Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18
Орусиянын 11-июлга караган түнү урган соккусунан уранды астында калгандарды куткаруу иши. Украина.
Орусиянын 11-июлга караган түнү урган соккусунан уранды астында калгандарды куткаруу иши. Украина.

Түз ободо Орусия Украинага 120 дрон, 12 ракета учурду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:46 4.4.2023

БУУ Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 501 украиналык бала чарчап калганын ырастады.

Уюмдун балдар фондунун – ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел билдиргендей, бул – тактоого мүмкүн болгон гана статистика. Ал миңдей украиналык жеткинчек жараат алганын кошумчалап, "Согушта алган көзгө көрүнбөгөн жарааттардан адам өмүр аягына чейин жабыркашы мүмкүн", - деп айтты Рассел.

ЮНИСЕФтин жетекчиси ар бир бала тынч жашоодо чоңоюуга татыктуу экенин белгиледи.

Ал эми украин башкы прокурорунун кеңсеси быйылкы жылдын 3-апрелине карай орусиялык баскынчылыктан 467 бала набыт болгонун, 994ү түрдүү жараат алганын билдирди.

"Бул сандар так эмес. Согуш аракеттери жүрүп жаткан, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактарда маалыматты тактоо иши уланууда", - деп кошумчалады прокуратура.

Андай учурлардын бири өткөн жума күнү, 31-мартта Донецк облусунун Авдеевка шаарында болгон. Орус аскерлеринин артиллериялык аткылоосунан беш айлык ымыркай чоң энеси менен кошо мерт болгон.

Андан тышкары Киев каршы тараптын аскерлери ээлеп алган облустардан украин жеткинчектерин Орусияга алып кетип жатышканын айтып, алардын тизмесин берүүнү талап кылууда.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоо тууралуу ордер чыгарган. Аларга украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыгарганына байланыштуу айып коюлган.

Москва айыптарды четке кагып, Тергөө комитети Эл аралык кылмыш сотунун прокурорлоруна кылмыш ишин козгоду.

12:03 4.4.2023

Одессанын администрациясы 4-апрелге караган түнү аймакка орус армиясы учкучсуз учактардын жардамы менен сокку урганын билдирди.

"Абадан коргонуу күчтөрүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча атып түшүрүүлөр бар", - деп билдирди облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Крук Фейсбук баракчасына.

Мурдараак украин ЖМКлары Одессада бир нече жарылуу болгонун кабарлашкан. Жарылуу тууралуу маалыматтан кийин аймакта аба коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланган.

Учкучсуз учактардын соккусунан кийинки кесепеттер тууралуу маалымат айтыла элек.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү шейшембиге караган түнү орус армиясы Ирандын "Шахед-136" жана "Шахед-131" учкучсуз учактарын колдонуу менен Украинага түштүк багыты боюнча чабуул жасаганын билдирди.

"Жалпы жонунан Азов деңизинин чыгыш жээгинин аймагынан 17ге чейин учкучсуз учактар учурулган", - деп айтылат маалыматта. Украин армиясынын маалыматына караганда, Ирандын 14 дрону жок кылынды.

12:03 4.4.2023

Брянск облусунда белгисиз учкучсуз учак аскер комиссариатына сокку урду

Бул тууралуу "Дождь" телеканалы облустун губернатору Александр Богомаздын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Чабуулдан улам Брянск облусундагы Сев районундагы аскер комиссариаты талкаланды. Богомаздын айтымында, жабыр тарткандар жок.

11:48 4.4.2023

Туткундарды алмашуу

Украинага орусиялык туткундан 10 аскер адамы жана эки жай тургун кайтып келди. Алардын арасында оор жараат алган беш адам бар. Канча орусиялык аскерлер алмашылганы тууралуу маалымат жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG