Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Киев Москвадан Орусиядагы украиналык балдардын тизмесин сурады


Ирина Верещук.
Ирина Верещук.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия алып кеткен украиналык балдардын тизмесин сурап Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Беловага кайрылды. Анын орус тилиндеги билдирүүсү Телеграм-каналга жарыяланды. Анда былтыр 24-февралдан кийин Орусия чыгарып кеткен, оккупацияланган аймактарда калган томолой жетим жана ата-энесинин кароосунан ажыраган украиналык балдар тууралуу сөз болгон.

Мунун алдында, 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камоо тууралуу ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыгарганына байланыштуу айып коюлган.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечиминин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.

XS
SM
MD
LG