Украин президенти Владимир Зеленский 23-мартта түштүктөгү Херсон облусуна барып кетти.
Жергиликтүү инфраструктураны кыдырганда президент орус басыкынчылыгынан жабыр тарткан аймакта “бардыгы калыбына келтирилерине” убада кылды.
“Кыш келгиче кыйраган объектилерди кайра курууга аракеттенебиз. Калкты электрэнергия менен камсыз кылууга артыкчылык берилмекчи. Таза суу дагы пландалган мөөнөттө берилет. Бардыгы жакшы болот деп ишенем”, - деген президенттин сөздөрү анын сайтында жайгаштырылды.
Херсон облусу Москва аннексиялап алганын жарыялаган төрт аймактын бири. Ноябрда украин аскерлери анын ири бөлүгүн, борбор шаарын бошотушкан.
Бир күн мурда Зеленский Бахмуттагы майдан тилкесинде жоокерлер менен жолугушууда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Андан кийин Харьков облусунда медициналык жайга барып кетти. Мунун алдында Орусиянын аба соккусунан Украинанын бир нече шаарында кеминде 10 киши набыт болгон. Дүрмөттөрдүн бири Киевдин түштүгүндөгү шаарчада жатаканага, Херсондо кардиологиялык ооруканага тийген. Зеленский Москванын жайкын тургундарды бутага алуусу Орусия тынчтык орнотууга кызыкдар эместигин көргөзөт деп айтып, каршы тарапты “жырткыч мыкаачылыкка” айыптады.
Ал арада Бахмут жана айланасында катуу салгылашуулар уланып жатат.
Украин куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы аскерлер чыгыштагы фронт тилкесинде акыркы 24 саатта орус армиясынын 83 чабуулунун мизин кайтарганын бейшембиде билдирди. Алардын көбү Донецк облусунун Бахмут шаарына туура келет.
Орусия Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерск багыттарында да чабуулдарын улантууда. Украин Башкы штабы каршы тарап “көптөгөн жоготууларга учурап, курал-жарак, аскердик техникасынан ажырап жатканын” кошумчалады.
Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Муну менен бирге Британиянын аскердик чалгын кызматы Москванын урандыларга айланган Бахмутту алуу аракети украин аскерлеринин туруштугуна туш болуп, күчүн жогото баштады деп болжолдойт. Эки тарап тең чоң жоготуулар болуп жатканын белгиледи.
Украин президенти Владимир Зеленский 22-мартта Бахмут аймагындагы согуш тилкесинде болуп, ал жактагы абал менен таанышты жана жоокерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Ошол эле күнү орус армиясы аткан ракета Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийип, жети адам набыт болду. Дагы 25 киши жараат алды, алардын экөө бала.
Ал арада НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг Путин тынчтык орнотууга кызыкдар эмес көрүнөт деп билдирди. The Guardian гезитине берген маегинде ал орус президенти “Иран, Түндүк Корея өңдүү авторитардык режимдер курал-жарак алууга аракеттенүүдө” деп айтты.
КШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Рим статутуна кол койгон жана Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун ишине катышкан бардык өлкөлөрдү орус президенти Владимир Путинди камоо жөнүндө ордерди аткарууга чакырды. Путин Украинада аскердик кылмыштарды жасоого шектелүүдө.
Блинкен Сенат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, "Эгер Путин Евробиримдикке барса, ал жакта кармалышы керекпи?" деген суроого Эл аралык кылмыш сотунун ар бир мүчөсү өз милдеттенмесин аткарышы керектигин айтты.
Орус президенти жакын арада Кошмо Штаттарга барары күмөн экенин белгилеп, АКШ Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү эмес экенин кошумчалады.
Өткөн аптада Эл аралык кылмыш соту Путин менен Орусиянын балдар укуктары боюнча атайын өкүлү Мария Львова-Белованы камоого ордер чыгарган. Алар украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө. Орус бийлиги айыптоону чекте каккан жана Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.
Мурдараак Германиянын юстиция министри эгер Путин өлкөгө келсе кармаларын жана Гаагага өткөрүлүп берилерин тастыктаган. Жайында БРИКС саммити өтө турган Түштүк Африка бийлигинин өкүлү өлкө Эл аралык кылмыш сотунун ордерин көңүлгө алганын жана өз милдеттенмелери жөнүндө билерин айткан. Ошол эле маалда ал Путин келсе, кармалар-кармалбасын так белгилеген эмес.
- Орусия басып алган Мелитополдун борборунда машине жарылды, андан полиция кызматкери жабыркаганы тууралуу кабарланды;
- Испания Евробиримдиктин украин армиясы үчүн миллион курал-жарак алып берүү демилгесине кошулду;
- МАГАТЭ Запорожье АЭСинде демилитаризациялык зона түзүү идеясынан баш тартты.