Орусиянын Тергөө комитети Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Ахмад Ханга, судьялар Томоко Аканэ, Розарио Сальваторе Айтала жана Серхио Жерардо Угальде Годинеске кылмыш ишин козгоду. Буга чейин алар Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер беришкен.
Орусиянын Тергөө комитети Путин менен Львова-Белованын кылмыш жоопкерчилигине тартууну негизсиз деп эсептейт.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" кармоого 17-мартта ордер чыгарган. Ошондой эле Львова-Беловага дагы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн кармоого ордер чыккан.
Гаага соту эки айыпталуучу тең аскердик кылмышка барып, элди күч менен депортациялап, башка жакка көчүргөн деп шек санайт. Путин “мындай ишти жасаган же ага жол берген жарандарды жана өзүнө баш ийген аскерлерди тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй алган эмес” деп айтылат эл аралык соттун билдирүүсүндө.
Айрыкча Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.
Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.
Орусияда президенттик администрациянын ички саясий блогунда иштеген кызматкерлерге iPhone смартфондорун колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай буйрукту президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко марттын башында берген. Бийлик Apple корпорациясынын смартфондору "батыш адистеринин хакердик жана тыңчылык аракеттерине көбүрөөк кабылышы мүмкүн" деп эсептейт.
Басылманын булактарынын биринин айтымында, президенттик кеңсенин кызматкерлерине Android операциялык системасынын базасында же кытайлык аналогдорунда иштеген смартфондор берилиши мүмкүн. Мындан тышкары "Ростелекомдун" курамындагы "Ачык мобилдик платформа" компаниясы иштеп чыккан орусиялык "Аврора" операциялык системасы да колдонулушу ыктымал.
Буга чейин орус бийлиги аткаминерлерге Zoom тиркемесинен баш тартып, анын орусиялык аналогу Trueconf сервисин колдонууну сунуштаган.
Кытайдын төрагасы, бийликтеги Коммунисттик партиянын лидери Си Цзинпин орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-мартта Москвага барды. Бул Кытай лидеринин Орусия Украинага согуш ачкандан берки биринчи сапары.
Синин учагы жергиликтүү убакыт менен саат 13:00 чамасында Внуково аэропортуна конду. Анын алдында башка лайнерде Кытайдын расмий делегациясы барган.
Сапардын алдында Кытайдын "Жэньминь жибао" гезитине орус президенти Владимир Путиндин "Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк" деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндегиси Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан "көп нерсе күтүп жатканын" белгилеген. "Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган сыяктуу", – деп жазган Путин.
Си Цзинпиндин сапары 22-мартка чейин созулат. Мурдараак орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушууда өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланарын билдирген.
Кытайдын лидери Бээжин Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн тынчтык планын сунуштап жаткан мезгилде Орусияга барды. Кытайдын бул сунушун Батыш четке какканы менен Москва кубаттаган.
Си Цзинпин менен Владимир Путин президент катары баш-аягы 39 ирет көзмө-көз жолуккан. Алар акыркы жолу былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинде кездешкен.
Былтыр Путин Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышуу үчүн Бээжинге барып келгенден көп өтпөй Украинага кол салууга буйрук берген. Кытай орус күчтөрүнүн Украинага басып киргенин айыптоодон баш тартып, Батыштын Москвага каршы санкцияларын сындаган. Батыш өлкөлөрү Бээжинди Орусияны курал-жарак берүүнү караштырып жатат деп айыптап келет.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 20-марттагы таңкы брифингде орусиялык аскерлер беш багытта, негизинен Донецк облусунда чабуул жүргүзүп жатканын билдирди.
Расмий маалыматта Бахмут шаары салгылашуулардын очогу бойдон калып жатканы айтылат.
Башкы штаб өткөн бир суткада украин күчтөрү орустардын 69 чабуулунун мизин кайтарганын маалымдады. Анын ичинде 56 чабуул Донецк жана Запорожье облустарындагы жарандык инфраструктурага урулду. Курмандыктар жана жарадарлар бар экени кабарланды.
Расмий билдирдиүүдө бир күн мурун Украинанын коргоо күчтөрү орус аскерлери топтолгон аймактарга он жолу сокку уруп, каршылаш тараптын ок-дары кампасы жок кылынганы белгиленген.
Орусия Украинага басып киргенине 13 ай болду. Москва бул согушту "атайын операция" деп атайт.