ЧВК "Вагнер" уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин майдын соңуна чейин дагы 30 миң адамды топтоону пландап жатат
Пригожин Телеграм-каналына Орусиянын шаарларына ачылган дасыккан адистерди топтоо борборлоруна күнүнө 500-800 адам келип жатканын билдирди. Айтымы, жаңы "адистер" физикалык жактан жакшы даярдыкты көрсөтүүдө.
Февралдын соңунда Пригожин ЧВГ "Вагнерге" мындан ары абактагы адамдар тартылбай турганын билдирген. АКШнын божомолунда бул топтун Украинадагы жоготуусу болжол менен 10 миң адамды түзөт.
18-мартка караган түнү Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Орусия кое берген ирандык Shahed-136/131 дронун атып түшүргөнүн өлкөнүн аскердик мекемеси кабарлады.
"Чабуул эки багыттан - Азов деңизинин чыгыш жээгинен жана Орусиянын Брянск облусунан болду. Украинанын аскер аба күчтөрү учкучсуз 11 учакты атып түшүрдү", - деп жазылган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Телеграм-каналында.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушта жалданма согушкерлер менен ыктыярчыларга көлөкө түшүргөндөр жана алар тууралуу жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзамга кол койду.
Мамлекеттик Дума 14-мартта мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган.
Мыйзам Кылмыш-жаза кодексинин эки, тактап айтканда орус армиясына көлөкө түшүрүү жана жалган маалымат таратуу беренелерине өзгөртүү киргизет.
"Фейк" маалыматтарды тараткандар мурдагыдай үч эмес беш жылга эркинен ажыратылат. Ал эми согуштун катышуучулары жана жалданма аскерлери тууралуу жалган маалымат тараткандар 15 жылга чейин соттолот. Бул мөөнөт өзгөргөн эмес.
Армияны жаманатты кылган маалыматтардын кесепети ден соолугуна зыян алып келип же массалык башаламандыкка себеп болсо жаза мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарат.
Согуштун катышуучуларына көлөкө түшүргөнгөндөрдү жоокерчиликке тартууну Орусиянын "ЧВК Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин суранган. Орусияда анын жалданма жоочулары ыктыярчылар менен тең каралат.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири - Мамлекеттик Думанын жетекчиси Вячеслав Володин жана анын орун басары Ирина Ярова.
Орус соттору согуш тууралуу расмий маалыматтарга же Коргоо министрлиги тараткан маалыматка дал келбеген ар кандай маалыматты "каралоо" жана атайылап "жалган маалымат таратуу" катары тааныйт. Атап айтканда, болжолдуу согуш кылмыштары, анын ичинде жарандык объекттерге кол салуулар жана жарандардын курмандыктары тууралуу маалымат.
Укук коргоочулардын айтымында, согуш башталгандан бери Орусияда согушка каршы позициясы үчүн 450дөн ашуун адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын 100дөн ашыгы абакта.
Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун орус президенти Владимир Путинди кармоого ордер бергенин колдоду.
Анын белгилешинче, бул Орусияны Украинага каршы жасаган кылмыштары жана мыкаачылыктары үчүн жазага тартуучу "иштин башталышы гана".
"Биз Эл аралык кылмыш сотунун ишин баалайбыз жана колдойбуз. Жазасыздык болушу мүмкүн эмес", - деп жазды Евробиримдиктин Орусиядагы өкүлчүлүгү Телеграм-каналына.
АКШ президенти Жо Байден Гаага соту "жүйөлүү" чечим чыгарганын айтты.
"Путин ачык эле аскерий кылмыш жасады", - деди Байден. Ал соттун чечимин "күчтүү позиция" деп эсептейт.
Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли аскерий кылмыштар үчүн жооптуулардын бардыгы сот алдында турушу керектигин Твиттерге жазды. Дипломат иликтөө иштери уланарына ишеним билдирген.
Сербиянын президенти Александр Вучич сот чечимин комментарийлеп жатып, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатак дагы күчөшү ыктымалдыгын айтып, “Батыш акырына чейин барарын көрсөттү", - деди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш маселени чечүү үчүн керек болгон тараптар менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин анын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Al Jazeeraга берген маегинде билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Гаага сотуна принципиалдуулук үчүн ыраазычылык билдирип, күнөөлүүлөрдү адилет жоопко тартууга даяр экенин белгиледи.