24-мартка караган түнү Орусия аткан ракета Украинанын Константиновка калаасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна тийип, үч адам набыт кетти. Алар айыгышкан согуш болуп жаткан Бахмут калаасынан жер которуп келген аялдар экенин, урандылардын астында калып каза тапканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Дагы эки киши жараат алган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, орустар С-300 зениттик-ракеталык комплексинен аткылаган.
Прокуратура Украинанын Кылмыш-жаза кодексиндеги Согуш мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Константиновка шаары Донецк облусунда жайгашкан.
Андан тышкары, Орусия 24-мартка караган түнү Украинанын Кривой Рог калаасына дрондон сокку урду. Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башсысы Сергей Лысак жабыркагандар жоктугун билдирди.
Анын айтымында орустар колдонгон ирандык "Шахед" учкучсуз учактарынын бирин украиналык аскерлер атып түшүрдү. Андан тышкары, шаар беш зениттик ракета менен аткыланды. Кол салуунун кесепети иликтенип жатат.
Түн жарымында калаада абадан эскертүү жаңырды.
Орусия 24-мартка караган түнү аткан ракета Украинанын Константиновка калаасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна тийип, үч адам набыт кетти. Алар айыгышкан согуш болуп жаткан Бахмут калаасынан жер которуп келген аялдар экенин, урандылардын астында калып каза болушканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Дагы эки киши жараат алган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, орустар С-300 зениттик-ракеталык комплексинен аткылаган.
Прокуратура Украинанын Кылмыш-жаза кодексиндеги Согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Константиновка шаары Донецк облусунда жайгашкан.
Андан тышкары, Орусия 24-мартка караган түнү Украинанын Кривой Рог калаасына дрондон сокку урду. Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башсысы Сергей Лысак жабыркагандар жоктугун билдирди.
Анын айтымында орустар колдонгон ирандык "Шахед" учкучсуз учактарынын бирин украиналык аскерлер атып түшүрдү. Андан тышкары, шаар беш зениттик ракета менен аткыланды. Кол салуунун кесепети иликтенип жатат.
Түн жарымында калаада абадан эскертүү жарыяланган.
Орусиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламов менен “Агора” эл аралык укук коргоо тобунун башчысы Павел Чиковду “чет элдик агент” деп жарыялады. Реестрге ЛГБТ топторуна таандык "Парни Плюс/Парни+" сайты, “Воля” партиясынын жана “Путь к солнцу” оккультизм борборунун башчысы Светлана Лада-Русь, “Дождь” телеканалынын журналисти Богдан Бакалейко, саясат таануучу Руслан Айсин да кирген.
Юстиция министрлиги Варламов менен Чиковду “мамлекеттик бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө так эмес маалыматтарды тараткан” деп эсептейт. Мекеме ошондой эле Варламовдун “чет элдик булактардан колдоо” алганын, Чиковду болсо "чет элдик агенттер тууралуу маалыматтарды даярдап, аны тараткан" деп айтууда.
"Парни Плюс/Парни+" сайтынын “чет элдик агенттердин” катарына кошулушуна “мамлекеттик саясатка каршы келген ЛГБТ топторун пропагандалоону” жана “чет элдик агенттердин” материалдарын таратуу негиз келтирилген. Ал эми Светлана Лада-Русь боюнча “азыркы бийликке каршы күрөшүүгө чакырык жасаган, Украинадагы согушка каршы чыккан, согушка жана мамлекеттик кызматка карата терс маанай жараткан” деп жазылган.
Руслан Айсиндин тизмеге киришине министрлик “мамлекеттик бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө так эмес маалыматтарды таратканын” жана Украинадагы согушка каршы пикирин билдиргенин негиз келтирген.
Богдан Бакалейко болсо “чет элдик агенттер даярдаган материалдарды жана билдирүүлөрдү тараткан”, “мамлекеттик бийликтин иши боюнча терс маалыматтарды тараткан” жана Украинадагы согушка каршы көз карашын билдирген.
Юстиция министрлигинин "чет элдик агент" тизмесине жүздөгөн адам киргизилген. Алардын арасында журналисттер, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү бар.
Чет элдик агент деп таанылган киши үч ай сайын жеке эсебиндеги каражат жана жалпыга жазгандары боюнча отчет берип турууга тийиш. Болбосо эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.
Словакия Украинага 4 даана МиГ-29 истребителин өткөрүп берди. Согуш тутангандан бери Киев чет жактан аскердик учактарды алганы биринчи жолу кабарланды. Украин бийлиги былтыркы февралдан бери Батыштан авиациялык техника сурап келет.
Братислава жалпысынан советтик 13 истребителди берүүнү пландап жатканын, адегенде 4 даана жөнөтүлгөнүн коргоо министри Ярослав Надь Фейсбукка жазды. Калгандары бир нече жуманын ичинде берилимекчи.
Украин аба күчтөрү аталган МиГ-29 учактарын колдонуп келет, аларды башкара ала турган пилотторду даярдоо системасы жолго коюлган. World Air Forces 2022 маалымдамасында көрсөтүлгөндөй, согушка чейин ал өлкөдө 51 даана бар болчу.
Жакында Украинаны ушундай эле истребителдер менен Польша дагы камсыз кылганы жатат.
Мурда бул өлкөлөр Батыштагы өнөктөштөрү менен макулдашуу керек деген негизде аскердик учактарды берүүдөн карманып келген.