Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:27 25.3.2023

Краматорск шаарынын мэри Александр Гончаренко орусиялык күчтөрдүн ракета соккусунан кийин кыйраган имараттардын сүрөтүн чыгарды. Адамдар арасында жабыркагандар жок.

17:22 25.3.2023

Украинанын Бахмут шаарында айыгышкан кармаш уланууда жана соңку 24 саатта Орусия ондогон сокку урду.

Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 25-мартта билдирди.

Башкы штаб мындан сырткары Бахмут фронтунун айланасындагы Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка жана Шахтерск тилкелеринде 60тай кагылышуу катталганын тактады. Бул райондордо акыркы апталарда катуу кармаштар болуп жатат.

25-мартта Херсон облусунун түштүгүндөгү Аймактык коргонуу күчтөрү соңку суткаларда орус тараптан көптөгөн аткылоо болгонун маалымдады. Дүрмөттөр турак жайларга тийип, эки адам өлгөнү да кабарланды. Херсон шаардык кеңеши Днепр дарыясына жакын жашагандарды “коопсуз жактарга чыгып кетүүгө” чакырган.

14:53 25.3.2023

Швеция, Норвегия, Финляндия жана Дания бириккен аскердик-аба күчтөрүн түзүү макулдашуусуна кол койду. Түндүк Европа өлкөлөрү 250 кыргын салуучу учактарды, абадан коргонуу жана чалгын системаларын чогуу иштете турган болушту.

Даниянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал-майор Ян Дам Reuters агенттигине билдиргендей, мындай чечим Орусиянын Украинадагы согушунун фонунда кабыл алынды.

Түндүк өлкөлөр Орусия тараптан болчу ыктымал коркунучка чогуу каршы турушат.

Макулдашууга Германиянын Рамштайн аскердик базасында кол коюлду. Ага НАТОнун Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал Жеймс Хекер да катышты.

Түндүк Европа өлкөлөрү саясий, экономикалык жана маданий байланышта болгону менен аскердик мамиледе ар кайсы статуста болгон. Дания 1949-жылдан бери НАТОдо мүчө, ал уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Финляндия менен Швеция буга чейин нейтралитет макамында келишкен. Орусия Украинага кеңири масштабда кол салган соң аталган өлкөлөр НАТОго кошулууга арыз беришкен. Норвегия НАТОго мүчө, бирок калган үч өлкө кирген Евробиримдикке кошулган эмес.

11:03 25.3.2023

Владимир Зеленский: Биз Украина үчүн жүздөгөн жылдарга созулган, биздин элдин ар бир мууну үчүн кармаштын чечүүчү этабында турабыз

Президент бул тууралуу 24-мартта Улуттук гвардиянын Киев институтун аяктаган офицерлердин бүтүрүүчү аземинде айтты.

"Улуттук гвардия биздин мамлекеттин эң маанилүү чечүүчү элементи болуп калды. Украинаны душман колуна бербеген негизги күч. 24-февралда башталган согуштун биринчи мүнөтүнөн баштап эле украиналыктар Донбасста чыныгы украиналык күчтү көргөздү. Украинаны сактап каларыбызга, украин элине тынчтык жана эркиндикти камсыздап берерибизге күмөн санабайм. Бул жыйынтыкты тезинен көрсөтүшүбүз керек. Биздин жеңишти алдыга жылдыруу керек", - деген Зеленскийдин сөзүн "Интерфакс-Украина" мисал келтирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG