Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жекшембиде жардыруу болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазды.
ТАСС агенттиги шаардын чукул кызматтарына шилтеме менен маалымдагандай, "Стрит-бар" деген кафеде жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн жабдык иштетилгенде бир киши каза тапты, 16сы жабыркады.
“Фонтанка” сайты өз булактарына таянып, жардыруудан аскердик кабарчы Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткенин билдирди. Кийин бул маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы бышыктады.
ТАСС билдиргендей, тартип коргоо органдары Татарский бутага алынганын белгиледи. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жаткан. Колго жасалган жардыруучу жабдык ага тартууланган айкелченин ичине катылган.
Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.
Орусиялык медиа кечеге 100 чакты киши катышып жатканы маалымдалды.
Социалдык тармактардын колдонуучулары дем алыштарда "Стрит-барга" "Кибер Z фронт" деген талкуу клубу чогулуп турарын жазышты.
Ал эми “Фонтанка SPB Online” Телеграм-каналы билдиргендей, ал кафе мурда бизнесмен Евгений Пригожинге таандык болчу.
Пригожин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү.
Донецк облусундагы Константиновка шаарында ракета соккусунан алты киши набыт болгонун украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак билдирди.
«16 көп кабаттуу турак жай, 8 жер там, бала бакча, салык инспекциясынын имараты, газ тутүктөрү, 3 машина зыян тартты», - деп жазды Телеграм-каналына Ермак. Анын айтымында, орус армиясы шаарга С-300 зениттик-ракета системасынан жана «Ураган» системасынан сокку урган.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-апрелдеги бюллетенинде орус армиясы мурдагыдай эле Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында чабуул коюп келатканын билдирди. Штабдын маалыматына караганда, аскерлер акыркы 24 саатта ал жактарда 70 чабуулдун мизин кайтарышты.
Каршы тарап Бахмутту алуу аркеттерин улантып, шаардын борбордук бөлүгүндө кармаштар жүрүп жатканы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү Донецк, Луганск жана Запорожье облустарындагы согуштук аракеттер тууралуу маалымдап, Константиновкага чабуулду комментарийлеген жок. Москва жарандык жайларды бутага албаганын айтып келет.
Херсон облусунда орус аскерлеринин соккуларынан бир карапайым киши мерт кеткенин, экөө жарадар болгонун аймактын администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, алты жолу калк жашаган кварталдар аткыланды.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов «Крымды бошотууга карай 12 кадам» деген программаны жарыялады. Документте жарым аралды Киевдин көзөмөлүнө кайтаруу чаралары каралган. Атап айтканда, Крымды Орусия менен байланыштырган көпүрөнү толук алуу, 2014-жылдан кийин жайгашкан орус жарандарын чыгаруу, Севастополдун аталышын алмаштыруу тууралуу кеп болот.
Даниловдун айтымында, шаарга жаңы аталыш керек, анткени Севастополь «орусиялык идеологияда, уламыш ойлоп табууда жана тарыхты кайра жазып чыгууда роль ойнойт».
«Украинанын Жогорку Радасы балким жаңы аталышка байланыштуу чечим кабыл алат. Балким, Ахтиар болуп калат», - деп белгиледи Данилов. Кара деңиздеги калаа ошентип бир нече кылым мурун аталчу.
Катчы сөз болгон программаны Коопсуздук жана коргоо кеңешинин аппараты даярдап чыкканын, ага кеңири чөйрөдөгү эксперттер тартылганын билдирди.
Аннексияланган Севастополдун орусиялык губернатору Михаил Развозжаев украиналык саясатчылардын билдирүүлөрүнө "олуттуу мамиле кылбай эле койсо болорун" ТАСС агенттигине айтты.
Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Былтыр орус президенти Владимир Путин кошуна өлкөнүн Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын да ушундай жол менен кошуп алуу ниетин жарыялаган.
Киев жана Батыш аннексияны эч кандай шартта тааныбасын алдын ала эскертишкен. Украина Орусия ээлеп алган аймактарын куралдуу күрөш менен кайтарып аларын билдирген.
Орус армиясынын 2-апрелде Украинанын Донецк шаарына жасаган чабуулунан бери дегенде үч адам мерт болуп, дагы алты киши жараат алды. Көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар жабыркады. Бул тууралуу Донецк облусунун башчысы Павел Кириленко билдирди.
“Орусиялыктар 2-апрелде эртең менен шаардын борбордук көчөлөрүн аткылады. Көптөгөн көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар жабыркады. Учурда жараат алган жарандарга жардам көрсөтүлүп, жеринде куткаруучулар жана полиция иштеп жатат”,- деп билдирди Кириленко.
Украин президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Андрей Ермактын ырасташынча, Константиновка кассеталык ок-дарысы бар реактивдүү система менен аткыланды. Мунун алдында Орусия оккупациялап алган Мелитопол шаарында локомативдик депо аткылоого кабылганы тууралуу маалыматтар чыккан. Шаар мэри Иван Федеров үчүнчү апта катары менен бул жайда жардыруу катталганын кабарлаган.
Муну менен катар “Биз Орусия менен биргебиз” деп аталган кыймылдын башчысы Владимир Рогов украин армиясы Мелитополду HIMARS ракеталык системасы менен жети жолу атканын, алты ракета атып түшүрүлгөнүн билдирген. Анын ырасташынча локомотив депосунун жанындагы көп кабаттуу бир үй жабыркады.
Бул шаарга орус тарап дайындаган администрациянын маалыматына караганда, аткылоодон бир аял жараат алды.
Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.