Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Украина: Орусиянын чабуулунан бир нече киши каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:12 20.3.2023

Украин расмийлери орусиялык күчтөр ири шаарларды аткылоосун улантып жатканын билдирди. Херсондун жергиликтүү бийлиги аймактагы калктуу конуштарга бир сутка ичинде 53 ирет сокку болгонун ырастады. Снаряддар турак-жайларга тийген учурлар да катталып, эки киши каза жараат алган.

Харьковдо кеминде 13 айыл-кыштак чабуулга кабылды. Украинанын Запорож облусунун бийлиги Каменское кыштагына урулган соккудан үч киши набыт болуп, эки киши жаракат алганын билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча, кеп бул жерде "Град" ракеталык системасы тууралуу жүрүүдө. Тургундарды согуш жүрүп жаткан аймактардан коопсуз жайга чыгып кетүүгө чакырып жатышат.

Артиллериялык соккуга Херсон облусундагы Белозерка кыштагы дагы кабылган. Жергиликтүү бийлик ураган үйдүн алдында калган аял жаракат алганын кабарлады.

20:48 19.3.2023

Украинанын бийлик өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Мариупол шаарына барганын кескин сынга алышты. Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "кылмышкер дайыма кылмыш орун алган жерге кайтып барат" деп Твиттерге жазды.

"Цивилизациялуу дүйнө "согуштун башчысын" (В.В. Путин) чек арадан өтүп калса кармагыла деп жарыялап жатканда Мариуполдогу миңдеген үй-бүлөлөрдү өлтүргөн киши шаардын урандыларына жана мүрзөлөргө суктанайын деп келди", - деп билдирди Подоляк.

Аны улай Украинанын Коргоо министрлиги Путин Мариуполго "түн жамынып ууруларча" барганын, бул ал үчүн коопсузураак жол болгонун Твиттерге жазды.

Орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарынын бозгундагы жергиликтүү кеңеши да Путиндин сапарын кескин сындады.

"Эл аралык кылмышкер Путин оккупациядагы Мариуполго барыптыр. Ал "шаарды кайра курууну" түн ичинде көрдү. Балким анын "боштондук" күчтөрү өлтүрүп, талкалаган шаарды күндүз көрбөйүн деген чыгар", - деп айтылат шаардык кеңештин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарына барганын 19-мартта Кремлдин расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Мариуполго тик учак менен барып, шаардын бир нече районун автоунаа менен кыдырган. Путинди орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин коштоп жүргөн.

Расмий маалыматта айтылгандай, Путин "яхта клубунун жээгин, театрдын имаратын, шаардагы тарыхый жерлерди кыдырып, Невский проспектисинде жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн." Кремлге ыктаган телеканалдар Путиндин "Мариуполдун тургундары менен сүйлөшүп жатканы" тартылган видеолорду көрсөтүштү.

Бул Путиндин былтыр 24-февралда согуш башталгандан бери Украинадагы орус күчтөрү көзөмөлдөп турган аймактардагы алгачкы сапары.

Орусия Мариуполду 2022-жылдын май айында узакка созулган кармаштардан кийин басып алган. Орус күчтөрү шаарды артиллериядан тынымсыз аткылап, калаадагы инфраструктураны дээрлик толук талкалаган.

Путин Мариуполго чейин ишемби күнү Крым жарым аралына барганы кабарланган. Андан бир күн мурда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоо ордерин чыгарган. Буга Кремлдин украиналык өспүрүмдөрдү Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы себеп болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарына барганын 19-мартта Кремлдин расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Мариуполго тик учак менен барып, шаардын бир нече районун автоунаа менен кыдырган. Орус президенти "Мариуполдун тургундары менен жолугуп жатканын көрсөтөт" деген видеодон алынган сүрөт. Видеонун чын-бышыгын аныктоо мүмкүн боло элек.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарына барганын 19-мартта Кремлдин расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Мариуполго тик учак менен барып, шаардын бир нече районун автоунаа менен кыдырган. Орус президенти "Мариуполдун тургундары менен жолугуп жатканын көрсөтөт" деген видеодон алынган сүрөт. Видеонун чын-бышыгын аныктоо мүмкүн боло элек.

13:12 19.3.2023

Кремлдин басма сөз кызматы Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын окуппацияланган Мариуполь шаарына барганын билдирди. Орус басылмалары ал аймакка тик учак менен барганын, шаарды машине менен кыдырганын жазышты. Ошондой эле Путин “яхта-клубдун аймагынан жээкке көз чаптырганы, театрдын имаратын, эстелик жерлерди көргөнү, “Невский” районунда жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөнү” айтылат.

Бул Путиндин Украинанын оккупацияланган аймагына биринчи сапары. Анын Мариуполго барганын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Кремль Путиндин бул сапарынан сүрөт, видео жарыялаган жок.

Былтыр февраль айынын этегинде Орусия Украинага басып кирген. Жазында Мариуполду орус аскерлери көзөмөлгө алган. Шаар орус армиясынын эң көп соккусуна туш болгон. Миңдеген адам өлүп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. Украинанын президенти Владимир Зеленский согушта Мариуполдун 95% кыйраганын айткан. Орус бийлиги жайында калаа калыбына келтирилерин билдирген.

11:31 19.3.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Киевге каршы согуш ачкандан бери биринчи жолу аннексияланган Крымга келди. Кремль тараткан маалыматта 18-мартта Путин Севастополдо тарыхый-археологиялык “Херсонес Таврический” паркына барганы, андагы “Корсунь” деген балдар борборунун ачылышына катышканы айтылат.

Аймактын Москва дайындаган губернатору Михаил Развожаев Телеграм-каналына орус президентинин сапары алдын ала пландалбаганын, келиши менен “таң калтырганын” жазды. Анын ырасташынча, Путин балдар борборунун ачылышына онлайн катышканы жаткан. Развожаев ошондой эле, Путин “рулда келгенин” белгиледи, бирок Крымга кайсы тараптан, кантип келгенин тактаган жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG