Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Украина: Орусиянын чабуулунан бир нече киши каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:06 23.3.2023

Запорожьедеги көп кабаттуу үй аткылангандан жабыркагандар 34 адамга жетти

Запорожьеде уранды астынан куткаруу иштери бүткөнүн Украинанын ИИМнин башчысы Игорь Клименко билдирди.

"Украинанын куткаруу кызматы уранды астынан алты адамды алып чыкты, эки кабаттагы өрттү өчүрдү. 34 адам жабыр тартты, 29 госпитализация болду. Алардын үчөө балдар. Тилекке каршы, бирөө ооруканада жан берди", - деп жазды Клименко Фейсбукка.

20:15 22.3.2023

22-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Бахмуттун жанында cогушуп жаткан жоокерлерге барды.

Президенттин басма сөз кызматы Зеленский Бахмуттагы кан күйгөн майданда мекенин коргоп жаткан аскер кызматкерлери менен жолугуп, аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын кабарлады.

"Бүгүн бул жерде - мамлекетибиздин чыгышында, Донбасста болуу жана биздин баатырларыбызды сыйлоо мен үчүн сыймык. Мамлекетибизди, эгемендигибизди коргоп жатканыңыз үчүн ыраазчылык билдирем", — деди ал.

Бул Зеленскийдин Бахмутка акыркы үч айдагы экинчи сапары. Декабрда АКШга барар алдында Бахмутка келип, баатыр жоокерлерге медалдарды тапшырган.

Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн. Кармаштар Лиман, Авдеевка, Маринка жана Шахтерскиде да уланууда.

Зеленский буга чейин өлкө чыгышында "тагдыр чечкен кармаш" жүрүп жатканын айткан.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

20:12 22.3.2023

Украинанын Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө орус армиясы аткан ракета тийип, жети адам набыт болду. Дагы 25 киши жараат алды, алардын экөө бала.

"Настоящее время" каналы кабарлагандай, 22-мартта ракета тогуз кабаттуу турак жайга тийгенде өрт чыгып, коңшу үйгө да жармашкан.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы "Украинская правда" басылмасына жети киши өлгөнүн тастыктады.

Президент Владимир Зеленский Запорожьедеги көп кабаттуу үйгө ракета тийгенде көзөмөл камерасына жазылып калган видеону Телеграм-каналына жана Фейсбукка жарыялады.

"Орусия шаарды жырткычтык менен аткылоодо. Карапайым калк жана балдар жашаган конуштарга сокку урду. Террордук мамлекет шаарларыбызды, мамлекетибизди, элибизди жок кылууну көздөп жатат" - деп жазды президент.

Зеленский орус террорун жеңип, адам өмүрүн сактап калуу үчүн дүйнөнүн биримдиги жана чечкиндүүлүгү зарылдыгын белгиледи.

Шаршембиге караган түнү орус күчтөрү Украинанын бир нече аймагына чабуул жасаганда кеминде үч жай тургун каза тапканы мурдарак кабарланган. Расмий билдирүүдө Орусия ирандык дрондор менен 21 жолу кол салганы, алардын 16сы атып түшүрүлгөнү айтылат.

Киевде жана бир катар аймактарда түн жарымында бир нече саатка созулган аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланган.

Башкы штабдын маалыматына караганда, украин күчтөрү акыркы 24 саатта орустардын 114 чабуулунун мизин кайтарды. Бахмут шаары үчүн салгылаш уланууда.

17:26 22.3.2023

Орус армиясы Украинанын Запорожье шаарына 22-мартта ракеталык сокку урду. Ал көп кабаттуу турак жайга тийгенин, өрт чыгып, коңшу үйдүн кабаттарынын бирине өткөнүн "Настоящее время" телеканалы кабарлады. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ракетадан сокку урулганын Украина президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак тастыктады. Анын айтымында, орусиялык ракеталар турак жайларга жана Хортица аралына тийген.

Ракета көп кабаттуу үйгө тийген учурду "Реал Запорожье" Телеграм-каналы жарыялады. Маалыматка караганда, дагы бир жарылбаган ракета ошол үйдүн чатырына тыгылып калган.

Шаршембиге караган түнү орус күчтөрү Украинанын бир нече аймагына чабуул жасаганда кеминде үч жай тургун каза болгонун өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлаган. Расмий билдирүүдө Орусия ирандык дрондор менен кол салганын, алардын 16сы атып түшүрүлгөнү айтылат.

Киевде жана бир катар аймактарда түн жарымында бир нече саатка созулган аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланган. Түндүктөгү Житомир облусунда учкучсуз учактын чабуулунан инфраструктуралык объект зыянга учураганын жергиликтүү администрациясынын башчысы Виталий Бунечко кабарлады.

Башкы штабдын маалыматына караганда, украин күчтөрү акыркы 24 саатта 114 чабуулдун мизин кайтарды. Бахмут шаарын көзөмөлгө алуу үчүн салгылашуу уланып жатат.

21-мартта Орусиянын Су-35 согуштук учактары Кара деңизден Одессага чабуул койгон. Андан үч адам жабыркап, алардын бири ооруканага жаткырылганын Башкы прокуратура маалымдады.

"Азаттык" радиосунда согуш учурундагы маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүнчүлүгү жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG