Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Украинага тилектештик билдирүү үчүн Киевге барат.
Жапон тышкы иштер министрлиги 21-мартта билдиргендей, ал президент Владимир Зеленский менен жолугушат.
NHK телеканалы Кишида Польшага чектеш Пржемысль шаарында поездге отурганын көрсөттү.
Жапония май айында Хиросимада Чоң жетиликтин саммитин өткөрөт. Кисида бул саммит Украинадагы согушка жооп иретинде эл аралык тартипти жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча күчтүү эркти көрсөтүшү керектигин билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, Кисида бейшембиде Жапонияга кайтардын алдында Польша бийлиги менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы бир суткада Орусиянын 120дан ашуун чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.
Киевдин маалыматына караганда, орус аскерлери Бахмут, Авдеевка, Маринка, Лиман жана Шахтерск багыттарында алдыга жылып баратат.
Башкы штаб Купянск жана Лиманда орустардын украин армиясынын коргонуусун жырып өтүү аракети ийгиликсиз болгонун белгиледи.
Бахмут калаасында айыгышкан салгылашуу уланууда.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде бейформал жолугушуу өткөрдү.
Синин Орусияга визити Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Путинди кармоого ордер бергенден үч күндөн кийин жасалды.
Путин сүйлөшүүнүн башында Сини Кытайдын төрагалыгына кайра шайланышы менен куттуктап, Орусия менен Украинанын согушун токтотуу боюнча Бээжиндин сунушун кылдат талдап чыкканын билдирди. Ал орус бийлиги сүйлөшүү процессине ачык экенин белгиледи.
Си Цзинпин Кытайдын төрагасы болуп кайра шайлангандан кийинки биринчи эл аралык сапарын Орусияга жасаганын айтты. Ал келерки жылы Орусияда президенттик шайлоо өтөрүн эске салып, “орусиялыктар жакшы аракеттериңиз үчүн сизди колдойт деп ишенем”, - деди Си.
Си Цзинпиндин Орусиядагы сапары 22-мартка чейин уланат. Расмий сүйлөшүүлөр 21-мартта өтүп, жеке жана кеңири форматта жолугушуулар болот.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Си Цзинпиндин Москвага сапары орусиялыктардын Украинадагы кылмышы үчүн Кытай “дипломатиялык калканыч” даярдап жатканын көрсөткөнүн айтты.
20-мартта кечке жуук Орусия аннексиялап алган Крымдын аймагындагы Жанкой шаарында жарылуулар болду. Жергиликтүү жашоочуларга аткылоонун добушун угулганын “Радио Свобода” жазды.
Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов бир киши жараат алганын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча эки имарат – турак жай жана дүкөнгө зыян келтирилген.
Жарылуу болжол менен Крымга барчу темир жолдо болгон. Бул жолду Орусия аскердик техникаларды жана ок-дарыларды жеткирүү үчүн колдонуп келген.
Жергиликтүү Телеграм-каналдар бул чабуул учкучсуз аппарат менен жасалышы мүмкүн экенин жазышууда.
Аксёновдун айтымында, ошол маалда Жанкойдун аймагында абадан коргонуу системасы иштеген.
Шаар администрациясынын башчысы Игорь Ивин шаарга учкучсуз аппараттар менен сокку урулганын, эки көчөдө дрондун калдыктары табылганын ырастады.
Украинанын чалгын башкармалыгынын башчысы Жанкойдо темир жол менен ташылып келе жаткан орусиялык “Калибр НК” канаттуу ракеталары жок кылынганын билдирди.