Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:24 28.3.2023

18:24 28.3.2023

Эл аралык Кызыл Чырым комитети Украинанын курчоого алынган Бахмут шаарында жана анын айланасында 10 миңдей тургун коркунучтуу шартта жашап жатканын билдирди. Алардын көбү карылар жана майыптыгы бар кишилер.

Уюмдун жетекчилеринин бири Умар Хан Бахмуттун өзүндө бир нече миң адам сыртка чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтты.

Ал Женевадагы брифингде сүйлөгөндө адамдар өтө оор шартта жашоого аргасыз болуп, дээрлик дайыма жертөлөдө баш калкалап отурушканын белгиледи.

Хан өзү күбө болгон кыйроонун масштабына таң калганын кошумчалады.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн. Байкоочулар акыркы кездери орустар алдан тайып баратканын болжолдошууда. Согуш шартында "Азаттык" радиосу маалыматтарды көз карандысыз булактардан дароо тактай албайт.

Кармаштар Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерскиде да уланууда.

11:21 28.3.2023

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 28-мартка караган түнү өлкө аймагына абадан сокку уруу үчүн орусиялык армия 15 даана ирандык "Шахед-136-131" үлгүсүндөгү дрондорду колдонуп, алардын 14ү украин аскерлери тарабынан жок кылынганын билдирди.

"Украинанын бардык аймагында ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда", - деп айтылат расмий маалыматта.

Ошол эле маалда Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко Киевге жакын жерде 12 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 27-мартта кечинде 12 "Шахед", бир чалгындоочу учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн, орусиялыктар сокку урууда "Шахед 136/131" дрондору менен "Гранат-4" учкучсуз чалгындоочу системаны колдонгонун ырастады.

27-мартта саат 22:00 чамасында Киев, Чернигов, Сума, Днепропетровск, Запорожье жана Луганск облустарында абадан чабуул болушу м
үмкүн экени эскертилди. Кийинчерээк аба коркунучу Херсон, Житомир жана Кировоград облустарында да жарыяланды.

Украинанын Аскер-аба к
үчтөрүнүн командачылыгынын басма сөз катчысы Юрий Игнаттын айтымында, орусиялык аскерлер түндүктөн жана түштүк-чыгыштагы Брянск облусу, Азов деңизинин чыгыш жээгинен чабуулга өткөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко Телеграм каналына Орусия ирандык ("Шахид") дрондордон сокку ургандан кийин шаардын эки районунда жарылуулар болгонун жазды.

09:53 28.3.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө түштүктөгү Запорожье аймагындагы аскерлердин позицияларына барып кетти.

Бул тууралуу мамлекет башчынын кеңсеси билдирди. Маалыматка ылайык, Зеленский жоокерлер менен баарлашып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент фронттогу кырдаал, аскерлерди ок-дары, техника менен камсыздоо иштери жөнүндө маалымат алды.

Ал арада Донецк облусунун украин армиясынын көзөмөлүндөгү Славянск шаары аткылоого туш болгону кабарланды. Жергиликтүү бийлик орус аскерлери шаарга С-300 ракеталарын атканын билдирди. Бери дегенде бир кишинин мерт болгону, 25 кишинин жараат алып, кыйроолор катталганы маалымдалды.

Бахмуттун түштүк тарабындагы Дружковка шаарчасы да ракета соккусуна кабылган. Андан балдар үйү урап калганы, бирок жабыркагандар болбогону кабарланды.

Москва далилдерге карабай жарандык жайларды бутага албаганын айтып келет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG