Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында орток базар курулат


Өзбек-тажик чек арасында орток базар курулат
Өзбек-тажик чек арасында орток базар курулат

Өзбекстандын Фергана облусу менен Тажикстандын Согд облусунун ортосунда "Андархон" аттуу чек ара базары курула турган болду. Бул эки коңшу өлкөнүн чек арасында Советтер Союзу ыдырагандан кийинки биринчи орток базар болорун "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, соода-логистикалык базар Фергана облусунун Бешарык районунда өзбекстандык бизнесмендердин колдоосу менен курулат жана аны эки мамлекеттин ишкерлери чогуу пайдаланат.

13-мартта Согд жана Фергана облустарынын жетекчилери бул базардын пайдубалын түптөө аземине катышты.

"Андархон" базарына 5 гектар аянтка курулат жана бул аймакка 200дөй дүкөн, банк филиалы, ресторан жана кафе, мейманкана, логистикалык борбор жайгашат. Бул борбордо эки облустун ишканаларында өндүрүлгөн продукциялар сатылат. Тажик-өзбек ишкерлери мындай базар чек ара аймактарында бизнести өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип, азык-түлүктүн баасын арзандатарын айтышты.

Соңку жылдары Өзбекстан менен Тажикстандын саясий-экономикалык алака-катышы жанданды. 2022-жылы Тажикстандын бир эле Согд облусу менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү 200 миллион доллардан ашкан.

Кезинде Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилеси суу ресурстарын пайдаланууга байланыштуу талаш-тартыштардан улам начарлап кеткен. Республикалар ортосундагы аба каттамы үзгүлтүккө учурап, автобус каттамдары токтоп калган жана эки өлкө ортосунда виза режими киргизилген.

Өзбекстанда 2016-жылы Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин мамиле жакшыра баштаган. Акыркы жылдары эки өлкөнүн президенттери бир нече ирет жолугуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимдерге кол коюшкан. Ортодо виза тартиби жоюлуп, эки тарап товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көтөрүүнү макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG