурасын атайлап талкалоо, экинчисинде украиналык балдарды Орусияга алып кетүү жөнүндө айтылат. Киев жеткинчектерди күчтөп алып кетип жатышканын айтып, мындай аракетте геноциддин белгилери бар деп эсептейт.
Эл аралык соттун баш прокурору Карим Хан орусиялыктардын энергетикалык жайларга сокку урууларынын чоо-жайын билүү үчүн Киевге жакында барып кетти.
Рейтерс аткылоолордон жүздөгөн жай тургундар каза тапканын, суу, электр менен камсыздоо түйүндөрү зыян тартканын, натыйжада миллиондогон киши жабыркаганын жазды.
Женева конвенциясы, бир катар документтер согушкан тараптарды жарандык жана аскердик жайларды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык объектилерди бутага алууга тыюу салат.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 13-мартта жарыялаган баяндамада айтылгандай, украиналык айрым балдар күчтөп Орусияга чыгарылган же ошондой коркунучка кептелген.
Эл аралык сот кимге айып тагары белгисиз. Медиадагы маалыматка караганда, Орусия соттун юрисдикциясын тааныбайт жана адатта өз жарандарын чет өлкөлөргө өткөрбөйт.
Киев жана бир катар өлкөлөр орусиялык жетекчилерди жана аскерлерди жоопко тартуунун башка жолдорун талкуулашууда.
Украина президенти Владимир Зеленский Чернигов облусунун аймактык коргонуу бригадасынын снайпери Александр Мациевскийге курман болгондон кийин "Украинанын баатыры" наамын ыйгарды.
Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок аткандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.
“Ал адамды эми бардык украиналыктар билип жүрүшөт, эрдиги, өзүнө ишенгени, "Украина даңк!" деген сөздөрү үчүн түбөлүккө жаркын элесин сакташат. Баатырга даңк! Баатырларга даңк! Украинага даңк!" – деп билдирди Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда.