Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:48
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Украина: Орусиянын чабуулунан бир нече киши каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:07 22.3.2023

Орусиялык авиация Одессага ракеталык сокку урду

Одесса облусунун аскер администрациясы Юрий Крук бир нече Су-35 ракета Кара деңиз тараптан урулду. Алардын экөө атып түшүрүлдү. "Юг" биргелешкен башкармалыгынан бир ракета кечилкананын аймагындагы үч кабаттуу курулушка тийгенин билдирди. Кеминде үч адам жабыркады.

11:41 22.3.2023

Украинанын соту Орусиянын парламентинин төмөнкү палатасынын 20 депутатын мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга сыртынан эркинен ажыратты.

Алар Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Кеп Луганск жана Донецк жикчилдеринин көз карандысыздыгын таануу талабы менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасагандар жөнүндө болуп жатат. Ага 2022-жылдын февраль айында, Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кириши башталганга чейин кол коюлган.

Украинанын Коопсуздук кызматы соттолгондордун атын атады. Алар: Сергей Алтухов, Андрей Альшевских, Ольга Занко, Андрей Аникеев, Григорий Аникеев, Валентина Артамонова, Отари Аршба, Алёна Аршинова, Тимофей Баженов, Зариф Байгускаров, Николай Борцов, Вадим Булавинов, Дмитрий Исламов, Михаил Кузьмин, Денис Майданов, Николай Панков, Юрий Петров, Ольга Пилипенко, Валентина Пивненко, Дмитрий Погорелый.

Соттук териштирүүнүн чоо-жайы жана кайсы сот чечим чыгарганы жөнүндө маалымат айтылган эмес. Орусияда Мамдуманын депутаттары кол тийбестик макамына ээ жана палатанын уруксаты жок кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

11:40 22.3.2023

Америка Кошмо Штаттары Украинага Patriot абадан коргонуу системасын жана Abrams үлгүсүндөгү танкын мурда пландалган мөөнөттөн эрте жеткирет.

Бул тууралуу CNN телеканалы АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянып билдирди. Маалыматта жакын арада 65 украин аскери америкалык Форт Силл базасындагы окуусун жыйынтыктай турганы айтылган. Андан кийин алар Украинага жакын арада жеткириле турган Patriot системасын иштеткенди үйрөнүү үчүн Европадан окушат. Расмий адамдардын айтымында, украин аскерлери абадан коргонуу системасы боюнча базалык билими болгондуктан Форт Силлдеги машыгууну тезирээк аякташкан.

Шейшембиде АКШ Украинага Abrams танктарын жеткирүү мөөнөтүн кыскартып, эски үлгүдөгү M1-A1 танктарын жөнөтө турганы белгилүү болгон.

АКШ мурдараак M1-A2нин заманбап версиясын жөнөтө турганын билдирген, бирок бул үчүн жаңы танктарды чыгаруу же эскилерин жаңылоо, андан кийин украин аскерлеринин машыгуусу керек болот.

Аткаминерлердин бири CNN телеканалына танктардын эскирээк үлгүсү күз айларында жөнөтүлө турганын билдирген. Буга чейин бул бери дегенде бир жылдан ашуун убакытты алышы ыктымалдыгы айтылган.

Кошмо Штаттардын Коргоо кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби АКШ Украинага танктарды жөнөтүүнү тездетүү үстүндө иштеп жатканын айткан. Жалпысынан 31 танкты жөнөтүү пландалууда.

20:35 21.3.2023

21-мартта Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида күтүлбөгөн сапар менен Киевге барды. Кисиданы Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жетинин" онлайн саммитинде чакырган. Жапония учурда "Чоң жетиге" төрагалык кылууда.

Маалыматка караганда, эки лидер согушта жабыркаган Украинаны калыбына келтирүүдө Жапониянын колдоосун талкуулашат.

Мурдараак Жапониянын Тышкы иштер министрлиги өкмөт башчы Украинага тилектештик максатында Киевге баратканын билдирген. NHK телеканалы Кисида Польшага чектеш Пржемысль шаарында поездге отурганын көрсөттү.

Жапония май айында Хиросимада "Чоң жетинин" саммитин өткөрөт. Кисида бул саммит Украинадагы согушка жооп иретинде эл аралык түзүлүштү жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча күчтүү эркти көрсөтүшү керектигин билдирген.

Кисида бейшембиде Жапонияга кайтар алдында Польшанын бийлиги менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Февралдын аягында Токиодогу глобалдык форумда Кисида Жапония согуштан кыйраган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 миллиард долларлык жардам берерин жарыялаган.

Согуш башталгандан бери Токио Киевге 600 миллион долларлык каржылык жана ири гуманитардык жардам көрсөттү.

Жапония АКШ менен Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларына кошулган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG