Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Орусия Сумыга авиабомба таштап, беш киши каза болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




00:17 2.4.2023

Бахмут, Авдеевка, Марьинка

Жогорудагы үч шаарда ушу тапта катуу кармаш болуп жатканын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматта орусиялык аскерлер Бахмутту курчоого алганын токтото элек, бирок украин армиясы шаарды колдон чыгарбай кармап турат. Мындан тышкары Орусиянын Авдеевка жана Марьинка багыттарындагы чабуулдары ийгиликсиз болгону кабарланууда.

Украинанын жана Батыштын Бахмуттагы кырдаалга көз салган аккаунттарында орусиялык "Вагнер" компаниясынын жоочуларынын тактикасы өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдор жазыла баштады. Андагы маалыматтарда "вагнерчилер" Бахмутту мурдагыдай курчоого албай, борбордук бөлүгүн карай жылууга аракет кылууда.

14:28 1.4.2023

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Бучанын орус күчтөрүнөн бошотулушуна байланыштуу билдирүү жасады.

"Орусиялык күчтөрдүн Бучада жасаган кылмышынан туура бир жыл өттү. Тирукмуш окуяларды унута албайм. Евробиримдик Украинага кылмышты иликтөөгө жана далил чогултууга жардам берет. Жазасыз калгандар болбойт", - деп жазды Боррель Твиттерге.

13:53 1.4.2023
  • 31-мартта Киев облусундагы Буча шаарын орусиялык армиядан бошотууга бир жыл толду. Көптөгөн күбөлөрдүн айтымында орусиялык күчтөр шаарда массалык киши өлтүрүүгө барган.
  • Молдова президенти жана Словакия, Словения, Хорватиянын премьерлери Бучага барып, Украинага колдоосун билдиришти.

13:30 1.4.2023

Эл аралык валюта фондунун директорлор кеңеши жума күнү, 31-мартта Украинага төрт жолку транш менен 15,6 миллиард доллар берүүнү колдоду. Reuters агенттиги бул каражат жалпы суммасы 115 миллиард долларды түзгөн эл аралык жардамдын бир бөлүгү экенин билдирди.

Аталган фонддун биринчи траншы, тактап айтканда 2,7 миллиард доллары жакынкы убакта берилет жана каражат Украинанын чукул керектөөлөрүнө жумшалат.

Бул Эл аралык влюта корунун согушуп жаткан өлкөгө көрсөткөн биринчи жардамы болуп калды.

Украинанын финансы министри Сергей Марченко уюмга ыраазычылык билдирди жана бөлүнгөн каражат өлкө эконмикасын, каржы системасын бекемдөөгө салым кошорун айтты.

"Биз фонддун директорлор кеңешине бул чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз. Учурда Украина Эл аралык валюта фонду жана өнөктөш өлкөлөр менен кызматташуунун жаңы этабында турат",-деди Марченко.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG