- автор Санжар Эралиев
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барып, абал менен таанышты. Станцияны ушу тапта орус аскерлери ээлеп турат.
Маалыматка караганда, Гросси Киев менен Москваны станцияны коргоо жаатында макулдашууга чакырууда. Киев атомдук станциядан орустар толук чыгып кетишин талап кылып келет.
"Абал өтө кооптуу"
Европадагы эң ири атомдук электр станциясында шаршемби күнү МАГАТЭнин миссиясын орус аскерлери коштоп жүрдү. Бул Рафаэль Гроссинин Запорожьедеги заводду орус күчтөрү басып алгандан берки экинчи сапары. Ал станцияны коргоо боюнча Киев менен Москванын ортосундагы келишимге ортомчулук кылуу аракеттерин улантуу максатын көздөй турганын бул ирет да белгиледи.
"Буга чейинки менде болгон маалыматтарда айтылгандар согуштук аракеттердин күчөгөнү, ал жерге жеткенге чейин эле аскерлердин жайнап жүргөнү, кыйраган жана талкаланган жайлардан даана байкалат. Жаңжал уланып жаткандыктан ал аймакта абал өтө кооптуу деңгээлге жеткендей. Андыктан заводду коргоп калуу үчүн макулдашууга болгон күчүбүздү салуубуз зарыл деген менин оюмду бышыктады",- деди Гросси.
Станцияны кыдыруу учурунда Гросси мекемедеги абал тууралуу Орусиянын өкүлдөрүнүн ойлорун укту. "Росэнергоатом" ишканасынын башчысынын кеңешчиси Ренат Карчаа заводдун айланасы дубал менен курчалганын, коопсуздук корголуп жатканына ынандырууга аракеттенгени көрүнөт. Бирок "Вести" басылмасы ал МАГАТЭнин сунушу ишке ашпай калганын айтканын жазды:
"Гросси мырза жана МАГАТЭ демилитаризация менен байланыштуу жагдай ишке ашпай турганын түшүнүштү жана муну мындан ары талкуулоодон баш тартышты. Тема жабылды, күн тартибинен чыкты",- деген Карчаа.
Киевдин талабы
Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө Запорожьеде Гросси менен жолукканда атомдук станциядан жана ага чектеш аймактан орус аскерлери токтоосуз чыгарылмайынча, өзөктүк коркунуч жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча демилгелер ишке ашпай турганын белгиледи.
МАГАТЭ былтыр сентябрда өзөктүк кырсык болушу мүмкүн деген кооптонуу күчөгөндө Запорожье АЭСине байкоочуларын жайгаштырган. Аткылоолордон улам 25-августта АЭСтин тарыхында биринчи жолу бир аз убакытка электр энергиясы толук өчүрүлгөн болчу. Анда МАГАТЭ өзөктүк коопсуздук жана коргонуу зонасын түзүүнү сунуштап, согушкан тараптарды тез арада диалогго жана кеңешүүгө келүүгө чакырган.
Ушу тапта стратегиялык жай реакторлорду муздатып туруу үчүн гана зарыл болгон энергия менен камсыздалат.
Москва менен Киев өткөн жылы АЭС курулган жерди аткылаганы үчүн бири-бирин бир нече жолу айыпташкан.
Акыркы кездери орус күчтөрүнүн ракеталык соккуларынан Запорожье облусунда бир канча жайкын тургун каза болуп, турак жайлар кыйрады.
Европадагы эң ири АЭС - Запорожье облусунун Энергодар шаарында турат. Запорожье АЭСи былтыр орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, мартта Орусиянын карамагына өткөн. Анын тегерегиндеги абалга БУУ жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирген.
Орус ыктыярчылар корпусу 2-мартта Брянск облусуна барганы тууралуу видео жарыялады
2-мартта "Орус ыктыярларчылар корпусу" Брянск облусундагы чек арадагы айылдарга кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Орусиялык бийликтер бул кол салууда эки жай тургун каза болгонун билдирип, терактка байланыштуу иш козгогон. Украин бийликтеринин өкүлдөрү окуяны Орусиянын ички чыр-чатагы деп атады. "Орус ыктыярларчылар корпусу" - Орусиянын жарандарынан турат. Алар Путиндин бийлишине каршы.
Орусиялык күчтөр Бахмут районундагы чабуул койгон операциясын улантууда. Алар шаардын түштүк жана түштүк-чыгыш жагында алга жыла алганын Согушту изилдөө институтунун изилдөөчүлөрү билдирди.
Орусиянын Белгород шаарына ракета атылды
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Белгород районундагы Черемошное айылы аткылоого кабылганын билдирди.
"Алдын ала маалыматта жабыркагандар жок. Бир нече калктуу пунктта электр берүү үзгүлтүккө учурады. Авариялык жана ыкчам кызматтар жерине барып, ишти жөнгө салып, абоненттерди резервдеги булактарга туташтырууга аракет кылууда", - деди Вячеслав Гладков.
Орусиялык медиа бул атышуу үчүн жоопкерчиликти Украинага жүктөдү.