Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Украина: Орусиянын чабуулунан бир нече киши каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:55 26.3.2023

Британ чалгыны Орусия "шахид" дрондорун көбөйткөнүн билдирди

Марттын башынан бери Орусия Украинанын аймагына Ирандан чыккан Shahed дрондору менен кеминде 71 жолу чабуул койгон болушу мүмкүндүгүн Британиянын Коргоо министрлиги чалгынга таянып билдирди. Чалгын Орусия ирандык "жанкечти" дрон менен запасын толуктады деп эсептейт.

01:48 26.3.2023

Шольц: Согуш узакка созулат

Германиянын канцлери Олаф Шольц ntv немис каналына берген интервьюсунда Украинадагы согуш жакында бүтөрүнө көзү жетпей турганын айтты. Ал Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Германия дагы Украинаны узак убакытка колдоого даяр болушу керектигине токтолду. Канцлердин пикиринде, согуштун бүтүшү орус бийлигинин Украинанын көпчүлүк аймагын аннексиялай албай турганына түшүнгөнүнө көз каранды. "Бирок Орусия президенти антип эсептебейт" дейт Шольц. Ал "Путиндин империялык кыялы үчүн Орусия жана анын жаштары кан менен кун төлөп жатканын, бул өтө аянычтуу экенин" белгиледи.

01:32 26.3.2023

Орусия өзөктүк куралын Беларуска жайгаштырат

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Беларуска жогорку тактыктагы өзөктүк куралын жайгаштыра турганын жарыялады. Аны менен интервьюну "Россия-24" каналы ишембиде көрсөттү.

Путиндин айтымында, 1-июлда Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоочу жайдын курулушу аяктайт. Мындан тышкары Орусия коңшусуна мындай куралды алып жүрүүчү "Искандер" комплексин берген.

Орусиянын президенти беларус лидери Александр Лукашенко бул куралды өз өлкөсүнө жайгаштырууну узак убакыттан бери суранып келгенин айтты.

Путиндин сөзүнө караганда Беларуска өзөктүк куралды жайгаштыруу чечими Британия Украинага курамында кемитилген ураны бар снаряддарды бере турганын билдиргенден кийин кабыл алынган. Мындай снаряддар ядролук курал болуп саналбайт, Орусия өзү да антип эсептебейт. Путин Орусиянын мындай жүз миңдеген снаряды бар экенин айткан.

Ага карабай Москва Британиянын мүдөөсүнө кескин реакция жасаган. Лондонду өзөктүк эскалацияны курчутууга айыптап, жооп чаралар болорун билдирген. Анткен менен Путиндин ушул эле интервьюсунан Беларуска ядролук комплекс жана учактар Британиянын билдирүүсүнө чейин эле берилгенин угууга болот, бул тууралуу мурдараак Лукашенко да айткан. Интервьюдан улам беларус жергесиндеги мындай курал сактоочу жай Лондондун чуулгандуу билдирүүсүнө чейин эле курула баштаганын да байкоого болот.

Путиндин айтымында, Орусия Беларуска өзөктүк куралды өткөрүп бербейт, болгону бул өлкөнүн аймагына жайгаштырат. Орус президенти АКШ деле өзөктүк куралдарын Европа өлкөлөрүнө жайгаштырып жатканын жүйө келтирди.

  • Жогорку тактикалык өзөктүк куралдын так аныктамасы жок, сөз кыймылы азыраак радиусту камтыган курал тууралуу болуп жатышы мүмкүн. "Искандер" ракеталарынын радиусу 500 км, Беларуска жайгашкан бул ракеталар атылчу болсо Польшанын бардык аймагына жана анын коңшуларына коркунуч келтириши мүмкүн.
18:03 25.3.2023

Владимир Зеленский расмий Бээжинден Си Цзинпин менен сүйлөшүү сунушун алган эмес. Украинанын президенти бул тууралуу жапониялык The Yomiuri Shimbun басылмасына берген интервьюда билдирди.

Зеленский "Бээжинге украин тарап сунуштаган он пункттан турган тынчык планы боюнча кызматташтыкты жана жогору деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү сунуштаганын" айтты.

Кытайдын 12 пункттан турган Орусия менен Украинанын ортосундагы ок атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүсүнө баруу сунушуна сын көз карашта экенин белгиледи. Ал биринчи орунда мамлекеттин бүтүндүгү жана суверенитетин урматтоо турушу керек деп эсептейт.

"Мен Кытайдан ортомчу болуу сунушун алган жокмун. Жолугушуу сунушу да түшкөн жок. Бирок мен дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай лидери Цзинпин менен сүйлөшүүнү кааларымды билдиргем", - деди Зеленский.

Си Цзинпин 20-22-мартта Орусияга мамлекеттик сапар менен келип кеткен. Ошол учурда аны менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин бейформал сүйлөшүүлөрү өткөн. 21-мартта Кытайдын жана орус бийлигинин өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG