Украинага басып киргенден бери Орусиянын бийлиги адам укуктары жаатындагы эл аралык нормалардын “кеңири спектрин” жана эл аралык гуманитардык укуктарды бузду. Айрымдарын согуш кылмыштары деп сыпаттаса болот.
БУУнун колдоосу менен эл аралык комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн баяндамасында адам өлтүрүүлөр, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, кыйноо, зордуктоо жана сексуалдык башка ыдык көргөзүү, балдардын мыйзамсыз депортациясы тууралуу кеп болот. Отчетто ошондой эле Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына аеосуз чабуулдарын адамзатка каршы кылмышка теңесе болору айтылат.
Баяндаманын авторлору орус бийлиги көзөмөлдөгөн аймактарда карапайым тургундардын же согушка катышпаган адамдардын көзүн тазалоо учурлары тууралуу далилдер чогултулганын жазышты.
Орус аскерлери калктуу аймактарга каршы жардыргыч заттар менен чабуул коюп, элдин азап чегүүсүн көз жаздымда калтырууда деп айтылат.
13-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу согуш кылмыштары боюнча эки иш ачууну жана ага тиешеси бар адамдарды кармоо буйругун чыгарууну караштырууда деген маалымат тараган.
New York Times маалымдагандай, айып эки пункт боюнча тагылмакчы. Биринчисинде, Украинанын инфраструктурасын атайлап талкалоо, экинчисинде, украиналык балдарды Орусияга алып кетүү жөнүндө айтылат. Киев жеткинчектерди күчтөп алып кетип жатышканын айтып, мындай аракетте геноциддин белгилери бар деп эсептейт.
Женева конвенциясы, бир катар документтер согушкан тараптарды жарандык жана аскердик жайларды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык объектилерди бутага алууга тыюу салат.
Көптөгөн далилдерге карабай Орусия аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.
Польша жакынкы арада Украинага советтик үлгүдөгү төрт даана МиГ-29 истребителин берет жана курал менен камсыздоону улантат. Бул тууралуу бейшемби күнкү маалымат жыйында поляк президенти Анжей Дуда билдирди. Буга чейин бир да өлкө Киевге аскердик авиация берилерин жарыялаган эмес. Украин бийлиги Орусия басып киргенден бери Батыштан андай техниканы сурап келатат.
Дуда билдирүүнү чех президенти Петр Павел менен жолугушуудан кийин жасаганын Польшанын кабар агенттиги маалымдады. Адистер кеп Варшава Прагадан 1995-жылы тик учактарга айырбаштап алган истребителдер тууралуу жүргөнүн айтышат. Ачык маалыматтарга ылайык, ушу тапта Польшада 28 МиГ-29 учагы бар. Дуда анын 16сы ишке жарактуу экенин айтты. Дагы бир нечеси оңдолуп же тетиктери берилиши ыкымал.
МиГ-29 истребителдерин украин куралдуу күчтөрү колдонот. World Air Forces 2022 маалымдамасында көрсөтүлгөндөй, согушка чейин ал өлкөдө 51 даана бар болчу.
Шаршембиде Польшанын премьери Матеуш Моравецкий учактар 4-6 жуманын ичинде берилерин билдирген. Словакия дагы Украинаны мындай техника менен камсыз кыларын айтууда. Мурда өлкөлөр Батыштагы өнөктөштөрү менен макулдашуу керек деген негизде аскердик учактарды берүүдөн карманып келген.
Орусиянын 30 чакты аймагында аскер комиссариаттарына чакыруулар келип жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө. Бул тууралуу "Радио Свобода” жазды. Резервдеги кишилердин аскердик каттоо тууралуу маалыматтарын тактоо же аскерге иргеп алуу үчүн чакырып жатышат. Юристтердин айтымында, муну мобилизациянын экинчи толкуну деп атоого болбойт. Бирок Орусияда аскер жыйноо жарыяланган эмес.
Astra Телеграм-каналы 33 аймактагы чакыруулар тууралуу маалымат чогултуп, кагаздар жогорку окуу жайлардын студенттерине да келип жатканын аныктады.
“Агора” укук коргоо уюмунун жетекчиси, адвокат Павел Чиковдун пикиринде, аскер комиссариаттарына чакырууларды мобилизациянын экинчи толкунуна байланыштырууга болбойт. Анын айтымында, аскердик комиссариат кимдир бирөөнүн жашаган дареги же үй-бүлөлүк макамы өзгөргөнү маалымдалбаган учурда чакырат. Бирок аскердик жыйынга чакыруулар тууралуу кабарлар суроо жаратарын белгиледи. Андай иш-чаралар президенттин буйругу менен гана болот. Владимир Путиндин тиешелүү документке кол койгону жарыяланган эмес.
Орус бийлиги мобилизациянын экинчи толкуну болбой турганын айтып келет. Муну менен бирге былтыркы мобилизация тууралуу буйрук күчүндө кала берүүдө.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин шаршембинин кечинде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефондон сүйлөштү. Алар орусиялык согуш учактары менен америкалык дрондун Кара деңиздин үстүндөгү кагылышуусун талкуулашты.
Орус тышкы саясий мекемеси сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен болгонун билдирди. Анын жүрүшүндө Шойгу Остинге окуяга "АКШнын Орусия тарабынан "атайын операцияга" байланыштуу түзүлгөн тилкени бузганы", "Орусиянын кызыкчылыктарына каршы чалгындоо иштеринин күчөшү" алып келгенин айтты. Мындан тышкары Шойгу АКШнын учкучсуз аппараттарынын Крымдын жээгинде учуулары "чагымчыл мүнөзгө ээ экенин жана кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзөрүн" айтты.
АКШнын Коргоо министрлиги Остиндин Шойгу менен сүйлөшкөнүн ырастап, орус учкучтарынын эл аралык аба мейкиндигиндеги “кесипкөй эмес, кооптуу жана акылга сыйбаган жүрүм-туруму” тууралуу сөз болгонун белгиледи.
Вашингтон дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын тааныбасын жана жарым аралды Украинанын аймагы деп эсептей турганын баса белгилейт.
Ал арада АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынын башчысы генерал Марк Милли ал жактагы деңиздин тереңдигин эске алганда сууга кулаган дронду алып чыгуу кыйын болорун маалымдады.