Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:06 29.3.2023

Геолокация Красноярск крайындагы темир жолдо ИС-3 танкы турганын көрсөттү

Дүйшөмбү, 27-январда социалдык тармактарда советтик ИС-3 ("Иосиф Сталин-3") танкынын аты аталбаган темир жол станциясында турган сүрөтү тарады. "Свобода Радиосу" сүрөттү геолокация кылганда ал Красноярск крайындагы Боготол станциясы экени маалым болду. (координат) Сүрөт качан тартылганы белгисиз, кайсы бир версияда 2021-2022-жылдары тартылганы айтылууда. Поезд Украинаны карай жылууда деп айтууга болбойт, бирок Боготол буга чейин ушул жылы Примор крайындагы Арсеньев шаарынан Т-54/55 танкы ташылган темир жол бутагында жайгашкан. ИС-3 үлгүсүндөгү танктар 1943-1953-жылдары жасалган.

11:53 29.3.2023

Эң айыгышкан кармаш төрт багытта жүрүп жатат

Донбасста Бахмут, Авдеевка, Белогоровка жана Марьинка калктуу конуштарында жүрүп жатат. Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы кабарлады. Маалыматта украин аскерлери орусиялык күчтөрдүн 24 чабуулунун мизин кайтарганы айтылат.

Орусиялык күчтөр 28-мартта 11 авиациялык жана эки ракеталык сокку жасашты. Харьков облусундагы Богодухов шаарында ракеталык аткылоодон 73 жаштагы жергиликтүү тургун жабыркады.

Бахмутта кырдаал курч, көчө кармаштары жүрүп жатат. "Каршылаш тарап жеңишке жетүү үчүн эң мыкты бөлүктөрүн алып келди. Биздин максат - контрчабуулга өтүү үчүн көбүрөөк душманды жок кылуу", - деп жазды Украинанын жердеги аскерлеринин жетектеп жаткан генерал Александр Сырский.

18:24 28.3.2023

18:24 28.3.2023

Эл аралык Кызыл Чырым комитети Украинанын курчоого алынган Бахмут шаарында жана анын айланасында 10 миңдей тургун коркунучтуу шартта жашап жатканын билдирди. Алардын көбү карылар жана майыптыгы бар кишилер.

Уюмдун жетекчилеринин бири Умар Хан Бахмуттун өзүндө бир нече миң адам сыртка чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтты.

Ал Женевадагы брифингде сүйлөгөндө адамдар өтө оор шартта жашоого аргасыз болуп, дээрлик дайыма жертөлөдө баш калкалап отурушканын белгиледи.

Хан өзү күбө болгон кыйроонун масштабына таң калганын кошумчалады.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн. Байкоочулар акыркы кездери орустар алдан тайып баратканын болжолдошууда. Согуш шартында "Азаттык" радиосу маалыматтарды көз карандысыз булактардан дароо тактай албайт.

Кармаштар Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерскиде да уланууда.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG