Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын таңкы билдирүүсүнө караганда, 31-мартка караган түнү абадан коргонуу күчтөрү орус аскерлери колдонгон 10 ирандык учкучсуз учактын тогузун атып түшүрдү.
Расмий маалыматта Харьковдун жарандык инфраструктурасы тогуз жолу С-300 ракетасы менен аткыланганы айтылат.
Бахмут согуштун очогу бойдон калууда. Украин аскерлери ал жерде акыркы бир суткада 22 жолу аткылоонун мизин кайтарган. Согушка чейин 70 миң калк байырлаган Бахмутта акыркы маалыматтарга ылайык 2 миңдей тургун калды, башкалар коопсуз жакка көчүп кетишти.
Донецк облусунун Орехово-Васильевка аймагында орустардын чабуулу ийгиликсиз болгону айтылат.
Запорожье шаары да түн ичинде аткылоого кабылганын, жарандык инфраструктурага зыян жеткенине шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев Telegram баракчасына жазды.
Акыркы сутка ичинде Украинанын Коргоо күчтөрүнүн учактары орус аскерлери топтолгон аймактарга сокку урду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-марттагы кечки видеокайрылуусунда Орусия басып кирген 400 күндөн бери Украина өзүн коргоонун "эбегейсиз жолун" басып өткөнүн айтты. Ал украин аскерлери Харьков облусунун райондорун, Херсон шаарын кайтарып алганын, Бахмутту, жалпысынан Донбассты коргоо улантылып жатканын билдирди.
Москва шаарынын Лефортово соту The Wall Street Journal гезитинин тыңчылыкка шектелген кабарчысы Эван Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери жазды. Америкалык журналистти 29-мартта Екатеринбург шаарында ФСБ кармаган.
ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.
30-мартта Орусияда алты жылдай иштеп жүргөн журналист “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн жеринен Екатеринбургда дайынсыз жоголгону белгилүү болгон.
Кремль журналист мыйзамсыз «иштин үстүнөн кармалганын» билдирди. Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова кабарчынын Екатеринбургдагы ишмердигинин "журналистикага байланышы болбогонун" айтты.
Басылманын редакциясы ФСБнын айыптоолорун четке кагып, кабарчысын дароо кое берүүнү талап кылды. Анын коопсуздугуна тынчсызданып жатканын кошумчалады. Адвокатына аны менен жолугушууга уруксат берилбегени кабарланды.
Кансыз согуш аяктагандан бери америкалык кабарчылар Орусияда темир тор артында кармала элек болчу. Бул окуя Кремль Украинага каршы баштаган согуш маалында Москва менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп жатканын айгинелейт.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «журналисттер бутага айланбашы керек» деп Твиттерге жазды.
Гершкович мурда Agence France-Presse, The Moscow Times жана The New York Times басылмаларында иштеген.
Орусияда тыңчылыкка айыпталгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Украинада майданда каза тапкан дагы бир тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. “Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, маркум орусиялык абакта отурган жеринен былтыр күздө согушка жалданган. Жунайдулло Махмадулло маңзаттарды мыйзамсыз ташыган деген айып менен кесилип, дагы төрт жыл жабык жайда отурмак. Жакындарынын айтымында, ага согушка жарым жылга барсаң, ырайым аласың деп убада кылышкан.
Сөөгү 26-мартта Рудаки районундагы айылында жерге берилгени бейшембиде кабарланды.
Маркумдун досу журналисттерге айтып бергендей, январда Жунайдулло жарадар болуп, талаа госпиталына жөнөтүлгөн, туугандарына ал украин аскерлери ошол госпиталга чабуул койгондо набыт болду деп кабарлашкан. Жунайдуллонун артында аялы менен эки жаш баласы калды.
Орусияда жазасын өтөп жатып, согушка жалданган жана ал жакта каза тапкан тажикстандыктардын так саны белгисиз. «Озоди» радиосуна 20 чакты учур тууралуу белгилүү болгон.
23-мартта Орусиянын түрмөсүндө жатып, согуштук аракеттерге тартылган 48 жаштагы Ислом Саидмуродовдун сөөгү жерге берилген. Маркумдун жакындарынын айтымында, Ислом 2005-жылы Орусияда мыйзамсыз маңзат сатууга айыпталып кармалган.
Тажик бийлиги жарандарын Украинадагы согушутук аракеттерге катышуудан карманууга чакырган.
Орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин "Вагнер" менчик компаниясы абакка кесилгендерди жалдап, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында орус абактарында отурган кыргыз, өзбек жана тажик жарандары да бар.
Абактан согушка тартылып, өлгөндөрдүн алтоо кыргызстандык экени аныкталган.
- автор Санжар Эралиев
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барып, абал менен таанышты. Станцияны ушу тапта орус аскерлери ээлеп турат.
Маалыматка караганда, Гросси Киев менен Москваны станцияны коргоо жаатында макулдашууга чакырууда. Киев атомдук станциядан орустар толук чыгып кетишин талап кылып келет.
"Абал өтө кооптуу"
Европадагы эң ири атомдук электр станциясында шаршемби күнү МАГАТЭнин миссиясын орус аскерлери коштоп жүрдү. Бул Рафаэль Гроссинин Запорожьедеги заводду орус күчтөрү басып алгандан берки экинчи сапары. Ал станцияны коргоо боюнча Киев менен Москванын ортосундагы келишимге ортомчулук кылуу аракеттерин улантуу максатын көздөй турганын бул ирет да белгиледи.
"Буга чейинки менде болгон маалыматтарда айтылгандар согуштук аракеттердин күчөгөнү, ал жерге жеткенге чейин эле аскерлердин жайнап жүргөнү, кыйраган жана талкаланган жайлардан даана байкалат. Жаңжал уланып жаткандыктан ал аймакта абал өтө кооптуу деңгээлге жеткендей. Андыктан заводду коргоп калуу үчүн макулдашууга болгон күчүбүздү салуубуз зарыл деген менин оюмду бышыктады",- деди Гросси.
Станцияны кыдыруу учурунда Гросси мекемедеги абал тууралуу Орусиянын өкүлдөрүнүн ойлорун укту. "Росэнергоатом" ишканасынын башчысынын кеңешчиси Ренат Карчаа заводдун айланасы дубал менен курчалганын, коопсуздук корголуп жатканына ынандырууга аракеттенгени көрүнөт. Бирок "Вести" басылмасы ал МАГАТЭнин сунушу ишке ашпай калганын айтканын жазды:
"Гросси мырза жана МАГАТЭ демилитаризация менен байланыштуу жагдай ишке ашпай турганын түшүнүштү жана муну мындан ары талкуулоодон баш тартышты. Тема жабылды, күн тартибинен чыкты",- деген Карчаа.
Киевдин талабы
Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө Запорожьеде Гросси менен жолукканда атомдук станциядан жана ага чектеш аймактан орус аскерлери токтоосуз чыгарылмайынча, өзөктүк коркунуч жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча демилгелер ишке ашпай турганын белгиледи.
МАГАТЭ былтыр сентябрда өзөктүк кырсык болушу мүмкүн деген кооптонуу күчөгөндө Запорожье АЭСине байкоочуларын жайгаштырган. Аткылоолордон улам 25-августта АЭСтин тарыхында биринчи жолу бир аз убакытка электр энергиясы толук өчүрүлгөн болчу. Анда МАГАТЭ өзөктүк коопсуздук жана коргонуу зонасын түзүүнү сунуштап, согушкан тараптарды тез арада диалогго жана кеңешүүгө келүүгө чакырган.
Ушу тапта стратегиялык жай реакторлорду муздатып туруу үчүн гана зарыл болгон энергия менен камсыздалат.
Москва менен Киев өткөн жылы АЭС курулган жерди аткылаганы үчүн бири-бирин бир нече жолу айыпташкан.
Акыркы кездери орус күчтөрүнүн ракеталык соккуларынан Запорожье облусунда бир канча жайкын тургун каза болуп, турак жайлар кыйрады.
Европадагы эң ири АЭС - Запорожье облусунун Энергодар шаарында турат. Запорожье АЭСи былтыр орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, мартта Орусиянын карамагына өткөн. Анын тегерегиндеги абалга БУУ жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирген.