Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:36
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:23 20.3.2023

Орусияда президенттик администрациянын ички саясий блогунда иштеген кызматкерлерге iPhone смартфондорун колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай буйрукту президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко марттын башында берген. Бийлик Apple корпорациясынын смартфондору "батыш адистеринин хакердик жана тыңчылык аракеттерине көбүрөөк кабылышы мүмкүн" деп эсептейт.

Басылманын булактарынын биринин айтымында, президенттик кеңсенин кызматкерлерине Android операциялык системасынын базасында же кытайлык аналогдорунда иштеген смартфондор берилиши мүмкүн. Мындан тышкары "Ростелекомдун" курамындагы "Ачык мобилдик платформа" компаниясы иштеп чыккан орусиялык "Аврора" операциялык системасы да колдонулушу ыктымал.

Буга чейин орус бийлиги аткаминерлерге Zoom тиркемесинен баш тартып, анын орусиялык аналогу Trueconf сервисин колдонууну сунуштаган.

17:42 20.3.2023

Кытайдын төрагасы, бийликтеги Коммунисттик партиянын лидери Си Цзинпин орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-мартта Москвага барды. Бул Кытай лидеринин Орусия Украинага согуш ачкандан берки биринчи сапары.

Синин учагы жергиликтүү убакыт менен саат 13:00 чамасында Внуково аэропортуна конду. Анын алдында башка лайнерде Кытайдын расмий делегациясы барган.

Сапардын алдында Кытайдын "Жэньминь жибао" гезитине орус президенти Владимир Путиндин "Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк" деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндегиси Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан "көп нерсе күтүп жатканын" белгилеген. "Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган сыяктуу", – деп жазган Путин.

Си Цзинпиндин сапары 22-мартка чейин созулат. Мурдараак орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушууда өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланарын билдирген.

Кытайдын лидери Бээжин Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн тынчтык планын сунуштап жаткан мезгилде Орусияга барды. Кытайдын бул сунушун Батыш четке какканы менен Москва кубаттаган.

Си Цзинпин менен Владимир Путин президент катары баш-аягы 39 ирет көзмө-көз жолуккан. Алар акыркы жолу былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинде кездешкен.

Былтыр Путин Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышуу үчүн Бээжинге барып келгенден көп өтпөй Украинага кол салууга буйрук берген. Кытай орус күчтөрүнүн Украинага басып киргенин айыптоодон баш тартып, Батыштын Москвага каршы санкцияларын сындаган. Батыш өлкөлөрү Бээжинди Орусияны курал-жарак берүүнү караштырып жатат деп айыптап келет.

16:23 20.3.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 20-марттагы таңкы брифингде орусиялык аскерлер беш багытта, негизинен Донецк облусунда чабуул жүргүзүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматта Бахмут шаары салгылашуулардын очогу бойдон калып жатканы айтылат.

Башкы штаб өткөн бир суткада украин күчтөрү орустардын 69 чабуулунун мизин кайтарганын маалымдады. Анын ичинде 56 чабуул Донецк жана Запорожье облустарындагы жарандык инфраструктурага урулду. Курмандыктар жана жарадарлар бар экени кабарланды.

Расмий билдирдиүүдө бир күн мурун Украинанын коргоо күчтөрү орус аскерлери топтолгон аймактарга он жолу сокку уруп, каршылаш тараптын ок-дары кампасы жок кылынганы белгиленген.

Орусия Украинага басып киргенине 13 ай болду. Москва бул согушту "атайын операция" деп атайт.

14:12 20.3.2023

Украин расмийлери орусиялык күчтөр ири шаарларды аткылоосун улантып жатканын билдирди. Херсондун жергиликтүү бийлиги аймактагы калктуу конуштарга бир сутка ичинде 53 ирет сокку болгонун ырастады. Снаряддар турак-жайларга тийген учурлар да катталып, эки киши каза жараат алган.

Харьковдо кеминде 13 айыл-кыштак чабуулга кабылды. Украинанын Запорож облусунун бийлиги Каменское кыштагына урулган соккудан үч киши набыт болуп, эки киши жаракат алганын билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча, кеп бул жерде "Град" ракеталык системасы тууралуу жүрүүдө. Тургундарды согуш жүрүп жаткан аймактардан коопсуз жайга чыгып кетүүгө чакырып жатышат.

Артиллериялык соккуга Херсон облусундагы Белозерка кыштагы дагы кабылган. Жергиликтүү бийлик ураган үйдүн алдында калган аял жаракат алганын кабарлады.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG