Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Кремль Путин оккупацияланган Мариуполдо болгонун билдирди


Былтыр Мариуполду орус аскерлери көзөмөлгө алган жана шаар орус армиясынын эң көп соккусуна туш болгон.
Былтыр Мариуполду орус аскерлери көзөмөлгө алган жана шаар орус армиясынын эң көп соккусуна туш болгон.

Кремлдин басма сөз кызматы Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын окуппацияланган Мариуполь шаарына барганын билдирди. Орус басылмалары ал аймакка тик учак менен барганын, шаарды машине менен кыдырганын жазышты. Ошондой эле Путин “яхта-клубдун аймагынан жээкке көз чаптырганы, театрдын имаратын, эстелик жерлерди көргөнү, “Невский” районунда жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөнү” айтылат.

Бул Путиндин Украинанын оккупацияланган аймагына биринчи сапары. Анын Мариуполго барганын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Кремль Путиндин бул сапарынан сүрөт, видео жарыялаган жок.

Былтыр февраль айынын этегинде Орусия Украинага басып кирген. Жазында Мариуполду орус аскерлери көзөмөлгө алган. Шаар орус армиясынын эң көп соккусуна туш болгон. Миңдеген адам өлүп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. Украинанын президенти Владимир Зеленский согушта Мариуполдун 95% кыйраганын айткан. Орус бийлиги жайында калаа калыбына келтирилерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG