Украина президенти Владимир Зеленский 1-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда ЕККУ атайын иш алып барып жатканын, анын жыйынтыгында Орусия украиналык балдарды күч менен депортациялаганы үчүн жооптуу болорун жарыялады.
Бахмут, Авдеевка, Марьинка
Жогорудагы үч шаарда ушу тапта катуу кармаш болуп жатканын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматта орусиялык аскерлер Бахмутту курчоого алганын токтото элек, бирок украин армиясы шаарды колдон чыгарбай кармап турат. Мындан тышкары Орусиянын Авдеевка жана Марьинка багыттарындагы чабуулдары ийгиликсиз болгону кабарланууда.
Украинанын жана Батыштын Бахмуттагы кырдаалга көз салган аккаунттарында орусиялык "Вагнер" компаниясынын жоочуларынын тактикасы өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдор жазыла баштады. Андагы маалыматтарда "вагнерчилер" Бахмутту мурдагыдай курчоого албай, борбордук бөлүгүн карай жылууга аракет кылууда.
Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Бучанын орус күчтөрүнөн бошотулушуна байланыштуу билдирүү жасады.
"Орусиялык күчтөрдүн Бучада жасаган кылмышынан туура бир жыл өттү. Тирукмуш окуяларды унута албайм. Евробиримдик Украинага кылмышты иликтөөгө жана далил чогултууга жардам берет. Жазасыз калгандар болбойт", - деп жазды Боррель Твиттерге.
- 31-мартта Киев облусундагы Буча шаарын орусиялык армиядан бошотууга бир жыл толду. Көптөгөн күбөлөрдүн айтымында орусиялык күчтөр шаарда массалык киши өлтүрүүгө барган.
- Молдова президенти жана Словакия, Словения, Хорватиянын премьерлери Бучага барып, Украинага колдоосун билдиришти.