Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 16-мартта билдиргендей, Бахмутта жана анын айланасындагы позицияларга орус аскерлери бир нече жолу чабуул койду.
Орусия жоготууларына карабай, Орехово-Васильевка, Богдановка, Бахмут багыттарында “көптөгөн чабуул” коюп келатканы жана ал шаарды курчоого аракет көргөнү күндөлүк бюллетенде айтылат. Маалыматка караганда, акыркы 24 саатта Донецк облусунун Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерск шаарлары кирген аймак 75тен ашуун чабуулга туш болду.
Ал арада Пентагондун басма сөз катчысы генерал Пэт Райдер Украинанын чыгышындагы кармаштар үчүн алдыдагы айлар чечүүчү болорун эскертти.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Рамштайн тобунун онлайн жыйынында тогуз мамлекет Украинага 150 даана Леопард танктарын берүүгө даяр деп билдирди.
“Орусия Ирандан жана Түндүк Кореядан көз каранды болуп калды. Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы техниканы колдонууга аргасыз. Орусиянын мүмкүнчүлүктөрү жана достору азайып жатат”, - деп айтты Пентагондун башчысы.
АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынынын башчысы, генерал Марк Милли ошол эле жыйында орус аскерлери чакан тактикалык алга жылууга жетишкенин, бирок анын “баасы жогору” болгонун айтты. Генерал Орусиянын аскердик жетекчилиги аскерлерин колго салып бергенин, алардын курал-жарак запастары тез түгөнүп жатканын кошумчалады.
Орусиянын жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын жарнамасы Pornhub аттуу сайтына чыга баштаганын бир нече Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Алар ушундай жарнамаларды бөлүшкөн социалдык колдонуучуларга таянышкан.
Уят сөздөрдү камтыган видеодо ЧВК "Вагнер" Орусиянын бардык аймактарынан жалданма аскерлерди тартып жатканын айтып, "порнография көрүү ордуна ЧВКга жумушка орношуу" чакырыгы менен аяктайт.
Жарнамада белгиленген телефондун номери жеке аскердик компаниясына тийиштүү экени белгиленген.
"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин "компания чын эле Pornhub сайтына жарнама берди беле жана мындай жол натыйжа берип жатабы" деген суроого "Кайсы сайт экенин билбейм, бирок аны порнографиялык сайтка жайгаштыруу - биздин маркетологдордун жакшы идеясы. Мен алар менен толук макулмун. Ал жарнамада порнография сайтка киргендин ордуна ЧВК "Вагнерге" кирип согуш деп турат. Ким буга макул эмес?", - деп жооп берген.
“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.
27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, аскердик менчик компаниянын Орусиядагы өкүлдөрүнө жаңы санкцияларды салды. Айрым өлкөлөр “Вагнер” компаниясын террордук уюм деп тааныган.
Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары да бар.
Вашингтон Кара деңизде америкалык чалгынчы дрондун орусиялык согуштук учак менен кагылышканын “эл аралык мыйзамды одоно бузуу” деп мүнөздөдү. Пентагон орус учактары аппаратты курчоого алганын билдирсе, Орусиянын Коргоо министрлиги аны четке кагууда. Бул окуядан кийин Орусиянын АКШдагы элчиси Мамлекеттик департаментке чакырылды.
Украин куралдуу күчтөрүнун Башкы штабы 15-мартта билдиргендей, орус аскерлери чыгыш фронтунда 90дон ашуун ийгиликсиз чабуул жасады. Бахмуттан тышкары Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерск шаарлары бутага алынганы кабарланды.
Маалыматка караганда, Херсон облусунун Ивановка кыштагында жарандык инфраструктарага тийген дүрмөттөн окко учкандар, кыйроолор бар. Облустун администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, бир күн мурда Херсон шаарындагы турак жай соккуга кабылганда карапайым төрт киши жарадар болгон.
Ошол эле күнү Бахмуттан алыс эмес жердеги Краматорск шаарында аткылоодон бир киши мерт кетип, үчөө жараат алган.
Соккуга кабылган Курахово шаарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураганын Донецк облусунун губернатору Павло Кириленко билдирген.
Шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда президент Владимир Зеленский украин армиясынын жогорку командачылыгы Бахмутка кирген чыгыш тилкесин коргоону улантууну колдогонун айтты. Президент жыйында Бахмуттагы абал көңүл чордонунда болгонун кошумчалады.
“Бүтүндөй командачылык ал тилкени күчтөндүрүү жана баскынчыларды болушунча жок кылуу позициясын так билдирди”, - деп айтты Зеленский.
Украин коргоо министринин орун басары Анна Маляр жергиликтүү телеканалга берген маегинде Бахмут үчүн кармаштын маанилүү экенине токтолуп, орусиялыктар ал жерде “эбегейсиз сандагы аскерлерин жоготуп жатканын”, аскердик техникасынан ажыраганын, алдыга жыла албай калганын белгиледи.
Айрым көз карандысыз аскердик эксперттер эки тараптын тең жоготуулары көп деп айтышат. Согуш шартында андай маалыматтарды бышыктоо мүмкүн